КУЛПУНАЙ КУЛПУРГАНДА

Айымдар менюга өзгөчөлүк, жаңычылдык киргизгенге, күткөн коногун, жакындарын жасаган даамдары менен тамшантканга, таң калтырганга аракет кылышат. Кайсы азыкка кайсыны кошсо жакшы айкалышат деп ойлоно жүргөн кожойкелерге кулпунайдан салат, закускелердин рецебин сунуштайбыз.

Кулпунайдан роллдор

Керектелүүчү азыктар:

Куймак үчүн:

Жумуртка – 1 даана

Ун – 70 грамм

Сүт – 170 миллилитр

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Туз, сода – 2-3 чымчымдан

Толтурма үчүн:

Кулпунай – 100 грамм

Быштактуу сыр – 80 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Куймакка керектүү азыктардын баарын бир идишке салып чалабыз. 10 мүнөт күтө туруп, куймак бышыруучу көмөчкө камырдан жука куюп, эки тарабынан кызартып куймактарды бышырып алабыз.

2. Муздаган соң куймактарды туурасын 2-3 сантиметр кылып узун кесимдерди даярдайбыз. Кесимдерге алгач быштактуу сырдан салып, жанына 2-3 кө бөлүнгөн бир кулпунайды салып оройбуз. Тарелкаларга туурасынан коюп тизип, өзгөчө даам менен столдун көркүн ача берсеңиз болот.

Кулпунай тоок эти менен

Керектелүүчү азыктар
(2 порция үчүн):

Тоок эти – 250 грамм

Кулпунай – 150 грамм

Соя соусу – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Рукола – 1 боо

Аралаштыруу үчүн:

Зайтун майы – 2 аш кашык

Апельсин ширеси – 2 аш кашык

Горчица даны – 1 чай кашык

Бал – 1 чай кашык

Калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин жука тилимдерге бөлүп алабыз. Соя соусу менен өсүмдүк майын аралаштырып, үстүнө тоок этин салып 20 мүнөт маринаддайбыз.

2. Аралаштыруу үчүн соуска керектүү азыктарды бир идишке бириктирип, жакшы чалып коюу керек.

3. Ысып турган көмөч казандын же гриль көмөч казандын бетин май менен майлап, тоок эттерин эки тарабынан кызартып бышырабыз.

4. Кылдат жуулган кулпунайды мурутунан тазалап, тең экиге бөлөбүз. Тарелкаларга жуулуп-кургатылган руколаны бөлүп салып, үстүнө кулпунай кесимдерин, андан соң тоок этин жайгаштырып, соустан тегиз жаба куябыз. Салатыбыз даяр!

Кулпунайлуу себеттер

Керектелүүчү азыктар:

Катуу сыр сорту – 150 грамм

Кулпунай – 100 грамм

Шпинат – 1 боо

Бадыраң – 1 дана

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Бадам – 50 грамм

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сырды сүргүчтүн майда көзүнөн өткөрүп алабыз. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, ага бир нече тегерек формада сырды жука жайып чыгабыз. Электр мешин 180 градуска чейин ысытып салып сыр эрип, кичине кызара түшкөнчө күтөбүз. Сырды көмөч казанда да эритип алсаңыз болот. Ылайыктуу стакандарды көмөрүп, ысык сыр жайымдарын коюп, формага келтиребиз. Муздаганда стакандардан чыгарып алабыз. Сыр себеттери даяр.

2. Шпинатты 2-3кө бөлүп, бадыраңды ичке жарым тегерек туурайбыз. Буларга бир аз туз себелеп, өсүмдүк майын куюп аралаштырабыз. Себеттерге бөлүп салып, аягында кулпунайды 2-4кө бөлүп кошуп коюу керек. Сыр, шпинат, кулпунай менен бадыраңдын айкалышы өзгөчө даам, көрк берет.

Кулпунай авокадо менен

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Кулпунай – 100 грамм

Авокадо – 1 даана

Жаңгак же данек түрү – 20 грамм

Кызыл пияз – жарым баш

Зайтун майы – 3 аш кашык

Лимон – 1 даана

Шпинат же рукола – 1 боо

Уксус (9%) – 2 чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Пиязды аарчып, жарым шакекче туурайбыз. Аны маринаддоо үчүн уксусту, туз кошуп үстүн көмө суу куябыз. 10 мүнөт коё туруу керек.

2. Лимондун жарымынын ширесин сыгып, ага зайтун майын кошобуз.

3. Калган азыктарды аарчып, бадыраң менен авокадону жука туурайбыз. Экиге бөлүнгөн кулпунайды, пияз, шпинатты бир идишке бириктирип, үстүнө лимон-май аралашмасын куюп аралаштырабыз. Тарелкаларга салып, үстүнө мак, күнжүт, семичке, ашкабак семичкесинин бирин, же жаңгак түрүнөн, фета сырынан майдалап себелеп коюңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан