Камчыбек Ташиев: “УБАГЫНДА ТАЖИКСТАНГА ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕРИБИЗДИ КАЙТАРЫП АЛУУГА КҮЧҮБҮЗ ЖЕТЕТ”

Кыргызстан Тажикстанга аймактык доомат коюшу мүмкүн. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, мындай доомат Тажикстан чек ара маселеси боюнча Кыргызстанга коюп келе жаткан дооматтарынан баш тартпаган учурда коюлат.

– Буга чейин Тажикстан бизге аймактык дооматтарды коюп келген. Жакында жаңы документтерди таптык. Ошол документтерге таянып, Кыргыз мамлекетинин көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Аны юридикалык, тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгерде Тажикстан бизге койгон аймактык дооматтарынан баш тартпай турган болсо, анда коңшуларга аймактык дооматтарды биз коёбуз. Тарыхый мезгилдерде, мындан ондогон, керек болсо жүздөгөн жылдар мурун коңшуларга өтүп кеткен жерлерибизди кайтарып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга биздин күчүбүз дагы, мүмкүнчүлүгүбүз дагы жетет,- деди Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткендеги иш сапары учурунда.

14-сентябрда президент Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барып келген. Ушунун эртеси Ташиевдин жогорудагы сөздү айтып чыкканы жөн гана дал келүү эместей туюлат.

16-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыздын коңшу өлкөдөгү элчиси Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин билдирүүсү Тажик тарапты тынчсыздантат, мындай пикирлер чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн деп эскертти.

Кыргыз коомчулугунда УКМК төрагасынын пикирин жактагандар көп, алар Ташиевдин сөзүндө Тажик тарап менен сүйлөшүүгө зыянын тийгизчү нерсе жок дешет.

Тажикстан 1924-жылкы карталарда Ворух анклав эмес, Тажикстандын аймагы болгон деп доомат коюп келет. Эксперттер эгер Тажикстан “чек ара маселеси 1924-жылкы карталарга таянып чечилиши керек” деген позициясынан кайтпаса, анда Кыргызстан Жерге-Тал жана Мургаб аймактары боюнча Тажикстанга доомат коюшу керек болуп калат дешет. Анткени Мургаб менен Жерге-Тал 1929-жылга чейин Кыргыз АССРине карап турганы белгилүү.

19-сентябрда Орусия бийлиги Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара маселеси боюнча кескин билдирүүлөрдү жасабоого чакырды.

– Биз союздаштарыбызды Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча жакында жетишилген оң натыйжаларды жокко чыгара турган кескин билдирүүлөрдөн жана шашылыш кадамдардан алыс болууга чакырабыз,- деп айтылат Орусия ТИМи тараткан маалыматта.

2022-жылы Орусия Кыргыз-Тажик чек арасын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр экенин жарыялап, Москванын архивинде Кыргызстанда да, Тажикстанда да жок документтер бар экенин, ошолорду көтөрүп чыкса болорун билдирген эле.

19-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кайрадан жолугушуп, анда чек ара маселеси боюнча да сүйлөшүшкөнү маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан