ЭЛЕКТР САМОКАТ КОЛДОНУУНУН ЭРЕЖЕСИ КАТААЛДАШАТ

Бишкек шаары. Балам экөөбүз жөө баратканбыз. Улам шуу-шуу деп жаныбыздан электр самокат тепкендер өтөт. Баламды сүзүп кетпесин деп колунан бекем кармап четке тартам. Аңгыча арт жактан тарс деген үн чыкты. Самокат тепкен жигит жөө бараткан жигитти сүзүп, экөө тең тоголонуп кетиптир. Бири белин, бири бутун кармап онтоп жатты. Кимиси күнөөлүү? Тротуарда бараткан жигитпи же катуу ылдамдыкта самокат тепкен жигитпи? Анткени тротуардын баарында эле велосипеддин жолу деген сызык сызылган эмес. Тротуарда гана эмес, сейил бактарда да электр самокаттары адамды сүзүп кеткен окуялар катталууда. Коңшу Казакстан ушундай окуялардан улам электр самокатын расмий түрдө транспорт каражаты деп таанып, алар үчүн атайын жол эрежелерин бекитти. Кыргызстанда бул жаатта абал кандай?

Электр самокат тууралуу

Самокаттардын келип чыгышы велосипеддин жаралуу тарыхы менен тамырлаш. Азыркы күндө аны башкарганды билсең, бара турган жериңе жетүү үчүн эң ыңгайлуу каражаттардын бирине айланды.

Артыкчылыктары:

• Аны тебүү велосипед сыяктуу көп күчтү талап кылбайт.

• Бензиндин баасы улам кымбаттап жаткан учурда капчыкка пайда, бир жолку кубаты үлгүсүнө жараша 20-50 чакырымга жетет.

• Оптималдуу ылдамдык. Электр самокаттардын орточо көрсөткүчү – саатына 25-40 чакырым, бул жол тыгындарын, коомдук унаалардагы жүргүнчүлөрдүн көптүгүн эске алганда, шаар ичинде абдан ыңгайлуу.

• Компакттуулук. Заманбап үлгүдөгү самокаттарда бүктөлүүчү механизмдер бар. Орто жолдон самокатты жыйнап туруп коомдук транспортко же унаага отуруп кете берсең болот.

• Экологиялык көрсөткүчтөрү жакшы. Электр кыймылдаткычы бар каражат атмосфераны булгабайт жана үнү да катуу чыкпайт.

Кемчиликтери:

Жол тегиз болбосо, кичинекей таш да самокаттын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, башкара албай жыгылуу, жаракат алуу коркунучу чоң.

Жаныңа чоң жүктү алып жүрө албайсың.

Дароо тормоздоо керек болгон учурда мертинип, жыгылып кетүү коркунучу бар.

Жаан-чачын учурунда тебүү кооптуу.

Унаа сыяктуу эле көчөдө башка адамды сүзүп кетүү коркунучу жогору.

Кыргызстандын жол кыймылынын эрежелеринде электр самокат тебүү кандай каралган?

Кыргызстанда электр самокат авто, мотокаражаттары сыяктуу транспорт каражаты деп эсептелбейт. Анын статусу велосипеддикиндей эле. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Бишкекте эле 30 миңдей электр самокат бар.

• Электр самокатын башкаруу үчүн атайын айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт.

• Жөө жүргүнчүлөргө, велосипед тепкендерге тийиштүү эрежени сакташы керек.

• Атайын велосипед үчүн чийилген жол менен, эгер андай жок болсо жолдун оң жак четинде гана жүрүшү керек.

• Жашы 14 жаштан ашпаган өспүрүмдөр атайын велосипед үчүн чийилген жолдордо же тротуарларда гана жүрүүгө болот. Ал эми унаа жолунун оң жагында самокат менен жүрүүгө 14 жаштан ашкандарга гана уруксат берилет.

• Жолду кесип өтүүдө адам жөө жүргүнчү өтүүчү жерден, самокаттан түшүп, аны сүйрөп өтүүгө тийиш.

• Жолдун кыймылдуу бөлүгүндө унаалар менен жарышып жол талашпай, оң жак чекеси менен коопсуздук эрежелерин так сактап жүрүүгө милдеттүү.

• Жүргүнчүлөрдү ташууга болбойт.

• Узундугу же туурасы боюнча габариттен жарым метрден ашкан жүктү же башкарууга тоскоолдук кылган жүктү ташууга болбойт.

• Атайын велосипед үчүн чийилген жол бар туруп жөө жүргүнчүнүн жолунан жүрүүгө болбойт.

• Түндө сөзсүз жарыкты чагылдыруучу кийимди кийүүсү кажет.

Тилек Исаев, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору:

– Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаар ичинде, сейил бактарда, эл көп эс алган жерлерде электр самокат, велосипед, скутерлер менен жүргөн жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыгынан оолак болуу максатында үгүт-насаат иштери жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын ушул күнүнө чейин самокатчиктердин жол-транспорт кырсыгына катышуусунда 51 факт катталып, андан 50 жаран жабыркады.

Жол кыймылынын эрежесинин 24.2-пунктунда белгиленгендей, велосипеддер, мопеддер, арабалар, минилүүчү жана көлүк малдар (ат, эшек) жолдун оң тарабында, мүмкүн болушунча четке жакын жүрүүгө тийиш. Эгерде жөө адамдарга тоскоолдук кылбаса, жолдун чети менен жүрүүгө жол берилет. Учурда электр самокат, велосипед, скутерлер менен жүргөн жарандарыбыз жол кыймылынын коопсуздугун так сакташы керек, жөө адамдар өтүүчү жерлерде электр самокатты же велосипедди жетелеп жөө басып өтүүгө жана жолдун кыймылдуу бөлүгүндө унаалар менен жарышып жол талашпай, жолдун оң жак чети менен коопсуздук эрежелерин так сактап жүрүүгө милдеттүү. Мындан сырткары шаар ичинде самокатты ижарага бергендер менен сүйлөшүп, эң жогорку ылдамдык саатына 30 чакырымдан ашпашы керек дегенге токтолгонбуз.

Парламентте мыйзам долбоору даярдалды

Депутат Марлен Маматалиев электр самокаттарынын жолдо жүрүү кыймылын тескей турган мыйзам долбоорун даярдады. Ал самокат тепкендердин жоопкерчилигин күчөтүш керек деп жатат. Ага ылайык, мыйзамга “жөө жүрүүчү” жана “жеке мобилдүүлүк каражаты” деген жаңы аныктамалар киргизилгени жатат. Мыйзам долбоору жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште талкууланары күтүлүүдө.

– Азыркы тапта мыйзамдарда “жеке мобилдүүлүк каражаты” деген түшүнүк жок. Андай каражаттарды башкарууда жаралган кырдаалдарды жөнгө салуу каралган эмес, ушуну карап чыгышыбыз керек, – дейт Маматалиев.

Башка өлкөлөрдө кандай?

Казакстанда 2023-жылдын июль айында электр самокаттар транспорттук каражаттын бир түрү деп таанылып, ал үчүн жол кыймылы жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишти. Мыйзам боюнча, саатына 25 чакырымдан кем эмес ылдамдыкта жүрө алган электр самокаттар транспорттук каражаттын бир түрү катары саналат жана аларды башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынат.

Ал эми Орусиянын тийиштүү мыйзамдарына 2023-жылдын жаз айларында “жеке мобилдүүлүк каражаты” деген термин киргизилип, электр самокат, гироскутерлер үчүн жолдо жүрүү эрежелери жаңыланды. Электр самокатын тепкен адам сөзсүз түрдө 14 жаштан жогору болуп, шлем кийиши зарыл. Бирок айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт.

Самокат тебүүдө коопсуздукту эстен чыгарбаңыз:

1. Дайыма башыңызга шлем кийиңиз.

2. Жол эрежелерин сактаңыз.

3. Сизде болгон бардык керектүү коргонуучу каражаттары тагынып, кийиниңиз.

4. Самокат тебүүнүн алдында алкоголдук ичимдиктерди колдонбоңуз.

5. Эч качан катуу айдабаңыз.

6. Бурулууда абайлап бурулуңуз.

7. Дөңгөлөктөрүндө жел толук экенин, абалы жакшы экенин текшериңиз.

8. Тормоздук системи иштей турганын текшериңиз.

9. Кубаты жетишерлик экенин караңыз.

10. Электр самокатын башкарып жатканда башка нерселерге алаксыбаңыз.

11. Жамгыр, кар же нымдуу аба ырайында айдабаңыз.

12. Муздан, тайгалак жерден качыңыз.

13. Жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жайдан качыңыз.

14. Кыймыл көп жерлерден жай жүрүңүз.

15. Түндөсү дайыма жарыгын жандырып жүрүңүз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан