1 АЙДА МИГРАНТТАР КЫРГЫЗСТАНГА 145 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КОТОРУШТУ
2023-жылдын июль айында мигранттар Кыргызстанга 145,9 миллион доллар которушту. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, бул сумма 2022-жылдын июль айындагы көрсөткүчкө караганда 124,7 миллион долларга же 1,8 эсе аз. Быйылкы жылдын июлунда Орусиядан 132,2 миллион доллар, АКШдан 4,5 миллион доллар которушкан. Башка өлкөлөрдөн которулган акчанын суммасы 6 миллион долларды түздү. Ал эми жалпы январь-июль айларында Кыргызстанга мигранттар 1 миллиард 107 миллион доллар жөнөтүшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндегиге караганда 31,5 пайызга аз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.