ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-сентябрдан 1-октябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Акча кандай бат табылса, ошондой бат короп, үй-бүлөдө каржы маселеси жаралат. Буга байланыштуу күтүлбөгөн чечимдер болушу мүмкүн. Азгырган же алдаган адамдар болот, бардык нерсеге маани берип, көңүл буруу талап кылынат. Ден соолугуңузга жана жакындарыңызга кам көрүңүз. Алыс жолго сапар алуу сунушталбайт. Эс алуу күндөрүн өзүңүз менен өзүңүз болуп, ойлорду, пландарды иретке салып өткөрүңүз.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Аптанын башында сүйүү мамилесине басым жасайсыз. Бойдоктор жаңы таанышууларга көңүл бурса, түгөйлүүлөр романтикалык жолугушуу уюштурушат. Жакын адамыңыз сиздин колдооңузга муктаж болот. Жумушта, үйдө талаш-тартыш жаралышы мүмкүн, башкаларды да уга билип, абалды көзөмөлгө алыңыз. Байланыштарды чыңдайсыз. Эс алуу күндөрү той-кечелердин кучагында болушуңуз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Документ иштерин бүтүрүүдө ката кетирүүдөн абайлаңыз. Кол коюуда документти кунт коюп окуп чыгыңыз же адистин жардамын пайдаланыңыз. Бейтааныш адамдар менен баарлашуудан алыс болуңуз. Капчыгыңыз кампайып, өзүңүзгө кам көрүүгө, гардероб жаңылоого убакыт бөлөсүз. Жеке мамилелерде келишпестиктер жаралышы ыктымал. Дем алыш күндөрү сүйүктүү киноңузду көрүп болсо да эс алыңыз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жумуш боюнча байланыштар ийгиликтүү боло бербейт. Ошентсе да коюлган, берилген тапшырманы кынтыксыз аткаруу менен иш ордуңуздан жогорулоого мүмкүнчүлүк жаралат. Өнөкөт ооруларыңыз козголушу мүмкүн, такыр чыдатпай ооруганын күтпөй, дарыгерге кайрылып коюңуз. Дем алыш күндөрү физикалык активдүүлүккө басым жасаңыз. Сүйүүдө мамилелер кийинки баскычка өтөт.


АРСТАН (23.07–23.08)

Дос, тууган, сүйүү мамилелери бекемделет. Жалгыз бойлор баш кошушу ыктымал. Энергиялуу болуп бардык иште активдүүлүгүңүздү көрсөтөсүз. Бүтпөгөн жумуштар каражатты талап кылат. Максаттарды ишке ашырууга багыт алыңыз. Башкалардын сындап, жолдон адаштыргысы келгенин кулак сыртынан өткөрүңүз. Жаңы тааныштар пайда болот, алар ишке болгон мамилеңизди байкап, жаңы сунуштарды жасашат.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Чыгармачыл адамдар үчүн жемиштүү апта. Досторуңуз жардам сурап кайрылышат, мүмкүнчүлүгүңүз болсо жардам берүүдөн баш тартпаңыз. Ата-энеңиздин саламаттыгына да көңүл буруңуз. Жумуш боюнча сүйлөшүүлөр оңунан чыгып, кирешелүү келишимдер орун алышы ыктымал. Жалкоолукка моюн сунуп бербеңиз. Сизди жактырып жүргөн адам сезимдерин ачыктап, жолугушууга чакырышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Үй-бүлөдө бейпилдик орун алышы күтүлөт. Карьералык өсүү үчүн же жаңы жумушка орношууда жолуңуз ачык болот. Ошентсе да жалкоолугуңузду карматпай, аракетчил болуңуз. Күтүүсүз белекке ээ болушуңуз ыктымал. Түгөйүңүзгө болгон сезимиңизди жашырбай билдириңиз, кийин кеч болуп калат. Чоң нерсе сатып алууга ылайыктуу апта. Дем алыш күндөрүн маданий жайларга, сейил бакка барып өткөрүүнү пландаңыз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Логикага эмес, чыгармачылыкка салып иш бүтүрүү пайдасын алып келет. Дос-тууган, үй-бүлө ортосунда араздашуулар орун алышы мүмкүн, той-кечелерден, көңүл ачуучу жайлардан баш тартып туруңуз. Жылдыздар жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы ийгиликтер болорун эскертишет, чечкиндүүлүк менен ишти колго алыңыз. Саламаттыгыңызга көңүл буруп, спорт менен машыгууну унутта калтырбаңыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жумуш ордун алмаштырууга, же кошумча жумуш табууга, билим алууга ылайыктуу учур. Чоң максаттарды алдыга коюп, аткарылышына умтулуңуз. Анткени күчүңүз, энергияңыз ашып-ташып турган убак. Үй жумуштары менен алек болуп, керектүү буюмдарды сатып аласыз. Жакын адамыңыз менен талашып-тартышуудан алыс болуңуз, араңыз алыстап кетиши мүмкүн. Каржылык абалыңыз жакшырып, жакындарды сүйүнтүү үчүн белек аласыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Сырткы келбетиңизди өзгөртүү биринчи планга чыгат. Мамилелерди чыңдап, сезимдерди билдирүү убагы келди. Ойлогон нерсеңиз оңунан чыкпай калышы ыктымал. Ошентсе да өзүңүзгө ишенип, максатыңызга карай багыттан тайбаңыз. Бир нече жумушка жетишем деп өзүңүздү сынабаңыз жана жардамдан баш тартпаңыз. Сиз кызыгып жүргөн багыт боюнча билим алууга мүмкүнчүлүктөр жаралат.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Маанилүү чечимдерди чыгарууда өзүңүзгө ишенбестик жаралат. Ар бир кадамыңызды таразалап, өзүңүзгө ишеним артыңыз. Кандай гана сапар болбосун ийгиликтүү болот. Материалдык абалыңыз жакшырат, бирок бир нерсе сатып алууда акылга таяныңыз. Өзүңүздү өнүктүрүүгө, жаңы технологияны үйрөнүүгө ылайыктуу апта. Чыгармачылыкка басым жасап, эргүү алып келүүчү хоббиңиз менен алек болуңуз.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Кимдир бирөө алдап жатканын билесиз, коркпостон чындыкты ачыктаңыз. Жаңы техника сатып алып кубанасыз. Кесиптештер арасында идеяңызды ишке ашырып, лидер болууга мүмкүнчүлүк жаралат. Жаңылык же жагымдуу сунуш угуп сүйүнөсүз. Мурда каражат салган долбоордон киреше таап башташыңыз мүмкүн. Көйгөйлөр тууралуу ойлонуунун кереги жок, азыр чечилиши күмөн. Жол эрежелерин бузуудан сактаныңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан