СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Азия оюндарына баруучу волейбол боюнча кыргыз курамасы аныкталды

Кытайда өтүүчү Азия оюндарына карата Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын курамы аныкталды. Оюндар 23-сентябрда башталары маалымдалган.

Волейбол боюнча кыргыз курамасынын курамы:

Кутман Абсатаров, Жамалидин Мусаев, Медетбек Эргеш уулу

Блок коюучулар: Нурислам Медетбек уулу, Роман Шилов, Баястан Жыргалбек уулу

Чабуулчулар: Нурмухаммед Токтоев, Темир Муса уулу, Өмүрбек Жунусов, Жантемир Жээнбек уулу

Диоганаль: Оңол Каныбек уулу (капитан), Дамир Газинур уулу

Кыргыз курамасы тайпалык беттеште Казакстан жана Кытай менен беттешет. Ар бир тайпадан экиден команда плей-оффко чыгат.

Орусиянын балбандары Дүйнө чемпиондугуна нейтралдуу болуп катышмай болду

Эркин күрөш боюнча Орусиянын улуттук курама командасы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна нейтралдуу статусу менен катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) билдирди.

Нейтралдуу статусу менен Дүйнө чемпиондугуна катыша тургандардын арасында үч Олимпиада чемпиону бар.

Көз карандысыз нейтралдуу спортчулардын командасынын тизмеси:

Завур Угуев 57 килограмм

Абасгаджи Магомедов 61 килограмм

Шамиль Мамедов 65 килограмм

Евгений Жербаев 70 килограмм

Заурбек Сидаков 74 килограмм

Ахмед Усманов 79 килограмм

Арслан Багаев 86 килограмм

Магомед Курбанов 92 килограмм

Абдулрашид Садулаев 97 килограмм

Абдулла Курбанов 125 килограмм

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан