КЛИПТЕР КИМДЕРДИ ЭЛГЕ ТААНЫТТЫ?

Жакшы актёр клиптин, жакшы тартылган клип актёрдун багын ачат. Ырчылар менен клипмейкерлер сулуу, таланттуу жана харизмалуу улан-кыздарды клиптерине тартууга ар дайым ашык. Бул жолку каармандарыбыз да бир топ клиптердин көркүн ачып, андан ары кино тартуучулардын көзүнө илинишкен.

Саламат Калыбек уулу: “Көп клипке тартылдым, арасынан үчөөсү гана жагат”

Туулган жылы, күнү: 1995-жыл, 4-август

Туулган жери: Чүй облусу, Чапаев айылы

Бою: 177 сантиметр

Салмагы: 77 килограмм

Билими: Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окуган

Үй-бүлөдө: 6 бир туугандын бешинчиси

Тартылган клиптери: Эрлан Андашев “Алдаба”, “Жалгыздыктан тажап бүттүм”, Мыктыбек Нурланбеков “Унутпа мени”, Айгерим Эшим “Азап”, Биназир Аблаева “Кеттиң, ай” жана башка

Тартылган тасмалары: “Жаңы күч”, “Дочь”, “Элес”, “Чоочун киши”, “Бошетунмай”

Учурда: Кыргыз драма театрында актёр, ырчы.

- Клиптерге 2012-жылы тартылып баштагам. Бирок алгачкы жолу кайсы клипке тартылганымды эстей албай жатам. Клипмейкер Улан Шеркулов экөөбүздүн мамилебиз жакшы, башында ошол жигиттин сунушу менен тартылгам. Андан бери көп клиптерге тартылдым, арасынан 3 клип гана өзүмө жагат. Бул 3 клипти тең Улан Шеркулов тарткан. Ал шашпай тартат, чыгармачылык менен мамиле кылат. Азыр бир клипти 1-2 күндө эле тартып коюп жатышпайбы. Улан 1-2 жума деле тартып жүрө берет. Тартыла турган жер алыс болсо эринбей барат. Майда нерселерге да маани берет.

Эсте калган окуялардан айтсам, Нурсултан Сыртбаевдин ырынын клибине кышында, күнү-түнү тоңуп жүрүп токойдон тартылганбыз. Ошол видео сакталган флешка күйүп кетиптир. Ошол бойдон кайра тартыла элек.

Клипке тартылган анчейин жакпайт. Анда образды ачып бербейсиң, мимикаларга эле көңүл бурулат. Учурда клиптерден баш тартып, киного басым жасап жатам. Эмнегедир жалаң башкы ролдорго тартып жатышат. Мен актёрлукта окугам, ырчымын. Бирок таанымал болууга кызыкпайм. Мунун баарын жан дүйнөм каалаган үчүн жасап жатам.

Даткайым Жээнбекова: “Жалаң ыйлай турган ролдорго чакырышат”

Туулган жылы, күнү: 2002-жыл, 24-декабрь

Туулган жери: Жалал-Абад обоусу, Токтогул району

Бою: 165 снтиметр

Салмагы: 50 килограмм

Билими: Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуйт

Үй-бүлөдө: 6 бир туугандын үчүнчүсү

Тартылган клиптери: Эрлан Андашев “Ооба, билем”, “Уяласың го”, Бекжан Темирхан “Сурмаларың”, Айгерим Эшим “Азап”, Кызсайкал Кабылова “Бактым таптым”, Самат Муратбеков “Жок дебе” жана башка.

Тартылган тасмалары: “Кредитке келин”, “Келечек”, “Ата-эне тилеги”, “Курьер”, “Аяш-2”, “Бешбармак”

– Алгачкы жолу Эрлан Андашевдин “Ооба, билем” ырынын клибине тартылгам. Мени Инстаграмдан көрүп чакырышкан. Сюжеттүү клип болгондуктан актрисалык талант керек болчу, мен үчүн оор болгон. Бирок жыйынтыгы жакшы. Ошол клиптен кийин клиптерге гана эмес, тасмаларга да тартылууга сунуштар түштү.

Көбүнчө мени кайгырган, ыйлаган каармандын ролуна чакырышат. Эмнеге жалаң ушундай образдар, эмнеге бактылуу кыздын ролуна чакыршпайт деп таң кала берем. Бир ирет сурасам, “сенин көздөрүң мээримдүү жана кайгылуу болуп турат” деди клипмейкер.

Өзүм кичинемден эле актрисалыкка кызыгам. ЖОЖго тапшыруу учуру келгенде актрисалыкка тапшырам деп ойлогом. Бирок кийин актриса болуп иштеймби, бул жолду тандасам карьерам кандай уланат деп көпкө ойлонуп, арканды узун таштайын деп журналистикага тапшыргам. Үйдөгүлөр да “журналист болсоң, туруктуу жумушуң болот” деп кеңеш беришкен. Мага тартуу талаасындагы атмосфера жагат, камеранын алдында өзүмдү эркин сезем. Кино же клипке тартылып жатканда иштеп жаткандай эмес, эс алып жүргөндөй эле сезем өзүмдү. Балалык кыялымдын орундалып жатканына кубанам. Тасмаларда башкы ролдорго да тартылууга жетиштим. Ачык сценалары бар ролдорго да сунуштар түшкөн. Бирок тартыла алган жокмун, келчекте зыяны тийип калбасын деп ойлодум. Кыялым – Голливудду багындыруу. Кыргызстан менен чектелип калбай, актрисалык менен дүйнө жүзүнө чыккым келет.

Сабина Дүйшенова: “Тасмага тартылууга чакырышты, баш тарттым”

Туулган жылы, күнү: 1993-жыл, 31-декабрь

Туулган жери: Бишкек шаары

Бою: 165 сантиметр

Салмагы: 46 килограмм

Билими: Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын финансы жана кредит факультетин бүтүргөн

Үй-бүлөдө: 3 бир туугандын кичүүсү

Тартылган клиптери: Гүлжигит Калыков “Сенин көзүң”, Аваз Акимов “Суусамырдын кызы”, Данияр Эрматов “Кызгандыргың келе береби?”, Эрлан Андашев “Мама”, Анжелика “Аны унутчу” жана башка

Учурда: Курулуш компаниясында маркетолог

– Клиптерге мени модель, ырчы Аскар Думанаев досум аркылуу чакырып калышты. Азыр клипмейкер Эрнист Сыдыков, Улан Шеркуловдор менен да доспуз, чакырып турушат. Көбүнчө терс каармандын, стерванын ролуна чакырышат. Ойноштун, эки жигити бар, балдарды жеке кызыкчылык үчүн колдонгон кыздын ролун аткардым. Өзүм бир аз стерва окшойм, ошон үчүн ушундай ролдорго чакырышат окшобойбу. Акыркы клипке тартылганда “образга эч нерсе кошпой, өзүңдү эле ойноп бер” дешти (күлүп). Оң каармандын ролун деле ойногом, “Суусамырдын кызы” жана “Мама” деген ырлардын клиптерине оң каарман болуп тартылдым. Мага клиптер монтаждалып даяр болгондо андан өзүмдү көрүү жагат. Ошондо тартуу учурунда болгон кыйынчылыктардын баары унутулуп калат.

Тасмаларга тартылууга да сунуштар түшкөн, бирок баш тарткам. Менин актрисалык жөндөмүм жок, тасмага тартылуу аябай кыйын. Клипке тартылуу үчүн да актрисалык жөндөм керек эмеспи, ролго киришим кыйын. Анын үстүнө бир нече жумалап, айлап тартуу талаасында жүрө албайм деп ойлойм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан