КОЛ ЭМНЕ ҮЧҮН УЮП, КАКШАТЫП ООРУТАТ?

Кол эмнеге уюп же какшатып оорутат? Чымырап, жансыз тартып калганы эмне себептен? Кезектеги макаланы кол ооруларына арнадык. Адистер маалымат беришет.

РЕЙНО СИНДРОМУ

Илдет 1862-жылы ушул синдром тууралуу жазып чыккан франциялык дарыгер, илимпоз Морис Рейнонун атынан аталган.

Таалайбек Байсекеев Рейно синдрому боюнча Улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнүн жетекчиси:

– Рейно синдрому – бул кайсы бир себептерден улам кол-буттагы артериялык кан тамырлардын жана аларды курчап турган 2 нервдин учтарынын кошо сезгениши. Сезгенүүдөн артериялардын ички капталдары жукарып, нерв суукка абдан сезгич болуп калат. Аталган 2 нервдин бири кан тамырлары жыйрылтса, экинчиси жыйрылуусун жазуу милдетин аткарат. Нерв учтары, кан тамырлардын капталдары сезгенгенден кийин узак убакыт, ал тургай жылдап дарыланбай жүрө берсе артериялык кан тамыр жыйрылган бойдон калат да, кайра жазылбайт. Жыйрылган кан тамырдан ары көздөй кан жакшы барбай калат. Ошондуктан кол-буттун учтарына кан жакшы жетпей муздап, какшап оорутат. Мына ушул Рейно синдрому деп аталат. Көбүнчө колдун кан тамырлары жабыркайт.

Рейно синдромуна көбүнчө жаштар, альпинисттер, саякатты сүйүүчүлөр, пол, идиш, автоунаа жууп иштегендер, улгайгандар, анемиясы барлар, иммунитети начарлар чалдыгат. Жаштар ден соолуктун баркын жакшы билбегендиктен модалуу көрүнгүсү келип жука кийинишет, суукта ары-бери көп жүрүшөт.

ООРУГА ЖЕТКИРЧҮ СЕБЕПТЕР

Стресс, энергетикелык суусундуктар, тамеки чегүү, ичимдик ичүү. Булардын терс таасирлеринен улам кан тамырлар кайра-кайра жыйрылып, жазылып (спазм) көп иштеп, акыры иштөөсү бузулуп, жыйрылган бойдон калат.

Суукка урунуу. Суукта организм тоңуп калбай өзүн сакташ үчүн жылуулукту сыртка чыгарбай кан тамырларды жыйрылтат. Улам суукка уруна берсе же бир ирет абдан катуу суукка урунса кан тамырлардын, нервдердин иштөөсү бузулат, кан тамыр жыйрылган бойдон калат.

Кызыл жүгүрүк, склеродермия оорулары. Аталган оорулардан теринин алдындагы, муундун кан тамырлары жабыркайт. Демек, кол-буттун артериялык кан тамырлары да жабыркап, капталдары жукарат.

Тукум куучулук

СИНДРОМДУН БЕЛГИЛЕРИ

Кол-буттун манжаларынын алгач бозоруп, убакыттын өтүшү менен көгөрүп же кара-көгүш тартып муздап турушу, какшатып оорутуусу. Мээлей, канча байпак кийсе да кол-буттун таштай муздактыгы.

Колдун күчүнүн жоктугу. Ушундан улам адамдын ишке эби келбей баштайт.

Тырмактардын көгөрүп турушу. Кан, аны менен кошо азык-заттар жакшы жетпегендиктен тырмактар катмарланат, сызыктар пайда болот, өңү бозорот же көгөрүп турат.

ДИАГНОЗ

Кол-буттун кан тамырларынын (анын ичинде манжалардын) УЗИси.

Капилляроскопия

Муздак сууга салдырып текшерүү. Кол-буттун терисинин өңүнүн бозоруу же көгөрүү деңгээлинен оорунун оор же жеңил экенин аныктоого мүмкүн.

Кандын, зааранын анализдери

Өнөкөт оорулардын бар же жок экендигин тактоо.

ДАРЫЛОО

Консервативдик дарылоо. Бул оорунун жеңил түрүндө колдонулат. Кан тамырлардагы, нервдеги сезгенүүлөргө каршы, кан тамырларды кеңейтүүчү, канды суюлтуучу дары-дармектер, витаминдер берилет. Барокамера да сунушталат. Мындан кан, аны менен кошо кычкылтек жакшы барбай жаткан кол-буттун учтарына кычкылтек теридеги тешикчелер аркылуу кирип, дарыланып жаткан адам бат оңолот.

Операция. Оорунун оор түрүндө жасалат. Кан тамырларды курчап турган 2 нервдин учтары кесилип алып салынат. Оорутуу билинбей калат. Операциядан кийин дары-дармек менен дарылоо жүрөт.

КОЛДУН УЧУНУН ТУННЕЛДИК СИНДРОМУ

Акбар Жороев, Улуттук госпиталдын алакан сөөгүнүн микрохирургиясы бөлүмүнүн микрохирургу:

– Колдун кырк муун сөөгүнүн (колдун учу) ортоңку бөлүгүндө ичке каналча бар. Ал аркылуу тарамыш, ортоңку нерв өтөт. Аталган нерв ийинден башталып, манжалардын учуна чейин созулуп, алакандагы, манжалардагы булчуңдарды иштетет. Кайсы бир себептерден улам ортоңку нерв ичке каналчада кыпчылып калат. Мунун себепкери – нервдин өзүнүн, жанындагы ткандардын, ичке каналчанын же тарамыштын сезгенүүдөн, суукка урунуудан улам шишип кетиши. Шишигенден улам нерв ичке каналчага батпай кыпчылып калат.

Ортоңку нерв кысылганда колдун манжалары чымырап, уюйт, сайгылашат, жансыз тартат, оорутат, оорутуу чыканак, ийинге чейин сезилет. Манжалар, айрыкча, баш бармак алсыз тартып, бир нерсени кармоо кыйынчылык жаратат. Колду өйдөгө көтөрүү кыйындайт.

Көбүнчө бул синдромго компьютерде текст терип көп иштегендер, рулда отургандар, көп жазгандар, идиш жуугандар, жол оңдоочулар, курулушчулар кездешет. Анткени күндө колдору бир нече сааттап бир кыймылды кайталайт.

Компьютерде иштөөдө “чычканды” кармаганда колдун башы көтөрүлөт да, билек менен кошулган жерге күч түшөт. Ал жерде алдынан нерв өткөн ичке каналча жайгашкан.

Заманбап жашоодо дүйнөдө ар бир 1000 адамдын жок дегенде 50сү ушул синдромдон жабыр тартат.

Түндө уктап жатканда да адам оорутуудан улам ойгонуп, колун силкип же сууга салгысы келет. Көбүнчө синдромдун белгилери оң колдо кездешет, сол колдо азыраак болот. Анткени күч оң колго көп түшөт.

СИНДРОМДУ ЖАРАТУУЧУ ФАКТОРЛОР:

Колдун 40 муун сөөгүнүн бир кыймылды такай кайталашы

• Күч менен оор бир нерсени кескин, тез көтөрүү. Кырк муун сөөгүнө, анын ичинде ичке каналчага күч келет

• Рактан нервдин кысылып калышы

• Кырк муун сөөгүнүн жаракаты, мисалы, чыгып кетиши же сынып калышы, тарамыштын чоюлушу

• Организмде B витаминин жетишсиздиги

• Тукум куучулук

• Артрит

• Гипотиреоз оорусу, семирүү. Керектүү гормондор талаптагыдай бөлүнүп чыкпай, зат алмашуу бузулуп, мунун терс таасири нервдерге да тиет.

ДИАГНОЗ

• Тинель жана фанелдин тесттери аркылуу кырк муун сөөгүнүн иштешин текшерүү

• Электроддорду коюу менен нервдердин булчуңдарга берген сигналдарын текшерүү

• Электромиография. Булчуңга ичке ийне сайылып, УЗИнин компьютердик экранынан нервдин канчалык деңгээлде жабыр тартканы аныкталат

• Кандын анализи жана башка

ДАРЫЛОО

• Консервативдүү дарылоо (буга физиодарылоо да кошулат). Бирок мындай дарылоо убактылуу эле жардам берет.

• Операциялык ыкма. Колдун ичке каналчанын тушундагы жери кичине тешилип, кыпчылып калган ортоңку нерв бошотулат. Анан сезгенүүнү, шишикти кетирүүчү дары-дармектер берилет.

Аталган синдромго кабылбоо үчүн компьютерде иштегенде убак-убагы менен колду эс алдырып, көнүгүүлөрдү жасап, кол ооруганда врачка текшерилүү кажет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан