АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Алар ыйлап жатышты. Көз жашы түгөнгөндө гана басылып отуруп калышты. Үн катпай батып бара жаткан күндү карап отура беришти. Бардык сөздөрү айтылгандай, бардык сезимдер жашалып бүткөндөй эле. Айдай эч качан өзүн мынчалык бактылуу сезген эмес. Жан дүйнөсү менен жашоого рахмат айтып, ыраазычылыгы бүтпөй жатты. Уулу жанында, кызы курсагында, Илим жүрөгүндө. Мындан башка бакыт болушу мүмкүнбү? “Ушуларым кемибесин, ушул бактым бөксөрбөсүн” деп жатты ичинен. Эмир да чаңкап келип суусунун кандыра ичкендей абалда эле. Канчадан бери чуркап жүрүп эми гана марага жеткендей көңүлү тынч ала түштү.

– Эмиртай, мага деген көп суроолоруң бар экенин билем. Мен баарына жооп бергенге даярмын.

– Апам айтты, мени кандай жагдайда жоготуп алганыңызды...

– Мен кичине элем, азыркы сенин жашыңдан да кичүү элем. Эч кимим жок, боорумда сен. Алдандым. Сени жоготуп алдым. Бирок ошончо жыл сени бир мүнөт дагы эсимден чыгарган жокмун. Аман-эсен экениңди жүрөгүм менен сезчүмүн. Анан таптым!

– Менин атам барбы? Атам тууралуу билгим келет. Аман-эсен барбы? Кайда жашайт?

Айдай бул суроону күткөн эмес. Саамга таң кала түштү. Баланын жүрөгүндө апасы гана болушу керек деп ойлоп алган өзүнө таң калды. Өзүнүн сезиминде Эмир жалгыз гана анын уулундай эле. Бирок баланын жан дүйнөсүн булгап атасы тууралуу жаман айтканга болобу?

– Чынын айтсам, аманбы-жокпу мен өзүм дагы билбейт экем, Эмир. Мен андан качып кеткенден кийин кабарын билбедим. Кызыкпадым дагы. Бирок эгерде сен кааласаң мен аны табам. Сага кезиктиргенге аракет кылам.

– Мен апамдын сүйүүсүнө тоюп чоңойдум, Айдай эже. Апам мен үчүн баары. Сиз мени төрөгөн апамсыз. Аны билем. Башыңызга келген кайсы бир жагдайдан улам мени жоготуп алыпсыз, аны да түшүндүм. Бирок мындан мени менен апамдын ортосундагы байланыш өзгөрүлбөйт. Сиз акылдуу аялсыз. Жүрөгүмдөгү апамдын ордуна сиз эч качан өзүңүздү койбойсуз деп ойлойм. Мен кандай сиздин уулуңуз болуп төрөлсөм, дал ошондой Ажардын уулу болуп өлөм. Андан башка чындык жок! Болушу да мүмкүн эмес. Ооба, чындык баарынан улуу. Бирок адамдын жүрөгүндөгү чындык да бар. Апам Ажар, аны эч бир нерсе өзгөртө албайт. Сизди сыйлайм, урматтайм, баалайм. Балким, тереңде дагы бир сызылган байланыш бардыр. Бирок сизди апамды сүйгөндөй сүйө албайм. Ушуну менден күтпөңүз.

Айдай таң калып укту. Ушундай ачык, ичинде кенедей кири жок, өз сезимдерин сыйлаган, башка бирөөнүн да жанын оорутпаган жигит болуп чоңойгонуна сыймыктанды. Жаш аралаш жылмайып карады.

– Эмиртай, мен сенин жүрөгүңдөгү апаңдын ордун эч качан талашпайм. Ага акым да жок. Ажарга канчалык ыраазычылык айтарымды өзүм да билбейм. Сени ушундай жакшы адам кылып тарбиялаптыр. Мен ушуга эле ыраазымын. Сени көргөнүмө, сенин жытыңды жыттаганыма, жанымда отурганыңа, кайсы бир күндөрү мага келгениңе... Мен сени билгенден тартып апаң экөөңдүн эне-бала мамилеңерге суктандым. Мен болсом ушунчалык жакшы адам кылып тарбиялай алат белем сени дедим өзүмчө. Андыктан апаң менен сенин ортоңдо турат деп такыр коркпо. Сен экөөбүздүн тең уулубузсуң! Мен төрөдүм, ал чоңойтту. Сен экөөбүз үчүн тең тагдырдын белегисиң. Мен сени аябай жакшы көрөм, уулум. Бул кандай сезим экенин айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Кудай буюрса, өзүң балалуу болгондо гана түшүнөсүң. Мага сенин бар экениң эле жетет. Ошого эле топук кылам. Башка эч нерсенин кереги жок.

– Дагы бир нерсе сурансам болобу?

– Болот.

– Сиз эми эл адамысыз. Интервьюлар, ал-бул... Бул биздин арабыздагы сыр боюнча кала алабы? Мен өзүм үчүн эмес, апам үчүн ушуну каалайм. Ал жалгыз уулунун энеси башка экенин эл билишин каалабаса керек.

– Сен каалагандай болсун...

– Мен башында айткандай, апамдын сүйүүсүнө канып, тоюп чоңойдум. Бирок аталык сүйүүнү сезбедим. Бирок дайыма кызыкчу элем. Азыр да кызык. Кыскасы, мен атамды тапкым келет. Сиз андан качып кеткениңизге караганда жаман адам болгон. Мейли, бир жолу көрүп аны менен баарлашкым келет. Ушуну сизден суранайын дегем.

– Макул. Мен аны тапканга аракет кылам.

Дагы далай нерселерди сүйлөшүштү. Эмир ачык-айрым, оюндагысын так айткан жигит эле. Болгон суроолорунун баарына жооп алды. Экөө коштошуп кетип бара жатканда Эмир кайрылып келди.

– Менин бир тууганым болот окшойт жакында, ээ?

Айдай колу менен курсагын сылап жылмайып койду.

– Илим байке бул ишти чойбосо жакшы болмок. Бөбөк толук үй-бүлөдө жашаганы оң. Анын үстүнө эл дагы сөз кыла баштайт. Сизге оор болуп калбасын...

Айдай жылмая берди. “Карачы, мени ойлоп жатат. Жүрөгүңдөн сенин, уулум. Бар бол, аман бол” деп жатты ичинен алкап.

– Сен буга кейибе, баары жакшы болот. Жакында баары өз-өз ордуна келет. Эң негизгиси сени таптым.

Эмир кол булгалап коюп кетип бара жатты. Аял да ага кол булгалады. Бактылуу жылмайып турду да, бир топтон кийин келип машинесине отурду. Салон өзү сүйгөн кыпкызыл розаларга толуп калыптыр. Илим! Башка ким болмок эле.

– Куттуктайм, жаным. Баары жакшы болот деп айттым беле сага?- деди ал машинеге отура берип.

– Рахмат, мен күткөндөн да жакшы болду. Сен кайдан билдиң?

– Мен сенин ар бир кадамыңдан кабарым бар экенин билбейсиңби? Сени менен чогуу келгем. Деги бир сөзүңөр бүтпөдү го. Акмалап отурдум. Силерди көрүп ыйладым. Кайра соорондум. Бактылуу болдум. Эх, ушуну баарын кадрга түшүрүп кино тартсам, ээ? Чын айтам, мен сен тууралуу кино тарткым келип жүрөт. Күчтүү аял тууралуу. Эч нерсеге карабай өз бактысына умтулган, сынбаган, акылдуу аял тууралуу болот тасмам.

– Аталышы кандай болот?- деди күлгөн Айдай.

– Аял. Жөн гана аял.

– Тилегиңе жет.

– Баса, дагы бир сюрпризим бар сага. Бүгүн Жараткан сага түптүз караган күн окшойт.

– Айт эми...

– Мен толук боюнча сиздин карамагыңызга өттүм, урматуу Айдай айым! Соттон келдим, биз ажыраштык.

Айдай кубанычтан Илимдин моюнуна асыла калды.

– Ой, болду эми, мынча кубанарыңды билгенде маалкатып дагы кыйнайт элем,- деди Илим каткырып.

– Кандайча болду бул?

– Кызым жардам берди. Азыр балдар акылдуу чыгышты го. Апасын кантип көндүрдү билбейм, өзү эле барып кагаздарга кол коюп берди. Болбосо “эки дүйнөдө мен сени менен ажырашпайм” деп эле көк беттенип жатты эле. Кызым, айтор, апасын көндүрдү.

– Анан? Качан тоюбуз болот?

– Сен каалагандай той болот, жаным.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан