– Актан мырза, бүгүнкү маек абдан кызыктуу болот деп үмүт кылам. Кызыктуу болбой калса эл эмне дейт?
– (Күлүп) Эл дечүсүн деп бүткөн да эчак эле. Көчөдөн жолуккандар “кечээ муну көрдүм, мындай болду” десе таң кала берем. Көрсө, азыркыга чейин интернеттен, кээ бир телеканалдардан “Эл эмне дейтти” көрүшөт экен. Ошондуктан эл дей берсин (күлүп).
– Эл дей берсин деп жашайсызбы негизи?
– Эл көзүндө жүргөндөн кийин “Эл эмне дейт?” деш керек негизи. Мисалы, мен кийим тандабайм, жарашыктуу кийим болсо кийип кете берем. Кээде “эл көрсө эмне дейт?” деп жакшы кийим кийгенге мажбур болосуң. Бирок эл эмне дейт деп жашасам, эмдигиче машинемди алмаштырып алат белем дейм да.
– Кандай үлгүдөгү унаа айдайсыз?
– Ой, Хонда Фит. Бампери түшүп, дөңгөлөгү жарылып калса дагы байкушумду кайра-кайра оңдоп-түзөп эле айдап жүрөм. Көчөдөн көргөндөр “эй, сен ушундай машине айдайсыңбы? Башка чоң машинең бар, ээ?..” дей беришет. Мага бул нерсе жакпайт. Машине деген, орусча айтканда, “не роскошь” да. Эң башкысы, сени бир жерден экинчи жерге жеткирсе, талаада калтырбаса болду. Машинеге өмүрү кызыккан эмесмин. Ошо, эл эмне дейт деп жашабайм, бирок кээде ошентиш керек болуп калат.
– Жакында комедиялык тасма тартып, режиссёрлук кылдыңыз. Режиссёр болом деп качан чечтиңиз?
– Тээ илгери эле. Искусство интитутунда 2-курста окуп жүргөндө эле кесибимди режиссёрлукка котороюн деп ойлонгом. Бирок окутуучулар “жок, Актан, сен бизге керексиң, ошол режиссёрлукка керек болгон билимди биздин факультеттен деле аласың” деп болбой коюшкан. Ага карабай аз да болсо Темир Бирназаровдун, Шамиль Жапаровдун мектебинен өттүм, көптөгөн режиссёрлордун мастер-класстарына катыштым. Өзүмдүн кыска-метраждуу 2-3 тасмам бар. Бул жаатта бир тууган агам (ред.: режиссёр) Дастан Жапар уулу менен жакшы эле коллаборация болуп келе жатканда мен “Тамашоуго” кетип калгам. Азыркыга чейин агам “сен ал жакта эмне кылып жүрөсүң? Мээңде көп нерсе бар, таланттуу режиссёрсуң” деп урушуп жүрдү. Көкүрөгүмдө бир күнү жарк этип чыгам деген дымак бар болчу. Кудай буюрса, жыйынтыгы жаман эмес. Анткени премьерага кесиптештеримди, шоу-бизнес өкүлдөрүн чакыргам. Кино бүткөндөн кийин баары кол чаап, баары бир ооздон мага эмне дешти дебейсизби...
– Эмне дешти?
– “Мындай нерсени сенден күткөн эмеспиз” дешти. Тасманы Алмаз Жангазиев, Чыңгыз Сулумбеков деген таланттуу балдар менен чогуу тарттык. Сценарийин Дастан агам экөөбүз жазганбыз. Биринчи тасмасы, катардагы тасмалардын бири болот деп ойлошсо керек. Биз болсо чыга калып эле элдин баарын таң калтырдык. Азыр эми бардык киночулар, кесиптештерим биз менен эсептешип калды. Буюрса, кинобуз жакшы эле келе жатат, кассадан деле, кинотеатрдан деле, прокаттан деле.
– Мактанганды жакшы көрөсүзбү?
– Мактанчаак эмесмин, бирок бир иштин майын чыгара кылсам, аны көбүрөөк айткым келет. Эгерде ишим анча эмес болсо, эмнеге мактанмак элем? Тескерисинче, эл мени мактаса, көбүрөөк ошол нерсе жагат. Балам менен мактанам, балам футболду аябай жакшы ойноп, өсүп келе жаткан чагы. Мактангым келет, ааламга, талаага чыгып алып элдин баарын чогултуп алып... Кино деле сенин балаң болуп калат турбайбы, ошондуктан мактангың эле келет.
– “Гендер пати” уюштурганыңызды, жакында кыздуу болоруңузду билдик...
– Келинчегим экөөбүз тең кыз болорун күткөн эмеспиз. Үчүнчү наристебизди төрөгөндө келинчегим катуу кыйналып калган, кан көп кетип, аркы дүйнөгө барып келгендей эле болгон. Ошондон кийин биз бул нерсеге олуттуу карап калганбыз. Ичимден үч уулдан кийин деле уул болсо керек деп жүргөм. Ошондуктан “гендер патидеги” менин эмоциям, ошол сезимдерим айтып бергис. Нес абалында калдым. Ишенген жокмун. Атүгүл “гендер патини” уюштургандар биздин конвертти алмаштырып алгандыр деп күмөн кылдым. Анан кайра УЗИге түшүп келгенден кийин даана ишендим.
– Аман-эсен көз жарып алсын. Өзүңүздү кандай атамын деп ойлойсуз?
– Ха-а... Жаман атамын. Тартуу иштери, кино, роликтер, вайндар, тойлор деп жүрүп үйдө көп деле болбойм. Мисалы, улуу балдарымдын кантип чоңоюшканын билбей деле калдым. Келинчегим да “биринчи балаң чоңоюп жатканда “Тамашоу” менен, экинчи балаң чоңоюп жатканда “Эл эмне дейт?”, “Кошунаны тандабайт” менен жүргөнсүң” деп калат. Бул нерсе, албетте, жүрөккө тиет. Анткени балдар бат эле чоңоюп калышат экен. Чындыгында, алардын жанында көп деле болбоптурмун. Бирок бош убакыт болсо, өзүмдү толук балдарыма арнаганга аракет кылам. Ата-энелерге айтарым, досторго, жумушка убакыт табылат, бирок балдарыңардын чоңойгонун байкабай калышыңар мүмкүн. Ошондуктан балдарга, үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруш керек экен. Үч баламдын чоңойгонун байкабай, убакыт бөлө албай жүргөнүмө өкүнөм. Бул эми турмуш экен да. Эгерде телегейибиз тегиз болсо бир жумада эки жолу тойго чыгып коюп, калган күндөрү үй-бүлөм менен болмокмун да. Азыр моюнумда көптөгөн карыздарым, кредиттерим бар. Ошого балдарым, үй-бүлөм үчүн тытынып иштегенге мажбурмун.
– Дайым позитивдүү жүргөн Актандын кейиген учурлары болобу?
– Болот, туура эмес тамашалап бирөөнүн аброюна шек келтирип алганда. Тойлордо 2-3 жолу болгон. Айткан сөзүмдү туура эмес түшүнүп алып жакалашып, “мен сени сотко берем” дегенге чейин жеткен. Андай учурлар көп эле болот. Биринчи кечирим сурап калсам, демек, утуш мен тарапта болот. Ошого дароо кечирим сурайм.
– Адамдагы кайсы сапаттарды баалайсыз?
– Чынчылдыкты баалайм. Анан бирөөгө кандай мамиле кылсам, мага ошондой жообун берсе деп жашайт экенмин. Бирөөгө берилип кызмат кылып, алар мага үстүртөн мамиле кылып коюшса кадимкидей чүнчүп кетем. Ошондуктан досторумдун көбү азыр жөн эле кесиптеш болуп калды.
– “Биз, кыргыздар ичип-жегенди жакшы көрөбүз” дедиңиз...
– Казакстанга барганда концерттик залдарын көрдүм, укмуш тим эле... А Кыргызстан 32 жылдан бери бир дагы чоң концерттик зал, чоң театр, чоң маданият үйүн салбаптыр. Эски Спорт сарайыбыз, реставрациядан өткөн филармониябыз бар. Ал эми тойканаларыбыз аябай көп. Ичиң күйөт экен. Бизде кандай гана майрам болбосун эртеси борбордук аянттан тонналап таштанды чыгарылат. Ысык-Көлгө барып тазалыкты көргүлө. Бул – маданияттан, илим-билимден аксаганыбыз. Маданиятка көңүл бурулбайт. Ырчылардын арасында сынак, фестивалдар болуп турушу керек. Болбосо, көрүп жатасыңар, той ырчылары көбөйөт. Анан жалгыз Нурайым жаштыгына карабай, Улуттук филармонияда концерт берем, оркестр, комуз менен жандуу ырдайм деп, билеттин баасын 2000 сом кылып койсо эл аны жеп салайын деди. Эми оркестр деген оңой эмес да, ага айлап даярданат. Оркестрдеги 30-40 адам күнүгө сага бекер келип бербейт. Уюштуруучулар, режиссёр, залдын ижара акысы бар дегендей.
– Нурайымдын талантында кеп жок. Бирок буга чейин Кыргыздын Эл артисттери деле жандуу үн, оркестр менен ырдап, билетин 500 сом кылып жүрүшкөн да?..
– Азыр Нурайым популярдуу.
А сиз айтып жаткан Эл артисттеринин популярдуулугу 80-90-жылдарда калган. Ооба, Нурайым 1-2 эле ырды өзү жаздырып, калганы кавер болушу мүмкүн. Бирок үнүнө суктангандар толтура да. Эгерде 2000 сомго билет сатып алып, концерттен ырахат албай калса, анда сындап чыгышса болот.
– Маек үчүн убакыт бөлгөнүңүзгө рахмат!
Гулийпа Маметосмон кызы