БИР БҮРКҮМ. ОРТОЧО АЙЛЫК 32 МИҢ ДЕЙТ...

  • 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштай турганы эскертилди.
  • Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов кызматтан бошотулду.
  • Кыргыздын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков кызматтан бошотулду.
  • Экономика жана коммерция министрлиги: Өлкөдө орточо айлык маяна учурда 32 146 сомду түзөт.
  • Парламентте Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу колдоо тапкан жок.
  • Жусупбек Коргонбай уулу, депутат: “Губернатор деген институтту жоюш керек”.
  • Бишкекте 20-сентябрда КМШда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция өттү.
  • Аксы окуясында каза тапкан жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрү алчу жөлөкпулдун суммасы 3700 сомдон 4500 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.
  • Энергетика министрлиги: “Бала-Саруу” ГЭСи 2023-жылдын аягына чейин курулуп бүтөт.
  • Ысык-Көлдө кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылган деп 2 жаран кармалды.
  • Экс-депутат Өмүрбек Бакиров өзүнүн мандаттан ажыратылышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүшүнө макул болбой койгону айтылды.
  • Бишкек шаардык соту парламент депутаты Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
  • Ленин шайлоо округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды.
  • Блогер Эртай Искаков үй камагына чыгарылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан