ТООЛУУ КАРАБАХ АКЫРЫ АЗЕРБАЙЖАНДЫН КАРАМАГЫНА ӨТТҮ

30 жылдан бери талашта келе жаткан Тоолуу Карабах аймагы Азербайжандын карамагына өттү. 19-сентябрда Азербайжан армиясы Карабахта аскердик операция баштап, 1 суткада максатына жетти. 20-сентябрда дүйнө коомчулугу тааныбаган Тоолуу Карабах Республикасы Азербайжандын алдында капитуляцияга кол койгонун жарыялады. Бул багынып берди дегендик. Аскердик операция жүргүзүлгөн 1 сутка ичинде Тоолуу Карабахтын армиясы миңге жакын аскерин жоготкону айтылды.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев элине жасаган кайрылуусунда операция максатына жетти, Азербайжан өзүнүн суверенитетин толук калыбына келтирди деп жарыялады.

– Террористтер жок кылынды, армян тарап өзүнүн чагымчыл аракеттерине татыктуу жооп кайтарыларын дагы бир жолу түшүндү. Аймак мыйзамдуу жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган ээси – Бакунун көзөмөлүнө өттү,- деди Алиев.

Ошондой эле Карабах аймагында жашаган армяндардын бардык укуктары корголо турганын убада кылды.

– Бардык кылмыштарга карабай биз армян элин күнөөлөгөн эмеспиз. Биз кылмыштуу режимди айыптаганбыз,- деди Алиев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан