Бекназ Алмазбеков, футболчу: “ГАЛАТАСАРАЙ” МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ КЫЯЛЫМ БОЛЧУ”

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын эң жаш оюнчусу Бекназ Алмазбековдун спорттук карьерасы жаңы баскычка көтөрүлдү. Ал Түркиянын “Галатасарай” футболдук клубу менен 3 жылга расмий келишим түздү. Жакшы жаңылыкты коштоп Бекназды жана атасы Алмаз мырзаны кепке тарттык.

– Салам, Бекназ! “Галатасарай” клубу менен келишим түздүң, куттуктайбыз! Кепти ушул жаңылыгыңдан баштайлы.

– Саламатсыздарбы? Рахмат, “Галатасарай” менен 3 жылдык келишим түздүм. Абдан кубанычтамын. Мунун артында көптөгөн эмгек жатат. Ата-энемдин, жакындарымдын, машыктыруучуларымдын, академиядагы жалпы кызматкерлердин эмгеги чоң дээр элем. Машыктыруучулар, клубдун жетекчилиги мага жогорку ишеним көрсөткөнү үчүн кубанычым чексиз. Мен клуб менен келишим түзсөм деп бул күндү күтүп келгем, анткени 6 жылдан бери бул “үй-бүлөнүн” мүчөсүмүн. Бул жактан жөн гана футбол ойногон жокмун, көп нерсени үйрөндүм. Академиядагы машыктыруучулар, кызматкерлер, жадакалса күзөтчүлөр дагы менин жакынымдай болуп калышты. Бул жакты өз үй-бүлөмдөй эле сезем. Чоң максаттарымдын бири – “Галатасарай” менен профессионалдык келишимге кол коюу болчу. Бул максатыма жеттим, эми талыкпай эмгек кылуунун убактысы келди.

– Келишим түзүлө турганын укканыңда...

– Адегенде машыктыруучум чакырып, “Галатасарай” сени менен 3 жылдык келишим түзгөнү жатат, кандай карайсың?” деп менин оюмду сурады. Муну укканда абдан кубандым. Бул жактан мага кабарлашканда дароо эле атама телефон чалдым. Албетте, үй-бүлөм да абдан кубанды.

– Экинчи үй-бүлөңө айланган “Галатасарай” клубу тууралуу кеп кылалы...

– “Галатасарай” клубу 1905-жылы түптөлгөн. Түркия чемпиондугунда клубдун 23 жеңиши бар. Бул көрсөткүч менен Түркиядагы чемпиондукту эң көп багынткан деген наамды алышкан. Бул жылы, буюрса, 24-чемпиондукту багындырабыз деп ойлойм. “Галатасарай” Европа чемпиондугунда биринчи жолу кубокту үйүнө алып келген жалгыз түрк командасы болуп эсептелет. 1999-2000-жылкы сезондо “Галатасарай” Европанын чемпиону болгон. Финалда “Арсенал” деген Англиянын күчтүү бир клубун утуп, тарых жараткан.

– “Галатасарай” азыркы тапта Европада жана Түркия чемпиондугунда кандай рейтингде?

– Учурда Түркия чемпиондугунда “Фенербахчеден” кийинки экинчи орунда бара жатабыз. Ортобузда 2 упай айырмачылык бар. Оюндар жаңы гана башталды, төрттөн оюн өткөрдүк, сезондун аягына чейин мыктылыгыбызды көрсөтүп, чемпион болобуз деген ойдобуз. Ал эми Европада бул жылы биздин тайпага абдан оор. Биздин тайпага Германиянын “Бавария” клубу түштү. “Бавария” көп жолку чемпион. “Манчестер Юнайтед” – булар дагы Англиянын эң көп чемпион болгон клубу. Үчүнчү “Копенгаген”, булар дагы Даниянын чемпиону. Акыркы убакта Даниянын клубдары дагы Европа Лигасында, Чемпиондор Лигасында өздөрүн мыкты көрсөтүп жатышат. Буга карабай биз болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

– Мындай командалар менен кез келүү, атактуу оюнчулар менен бирге ойноо чоң тажрыйба да...

– Албетте, күчтүү командалар менен беттешкенде ар бир оюнда, жадакалса машыгууда чоң тажрыйба топтойбуз. Улуттук курамда жана “Галатасарайда” ойноо менен чоң тажрыйба топтоп жатам.

– Улуттук курамдын эң жаш оюнчусу болдуң, курамга кошулганда да абдан толкундандың болуш керек?

– Абдан толкундандым, абдан сүйүндүм. Менин жакындарым баары чексиз кубанычта болушту. Оюн талаасына чыкканда андан бетер толкундангам. Азыр баштагыга салыштырмалуу бир аз тажрыйба топтоп калдым деп ойлойм. Улуттук курамда татыктуу оюн көрсөтүү үчүн дагы да көп аракет кылыш керек.

– Кыргыз курамынын Дүйнө чемпиондугуна карата боло турган оюндарына катышасыңбы?

– Бул жерде машыктыруучу тизме түзүп, оюнчуларды чакырат. Чакыруу болсо, сөзсүз бар күчүм менен ойнойм.

– Улуттук курамдын жаңы машыктыруучусу тууралуу эмне айтат элең?

– Курама команданын оюндарына чакырылганда жаракатыма байланыштуу бара албай калдым. Ошол себептүү Штефан Таркович менен иштеше элекмин. Бирок сүйлөшүү болду, ал мага ишеним артарын билдирди.

– Футболдон тышкаркы убакытты эмнеге арнайсың?

– Футболдон чыкпаганга аракет кылам. FIFA ойнойм, футбол тууралуу китептерди, легендарлуу машыктыруучулардын жазгандарын көп окуйм. Фитнес машыктыруучум менен иштешем. Андан тышкары бош убакыттарда досторум менен Стамбулдагы тарыхый жерлерди кыдырганды жакшы көрөм.

Алмазбек Бердиев, атасы:“Галатасарай” Бекназга чоң трамплин болуп берет”

– Алмаз мырза, уулуңуз “Галатасарай” менен келишим түздү, кубанычыңыз менен тең бөлүшөбүз. Сиз дагы Түркияга барып келдиңиз, Бекназдан ашып кубангандайсыз?..

– Биз бул күндү көптөн күткөнбүз. Жакында Түркияга барып, “Галатасарай” клубу менен 3 жылга келишим түзүп келдик. Келишимдин шарттары купулубузга толду. Уулумдун чоң футболго кадам таштап жатканына менде дагы абдан толкундануу болду. Бекназ ал чөйрөгө чоочун адам эмес, “Галатасарайдын” академиясында тарбиялангандыктан абдан жакшы кабыл алышты. “Галатасарай” уулубузга чоң трамплин болуп берет деп ойлойбуз. Бекназдын негизги максаты ошол. Буга чейин дагы Түркиянын, Орусиянын башка клубдарынан сунуштар түшкөн, алардын ичинен мыкты болгон “Галатасарайга” токтолдук. Анын үстүнө 18 жашка толуп, “Галатасарай” менен келишим түзсөм деген Бекназдын биринчи кыялы болчу. Бекназ чоң клубдар менен ойноону максат кылчу, ошолор акырындык менен ишке ашып бара жатат. Бул биз үчүн чоң сыймык. Дагы да талыкпаган эмгек керек. Алдыда Улуттук курама командага да чоң салымын кошот деп ишенебиз. Биз дагы бардык жактан колдоо көрсөтөбүз.

– Айтсаңыз, уулдарыңызды футбол ааламына аралаштырууга эмне түрткү болгон?

– Футбол – бул өзүнчө бир искусство. Футбол бул жөн гана топ тебүү эмес. Футбол талаасында акылдуулар жакшы жыйынтык беришет. Бат ойлонуп, тез чечим чыгарганга үйрөтөт. Мен өзүм футбол сүйүүчүмүн, бала кезде футболчу болгум келчү бирок ал максатка жетпедим. Ошого уулдарым мен жетпеген максатка жетип, мен жаратпаган ийгиликти жаратса дейм. Албетте, биринчи футболго барарда балдарымдын тандоосуна да карадым, өздөрү баргысы келип ушул спорт түрүн тандашты. Чоң уулум дагы жергиликтүү лигада оюн көрсөтүп жүрөт, жогорку окуу жайын бүтсө, ал да чет жактан өз күчүн сынап көрүүнү максат кылууда. Кенже уулум да футболдо, таланттуу жана мыкты ойнойт. Ал Европага барсам деп кыялданат, жакында эле Испанияга барып клубдарда өз күчүн сынап келди.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан