ПАРИЖ-2024 ОЛИМПИАДАСЫНА АЗЫРЫНЧА 3 ЖОЛДОМО

Сербиянын борбору Белградда 16-24-сентябрь аралыгында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда бир салмак ченинде эң жакшы көрсөткүчтөгү 5 балбан Париж-2024 Олимпиада оюндарына жолдомо ала алышат.

Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча катышып жаткан спортчуларыбыз Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы финалга чыгып, лицензия алышты. Ал эми Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда колунан жаракат алып, бирок мелдешти жеңиш менен аяктаган. Тилекке каршы, 1/4 финалга жаракатына байланыштуу чыкпай, оюндан четтеп калды.

20-сентябрда Айпери Медет кызы атаандашы япониялык Юка Кагами менен 76 килограмм салмакта 1-орун үчүн күрөштү. Мелдештин экинчи айлампасында япониялык спортчу артка айлантуу ыкмасын жасап жатып Айпери Медет кызынын бутун кайрып алды. Дарыгерлердин жардамына карабай балбан кызыбыз көп өтпөй жыгылып, мелдеш токтотулду. Муну менен спортчубуз күмүш медалга ээ болсо, Юка Кагами Дүйнө чемпиону аталды. Беттеш аяктаганда Медет кызы ызалана көзүнө жаш алды.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта Польша, Молдова, Украина, Германиядан келген 4 атаандашын жеңди. Башкы орун үчүн беттеште япониялык Сакура Мотоки менен кез келет. Мелдеш 21-сентябрда кечки саат 9да орун алмакчы.

Ошондой эле 21-сентябрдан тартып грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыз да килем үстүнө чыгып баштайт. Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Дастан Кадыров, Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Бексултан Назарбаев, Азат Салидинов, Бексултан Махмудов бул чемпиондукка барары маалым болгон.

Кошумчалай кетсек, сууда сүзүүчү спортчубуз Денис Петрашов да Японияда өткөн Дүйнө биринчилигинин жыйынтыгы менен Париж-2024 Олимпиада оюндарына жолдомо алганын Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады. Буга чейин спортчу Рио жана Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан