“Биздин бала” деп сыймыктанчу ырчыларыбыздын бири Амирхан Батабаев Орусиянын шоу-бизнесин багындыруу үстүндө.
Ырлары бир нече тилде популярдуу болуп, аны тааныган өлкөлөрдүн саны күн санап өсүүдө. Биздин бала Amirchik Европаны, Түштүк-Чыгыш Азияны концерттик программасы менен кыдырып келди. Эми Бишкекте алгачкы жеке концертин бергени турат. Тосуп ал, Бишкек!
“Бишкектеги алгачкы жеке концертим...”
– Мекеним Кыргызстанда алгачкы жеке концертимдин өтөрүнө азыркыга чейин ишене албай турам. Концерт бере баштагандан тарта мекенимдеги концертим кандай өтөрүн кыялданып элестете берчүмүн. Ал учур жетип келди, командабыз менен кылган аракетибиздин акыбети кайтып жатканын түшүнүп турам. Угармандарымдын баарына ыраазычылыгымды билдирем. Бул концерт сиздердин колдооңуздар, сүйүүңүздөрдүн арты менен өткөнү жатат. 22-октябрь күнү Бишкекте Улуттук филармониядан жолугушууну толкундануу менен күтөм.
Акыркы жарым жылда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн концерттик тур менен кыдырдым. Ал эми Бишкектеги концертим башкалардан өзгөчө болот. Буга жарым жылдан бери даярданып жатам. Сапаттуу музыка, сапаттуу ырлар менен баарыңыздарды таң калтыргым келет. Кандай концерт болбосун анда эң негизгиси – артист жүрөгүн, жан дүйнөсүн ачып берүүсү. Мен 100 пайыз жан дүйнөмдү, жүрөгүмдү ачам. Сиздер Амирчиктин концертиндегидей кызыктуу шоуну башка эч бир жерден укпайсыздар жана көрбөйсүздөр деп сөз берем
“Амирхан кечээ, бүгүн, эртең...”
– 2021-жылы Тиктокто кавер ырдап жүргөн Амирхан менен азыр сиздер билген Амирхан – бул эки башка адам, эки башка артист. Мен профессионалдык жактан да, жеке адам катары да өстүм. Музыкага көз карашым да өзгөрүүдө. Өзүм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өсүү үчүн жаңы мейкиндиктерди ачуудамын. Мындан 2 жыл мурун эле күнүнө 1000 сом төлөнгөн курулушта иштеп жүргөм. Азыр концертим менен дүйнөнүн жарымын кыдырып койгон чоң артистмин. Ар кайсы тилде ырдап жатам, андыктан дүйнөлүк артистмин деп айта алам. Мунун баарына карабай мен достук, сүйүү эмне экенин билем жана азыркы деңгээлге жетишиме көмөктөшкөн адамдардын баарына ыраазымын.
“Ийгиликке карай жол...”
– Албетте, артист болуш жеңил эмес. Артисттер көрсөткөн кооз жашоо чындыгында дайыма эле анчалык кооз эмес. Мен ар кандай кыйынчылыктарга туш болдум, дагы деле туш болуп келе жатам. Ошол кыйынчылыктар азыркы жетишкендиктеримди баалай билүүмө себепкер. 17 жашымда артисттик жолду тандап, ошол багытта иштей баштагам. Ага карабай жашоодогу максатымды так аныктай албай кыйналгам. Артисттик жашоонун 2 жылында көп сыноолорго кабылдым. Жакында эле дагы бир кризиске учурадым: жашоодо так максатым жок болсо, артист катары эмнеге өсүп жатам деп өзүмө-өзүм түшүнбөй жүрдүм. Бирок менде өжөрлүк бар. Ушул сапатымдын арты менен өзүмдү колго алып, суроомо жооп таптым. Жашоодогу максатымды таптым. Мага азыркы жасап жаткан ишим жагат. Ошондуктан аз убакыттын ичинде чоң ийгиликтерге жетиштим. Дайым жанымда болуп, жолумдан адашпоо үчүн көмөк көрсөтүп турган адамдарга сыйым чексиз. Алар – үй-бүлөм, командам, досторум жана менин сүйүктүү угармандарым.
“Орусиянын шоу-бизнеси...”
– Орус музыкасын укканды жакшы көрөм. Мурда мен ырларын угуп жүргөн популярдуу жана популярдуу эмес артисттердин дээрлик баары менен азыр тааныш экениме кээде ишене албай кетем. Алардын кээ бирлери менен дуэттерим да бар. Ачык мүнөзүмдүн жана бардык адамдар менен тез тил табыша алган сапатымдын жардамы менен МОТ, Егор Крид, Konfuz, Бахтилер менен расмий түрдө артист болгонго чейин тааныша алгам. Кыргызстандык артисттерди да сыйлайм жана чыгармачылыгын жакшы көрөм.
Менин максатым – Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн рыногун багындыруу. Бул аракетим менен жаштарды өзүнө ишенүүгө үндөгүм келет. Өзүңө ишенсең, баарын кыла аласың дегенди элге жеткиргим келет. Мен үчүн дүйнө жүзү Кыргызстандын желегин таануусу жана башка өлкөлөрдө да биздин чыгармачылыктын өнүгүүсү маанилүү.
“Үй-бүлөм...”
– Ата-энем мен үчүн идеалдуу ата-эненин үлгүсү. Өзүмдүн балдарыма да алардай үлгү болгум келет. Алар дайыма мени менен кеңешип, оюмду угушат. Мен кайда барбайын ата-энем алтын адамдар деп айтып жүрөм. Ал эми байкелерим насаатчыларым. Алардын арты менен чыгармачылыкка келип, артисттик жолду тандадым. Мен азырынча апам каалаган унааны алып бергенге акча топтой элекмин, анчалык чоң белектерди бере элекмин. Бирок колумдан келишинче аларды колдоп турууга аракет кылам.
“Күйөрмандарым...”
– Күйөрмандарымдын комментарийлерин окуу жагымдуу. Кээде ырларым аларга жардам бергенин жазышат. Өз окуяларын, башкаларга айта албаган башына түшкөн кыйынчылыктарын айтып беришет. Бир жолу бир кыз жеке кат аркылуу мектепте буллингге кабылып жатканын айтып берген. Дагы бир кыз сүйгөнүнө сезимдерин айта албай жатканын айтып кайрылган. Бул окуя “Молчание” ырынын жаралышына түрткү болгон. Ыр чыккандан кийин көп угармандарым ыр өздөрүндө сактап жүргөн оорчулукту сезүүгө жана унчукпай калбай, сезимдерди билдирүүгө жардам бергенин жазышкан. Алар жеке адам катары өсүп, бул этапты менин ырым менен чогуу басып өтүштү. Бул мен үчүн өтө маанилүү жана баалуу.
“Орундалган жана орундала элек кыялдар...”
– Мен бирөөгө ишенип отуруп албайм. Максат коём да, ошону карай багыт алам. Азыр мен баарын жасоого мүмкүн экенин билем. Чоң стадиондо элди чогултуп концерт берүүнү кыялданып жүрөм. Бул кыялым орундалат, ага ишенем. Менин философиям мындай: эгер бир кыял ишке аша элек болсо, бул анын ишке ашуусу мүмкүн эмес дегендик эмес. Демек, ал үчүн кайгыруунун кереги жок.
Эч кимге айтпаган бир кыялым бар. Ал кыялды айтпай сакташ керек деп ойлойм. Ошол кыялым орундалса жылмаям да, “муну да кыла алдым” деп өзүм менен сыймыктанам. Азыр бул кыялдар мени токтоп калбоого, өзүмдүн үстүмдөн күн сайын иштеп турууга шыктандырып турат.
Перизат Музуратбекова