ТАМАКТАН АЛГАН ЭНЕРГИЯНЫ ТОЛУК КОРОТСОҢУЗ СЕМИРБЕЙСИЗ

Айрымдар такай бир калыпта жүрүшсө, айрымдар атайын аракет кылышса да болбой толуп кетишет. Себеби эмнеде? Себеби организмдеги зат алмашууда. Кыймыл жана туура тамактануу зат алмашуунун туура жүрүшүнө жол ачса, калориялуу тамактар ага тоскоолдук кылат. Арыктап же толуп кетүүгө түздөн-түз салымы бар процесс тууралуу сөз кылабыз.

Зат алмашуусуз организм жашай албайт

Метаболизм грек сөзү, бизче “айлануу”, “өзгөрүү” дегенди билдирет. Медицинада муну жөнөкөйлөтүп организмдеги зат алмашуу деп түшүндүрөт. Зат алмашуу – организмдин өсүүсүнө жана түзүлүшүн сактоосуна, сырткы чөйрөгө ылайыкташып көнүүсүнө, жаракат алган жердин бүтүүсүнө, клеткалардын көбөйүшүнө шарт түзүп берет. Жалпылап айтканда, зат алмашуу ар бир тирүү организмде жашоону камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз жүрүп туруучу химиялык процесс.

Адамдардын ичип-жегенин организм иштеп чыгып, кайра өзүнө керектейт. Мисалы, тамак-аштардагы витаминдер, микроэлементтер (кальций, калий, фтор, фосфор, натрий жана башка), суу кайра эле организмдин иштеши үчүн керек болот. Тамак-аштан энергия бөлүнүп чыгып, ал дем алуу, ойлонуу, көрүү, иш кылуу, спорт менен машыгуу, органдардын иштеши, дене табын бир калыпта сактап туруу жана башкаларга керектелет. Биз эс алып отурганда деле дем алабыз, жүрөгүбүз согот, бөйрөк, боор башка органдарыбыз иштейт. Айтор, зат алмашуусуз тирүү организм жашай албайт.

Семирүү – зат алмашуунун начардыгы

Айрым адамдарда зат алмашуу тез жүрсө, кээ бирлерде жай жүрөт. Мунун бир себеби – гендик өзгөчөлүк. Эгер организмде зат алмашуу калыптагыдай жүрсө, бардык органдар менен системдер жакшы иштеп, денеде май топтолбойт. Ал эми семирүү - зат алмашуунун начардыгы, бузулгандыгы. Метаболизмдин 2 категориясы бар: катаболизм жана анаболизм.

Катаболизм. Бул процесстин жүрүшүндө тамак-аштагы татаал органикалык заттар (амин кычкылдары, көмүртек, липиддер, башкача айтканда майлар жана нуклеин кычкылдары) жөнөкөй заттарга бөлүнүп, ажырайт. Бөлүнүп ажыроо учурунда организмге керектүү энергияны бөлүп чыгарышат. Эгер биз тамак-аштан канча бир өлчөмдө энергия алсак жана аны организмдин жаңы клеткаларын жаратуу жана кыймыл-аракет үчүн калтырбай сарптасак, анда биз семирбейбиз. Эгер биз калориялуу тамак жеп, аз энергия коротсок, анда эмне болот? Анда коробой калган энергиянын кайсы бир бөлүгү булчуңдарда жана боордо гликоген (татаал көмүртек) түрүндө сакталат. Калгандары май клеткаларында чогулат. Ошентип семирүү, анын арты менен түрдүү оорулар жарала баштайт. Биз тандаган жана жеген тамак-аштын сапаты да метаболизмге таасирин тийгизет. Эгер адам дамамат фаст-фуддарды, майлуу, таттуу тамак-ашты жеп жүргөн болсо, семирүү тобокелдиги турган иш.

Анаболизм. Бул процесттин жүрүшүндө организмде жаңы ткандардын жана клеткалардын жаралышы үчүн керек болгон белок, нуклеин кычкылы, липиддер жана гормондор синтезделет, жаралат. Процесс энергияны коротуу менен жүрөт. Анткени энергия организмге жаңы ткандар менен клеткаларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет.


Активдүү адамдарда зат алмашуу жакшы жүрөт

Негизги жана базалык метаболизм. Мындан биздин органдардын иштөөсү көз каранды. Бул бизге билине бербеген метаболизм.

Анткени дем алганыбыз, сүйлөгөнүбүз, кан тамырларда каныбыздын жүгүргөнү бизге сезиле бербейт эмеспи. Ар орган ар кандай өлчөмдөгү энергияга муктаж. Мисалы, мээге бардык энергиянын 25 пайызы керектелет. Биздин милдет – органдар өз милдеттерин аткаруусу үчүн керектүү калория менен жабдуу (тамак-аш аркылуу).

Тамак-ашты сиңирүү метаболизми. Мунун милдети – тамак-ашты аш кылуу жана сиңирүү. Процессте энергияны коротуу сиздин жеген тамак-аштан көз каранды. Мисалы, жеңил тамак-аштар бат сиңсе, калориялуу тамак-ашты сиңирүүгө көп энергия, көп убакыт кетет. Жогоруда аталган 2 метаболизмге күн сайын энергиянын 80 пайызы жумшалат.

Активдүү метаболизм. Организм короткон калориянын өлчөмү адамдын жашоо образынан, психологиялык өзгөчөлүгүнөн да көз каранды. Активдүү, шашма адамдар көп калория коротот. Андыктан аларда метаболизм да активдүү. Жай жүргөн, көп кыймылдабаган адамдарда, анын ичинде кеңсе кызматкерлеринде метаболизм начар.

Метаболизмге таасир этүүчү факторлор

Калкан сымал безде оору жок болсо, зат алмашуу жакшы жүрөт

Тамакка табитти көзөмөлдөө. Тамакты ашыкча жебеңиз. Арыктайм деген адамдар ашыкча килограммдан арылуу үчүн машыгуучу залга баргандан тышкары диетолог менен кеңешип, ал сунуштаган диетаны кармоолору зарыл

Жаш курак. Ар 10 жыл сайын адамдын организминде зат алмашуу 10 пайызга чейин төмөндөйт. Андыктан жаштарга караганда улууларда зат алмашуу жай жүрөт. Ушул себептүү тамак-ашты улуулар аз-аздан бөлүп жеп, калориялуу тамактарды аз колдонушканы туура.

Метаболизм чымыр денелүү, булчуңдары чыккан адамда бат жүрсө, семиз адамдарда жай жүрөт. Анткени булчуңдар иштөө үчүн энергияга муктаж.

Жынысы. Эркектерде аялдарга караганда зат алмашуу бат жүрөт. Анткени булчуң ткандары аялдарга салыштырмалуу көп.

Метаболизмди тездетүү ыкмалары

Зат алмашууну түрдүү куракта тездетсе болот. Ал үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

Суу ичүү. Суу зат алмашууну тездетүүгө жардам берет. Адам бир күндө 1,5 литрден кем эмес суу ичүүсү зарыл.

Белок. Рационго белок кошулса, зат алмашууну күчөтөт. Анткени аны сиңирүү үчүн организм башка тамак-ашка караганда 2 эсе көп энергия коротот. Белоктуу азыктарга эт, балык, бадам, грек жаңгагы, сүт жана башкалар кирет.

Эртең мененки тамак. Эртең менен тамактанбаган адам зат алмашуусун тездете албайт, анткени ал метаболизмдин жүрүшүнө түрткү берет.

Тамакты аз-аздан жеп-ичүү. Тамакты 1 күндө 5-6 ирет аз-аздан жегенге көнүү керек.

Цитрус, алма. Зат алмашууну жакшыртуучу азыктарга цитрустар, имбирь, көк чай, кофе (1 күндө 150 граммдан көп эмес), брокколи, алма, шпинат, жер-жемиштер, сулу кирет. Андыктан буларды көп колдонуу зарыл.

Балык, зыгыр майы. Күнүмдүк рационго курамында омега-3 май кычкылы бар балыктарды, мисалы, скумбрия, сельд, лососту жана зыгыр майын кошуңуз.

Уйку. Күнүгө 8 сааттан аз эмес уктоо керек. Аз уктаганда зат алмашуу процесси жайлайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан