“Жылуулук дүйнө сендеги, жүрөктүн кылын термеди...” Арабызда бул ыр саптарын укпагандар аз болсо керек. “Жүрөк сыры” деп аталган бул ырдын багын ырчы Максат Кыштобаев ачты десек жаңылбайбыз. Максат мырза менен чыгармачылык жол, ыр дүйнөсү, жашоо тууралуу баарлаштык.
– Саламатсызбы, Максат мырза? Сизди көпчүлүк “Жүрөк сыры” ырынын аткаруучусу катары жакшы тааныйт. Биз билбеген Максат Кыштобаев ким?
– Саламатчылык. Максат Кыштобаев деген үч баланын атасы, ырчы жана, сиз айткандай, калың элдин катмарына жакшы тараган “Жүрөк сыры” деген ырдын аткаруучусу, мугалим жана жөнөкөй адам. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде элдик ырдоо багытында сабак берем, устатмын десем болот.
– Тагдырыңыздын ыр, музыкага байланып калышы да кокустук эмес болуш керек?
– Бала кездеги ой, кыял, тилектер. Ысык-Көлдүн кулуну болом, бала чагым Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында өттү. Ал кез сонун эмес беле, азыркыдай смартфон, интернет деген жок, ар кандай кызыктуу оюндарды, чүкө ойночубуз. Сууга түшчүбүз. Магнитофондон, радиодон ырларды укчубуз. Жаңы ыр чыгып калса, ошол бир ыр үчүн атайын Караколго барып кассета сатып алчумун. Дыйканчылык кылып жатып талааны, тоодо жүрсөк коктудан-коктуга жаңырта ырдачубуз. Андан сырткары бала кезде атам мени көп ырдатчу. Үйгө достору, теңтуштары келип калганда, туугандардын отуруштарында ырдата берчү. Балким, ошондон да менде ырчылык талант ойгонсо керек.
Негизи 1-класска кадам таштагандан тарта айылдын сахнасында ырдап баштагам. Райондук, облустук жана республикалык фестиваль, кароо-сынактарга катышып жүрүп музыкага болгон кызыгуум күчөгөн. Мен 11-классты бүтүрүп жаткан кезде азыркы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Опера-балет театрынын солисти Бакыт Ыбыкеев деген айылдаш агам, азыр өкүл атам болуп калды, айылыбызга барып калып, концерт койду. Бүтүрүү кечесинде менин ырдаганымды көрүп жакшы баасын берип, “Бишкекке музыка жаатына окууга тапшырсаң өзүм жардам берем” деди. Ошентип атам экөөбүз шаарга келип, Бакыт Ыбыкеевге жолугуп кеңеш алып, анан Улуттук филармониянын алдындагы студияга тапшырып, Улукмырза Полотов агайдан эки жыл сабак алдым. Андан кийин Улуттук консерваторияда элдик ырдоо багытында 5 жыл окудум. Студент кезден эле ырларды жаздырып ырдап баштагам. Алардын баары популярдуу болуп кетпесе дагы, кандайдыр бир чөйрөгө жеткиликтүү ырлар.
“Жүрөк сыры” ырынын автору Ишенбек Мухтар уулу экөөбүз жатаканада чогуу жашачубуз. Экөөбүз аккордеон, комуз ойноп элдин жакшылыктарында кызмат кылып, “Жүрөк сырын” да ырдачубуз. Бул ырды мен ырдайын деп сурасам Ишенбек фольклор жаатында аттуу-баштуу агаларыбыз ырдайбыз деп сурап алганын айтты. Алардын башын аттай албай, озунуп ырдап кете албай токтоп калгам. Күтүп жүрүп, эч ким ырдабаган соң 3 жылдан кийин, 2015-жылы Ишенбекке айтып, жаздырып ырдагам. Көп өтпөй жакшы кабыл алынып, калың элге тарап кетти.
– “Жүрөк сырын” аткарып чыгарда ырды кимдир бирөөгө арнадыңыз беле?
– Автор бул ырды “көлдүк кызды сүйүп калганда жазгам” дейт. Мен бул ырды жан дүйнөмө жакканы, сөзү обонуна төп келгени үчүн ырдагам. 2015-жылы жайында үйлөндүм, ырды майга чейин жаздырсам керек эле. Балким, ошол убакта сүйлөшүп жүргөн кызыма арнап, берилүү менен аткаргандырмын.
– Башка ырлардычы?
– Ар бир чыгарманы жан дүйнөңдөн өткөрүп анан ырдайсың да. Албетте, бардык ырларымды өзүмө сиңирип, бышырып, анан элге тартуулайм. “Жүрөк сырына” чейин Исирадин Аманбаевдин “Кыргызымдын келиндери” деген ырын, Калмурат Рыскуловдун “Кыялды кантип тыямын?”, кийин Ишенбек Мухтар уулунун “Арзуу ыры”, Сыймык Бейшекеевдин “Айжаркын”, Элимирбек Иманалиевдин “шолоктоп неге ыйладың?” деген саптары бар “Кусамат” ырын, Арзыбек Бедияровдун “Келем сага” ырын жана башкаларды колумдан келишинче жакшы аткарууга аракет кылдым. “Жүрөк сыры” менин визиттик карточкам болуп калды, кайсы жерге барбайын ушул ырды суранышат.
– Атактуулук, сиздин оюңузча, эмне?
– Атактуулукту ар ким ар кандай түшүнөт эмеспи. Төбөң көккө жетсе да, бутуң жерде турушу керек. Атактуулуктун жакшы да, жаман да жактары бар. Элди аралап жүрүүдө бир аз ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Жакшы жагы – жакшы ырың менен, жакшы эмгегиң менен атактуу болсоң элден жакшы ой-тилек угасың, бата аласың.
– Эстрада ырлары популярдуу болуп турган мезгилде элдик ырдоо бөлүмүн тандап окууга тапшырыпсыз. Муну тобокелдик десе болобу?
– Мен деле мектепти бүткөндө шаарга эстрада ырчысы болом деген ой менен келгем. Болгону Улукмырза Полотов агайдан сабак алгандан баштап ырга болгон табит, ой, көз караш өзгөрүп кетти. Ошол себептен фольклор жаатын тандап кеттим. Бирок мен жалаң эле фольклордук ырларды ырдап жатам дебейм, эстрадада да ырдайм.
– Чыгармачылыктын жолу кенен. Алдыда кандай иштерди жасасам дейсиз?
– Албетте, менин кесибим ушул, ырчылыкты тандагам, мындан ары да талыкпай эмгектенем. Былтыр 18-октябрда жеке концертимди бергем. Ошол менин концертим болгон күндөн баштап Улуттук филармонияда жалаң жандуу үн менен коштолгон концерт коюлсун деген министрдин буйругу иштеп баштаган. Директор өзү көзөмөлдөп карап турган, 100 пайыз жандуу үн менен концерт койгонбуз. Эл жакшы келип берген. Мага ошол концерт стимул болду, эргүү алдым. Азыр да жаңы чыгармаларды даярдап жатам, буюрса, жакынкы күндөрү элге тартуулайм.
– Өзүңүз да обон же ырга текст жазасызбы?
– Текст жазбайм, ал эми кайрыктар келет. Азыр толук бышып бүтпөй жатат, буюрса, алдыда өзүмдүн бир обонумду толук бышырып, элге тартуулайын деген оюм бар.
– Жашоо тууралуу да сүйлөшөлү. 2015-жылы үйлөнүпсүз, үй-бүлө жүгүн кандай тартып жатасыз?
– Келинчегимдин аты Курманжан. 2015-жылы августта келинчегимдин туулган күнүндө баш кошконбуз. Үй-бүлөдө ар кандай кырдаалдар болот, анын баарын жеңип келе жатабыз. Башында бир аз түшүнбөстүктөр болсо болгондур, бирок аябай кыйын учур болгон жок. Баары сонун. Жакында, 12-сентябрда үчүнчү жолу наристелүү болдук. 2 уулум бар эле, үчүнчүбүз кыз төрөлдү. Улуу балам 1-класста окуйт, экинчиси 2 жашта.
- Жакшы. Наристенин бешик боосу бек болсун! Өзүңүздү сүрөттөбөйсүзбү, кандай ата, кандай жолдошсуз?
– Эми колумдан келишинче жакшы ата болгонго аракет кылам. Атам мени бала кезде такыр урушкан эмес. Мен да балдарымды урушпаганга аракет кылам. Жакшы ата, жакшы жолдошмун деп ойлойм.
– Бала ыйласа карашып жатасызбы?
– Албетте.
– Жакшы. Ийгиликтерди каалайбыз!
Гулийпа Маметосмон кызы