ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-октябрдан 8-октябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Материалдык жана моралдык колдооңузга муктаж болгон досторуңузга жардам берсеңиз акыбети сөзсүз кайтат. Бир туугандар арасында түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн, негиздүү жүйөңүз жок болсо бирөөнү ачык айыптоодон алыс болуңуз. Жогорку кесипкөйлүгүңүздүн жардамы менен абройлуу кызмат ордуна барып калышыңыз ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн кичинекей “каприздерине” чыдап, алардын айтканын аткарып койгонуңуз туура.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Каржы маселеси кыйнашы мүмкүн, анткени тапканыңыздын көбүн карыздарыңызга төлөп, өзүңүз акчасы жок отуруп каласыз. Бул абал сизди кошумча киреше табууга түртөт. Айлакер болуңуз, тааныш-билиштик, достук мамилелерди пайдаланууга туура келет. Сүйүүдө баштаган мамилени аягына чыгарганды үйрөнүңүз, жеңиш чыдамкай адамдарды сүйөт. Куру намыска алдырып көздөгөн максатыңыздан баш тартсаңыз, бактыңызды колдон учурасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Сүйүү майданында жалындаган сезимдер тутанат. Бардык нерсенин ашыкчасы зыян деген кепти унутпаңыз, бирөөгө абдан берилип, байланып калуудан сак болуңуз. Үй-бүлөлүү эгиздер түгөйүнөн каржылык жактан көз каранды болбоо үчүн бүт аракетин жумшашат. Сизге кыйынга турса да ал абалдан чыгасыз. Ичиңиздеги негизсиз көрө албастыктарды ооздуктап, тегерегиңиздеги адамдарга позитивдүү тараптан баа бергенди үйрөнсөңүз сизде баары жакшы болот.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Бизнестеги өнөктөштөрүңүз менен жаңы идея, ишкердиктин үстүндөгү маселелерди талкуулайсыз. Абдан көп каражат салынуучу долбоорлордон азырынча баш тартып туруңуз. Сүйүүдө түгөйүңүз менен мамилеңиз гармониялуу нукта өнүгөт, муну менен жеке жашооңуз жаңы түскө ээ болот. Жакын туугандарыңыздын кайсы бир талаптарын же каалоолорун аткаруу кыйынчылык жаратат. Майда-чүйдө нерселерге ачууланбаганга аракет кылыңыз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Ийгилик жаратасызбы же тагдырыңызда кескин бурулуш жасайсызбы, баары өзүңүздүн колуңузда болот. Таарынышып жүргөн түгөйлөр ажырашууга байланыштуу жашоосундагы оор чечимди кабыл алышы мүмкүн. Карьералык тепкичте көрүнүктүү секирик жасай аласыз. Үлпөт той, сүйүктүүңүздүн колун суроо, болочоктогу түгөйүңүздүн ата-энеси менен таанышуу сыяктуу жөрөлгөлөрдү ушул аптада уюштурсаңыз болот.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Кандай жагдай болбосун атаандаштык жарыштан кулабай өтүп, карьераңызда ийгилик жаратышыңыз керек. Мунун артынан сизге белгилүү компаниялардан жемиштүү сунуштар түшөт. Керексиз сатып алуулардан оолак болуңуз, жакшысы, каражатыңызды сактап коюңуз, болбосо кыйчалыш учурда акча таппай карайлап калышыңыз мүмкүн. Майда сөздөрдү териштирип, сүрүштүрүп адамдар менен мамилеңизди бузуп албаңыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Аласаларыңызды алууга убакыт келди, аласа адамдарга байланышып карызыңызды доолай берсеңиз болот. Бербейм дегендерге мыйзам чегинде чара көрүңүз. Келерки 3 жылда кызматташа турган адамдардын чөйрөсүнө кошуласыз, бул сизге болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келет. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Жеке мамиледе “жок” деген сөздү айтууга убакыт келди, ким таарынса андан кол үзө бериңиз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Убактыңыздын көбү үй жана жумуш ортосунда өтөт. Сиздин дараметиңизге ишенгендер көп, алардын баасына татып, ишиңизге жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз. Түгөйүңүз менен мамиледе оюңузду таңуулап, басым аркылуу чечим кабыл алдырып, жакпаса кагып-силккенди токтотуңуз. Бар нерсеге ыраазы болгонду билиңиз. Өзүңүз өзгөрмөйүнчө, дүйнөнү өзгөртүү мүмкүн эмес. Бойдоктордун чечкиндүү болгону жакшы.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Аптада маанайыңыз сонун болуп өзгөчө харизмаңыз менен чөйрөңүздөгүлөрдү кубанычка бөлөйсүз. Жан дүйнөңүздө тынчтык орун алат, апта бою ушул агым менен гана кетиңиз. Буга чейин жасаган жакшы иштериңиздин акыбети кайтат. Өзүңүздүн бир нерсеге күнөөлүү экениңизди так билсеңиз да, өзүңүздү күнөөлөп жей берүүнү токтотуңуз. Убакыт баарын өз ордуна коёт, каталарыңды түшүнүү – түз жолго түшүүнүн эң жакшы жолу.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Чыныгы интеллигент болууга аракет кылыңыз. Жумушта болобу же жолугушуудабы бул образды сакташыңыз керек. Жеке маселелерди чечүүдө кадырыңызды салып иш бүтүрүүгө туура келет. Кыймылсыз мүлк сатып алууда документ иштерине так болуңуз. Үй-бүлөлүү текечерлер кызганычтын айынан түгөйү менен талашып-тартышат. Кызганыч – бул оору, орунсуз кызганганыңыз үчүн кийин өкүнүп калбагыдай болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Негизги күчтү, энергияны топтоп, алдыда ишке ашырчу чоң пландарга даяр туруңуз. Ал долбоорлор сизден ченемсиз энергияны талап кылат. Бирок ооруп калуу коркунучу бар, демек, убакыт таап медициналык текшерүүдөн өтүп туруңуз. Юридикалык документтерге байланышкан иштериңизди эрте бүтүрүп албасаңыз кийин көп убара тартып каласыз. Чыгармачылык менен алектенген суу куярлар эргүү издеши керек.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Жакын адамыңыздын көңүлүн оорутпаш үчүн калп айтууга мажбур болосуз. Бирок чындыкты айтар күндү алыстатпаңыз, жакыныңыз кайсы бир күнү ал чындыктан кабардар болушу керек. Келечекке ири пландарды коюп, аны ишке ашырууга бел байлаңыз, баштаган ишиңиз сөзсүз оңунан чыгат. Балалуу балыктар балдарын ашыкча ээн-эркин койбой, тартип-тарбияга чакырганы туура, болбосо кийин зыянын тартасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан