Борбордук Азия өлкөлөрүнүн менталитетиндеги бир өзгөчөлүк – жаш жубайларды балалуу болууга шаштырган көрүнүш. Элестүү айтканда, тойдун эртеси эле келинге “кош бойлуусуңбу? Качан балалуу болосуңар?” деген суроолор бериле баштайт. Тун наристе жарыкка келери менен “экинчиси качан анан?” дегендер да чыгат. Албетте, бул балалуу болбош керек дегендик эмес. Бала – бакыт. Ошентсе да эненин, удаасынан төрөлгөн балдардын саламаттыгы көп учурда башкаларды кызыктырбайт деле.
Гинеколог дарыгер Бурул Тажибаева аял организми төрөт мезгилинде кандай өзгөрүүлөргө учурай турганын айтып берет:
«Төрөттү сөзсүз пландоо керек»
– Эненин жана баланын ден соолугу чың болушу үчүн төрөттү пландоо сөзсүз керек. Кантип пландайбыз? Эң алгач гинекологго кайрылып, инфекцияга, гемоглобинге жана башкаларга анализ тапшыруу керек. Андан кийин тамактарды мүнөздөп ичип, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү деген сыяктуу жаман адаттардан арылуу кажет. Бул аял үчүн гана эмес, күйөө да сөзсүз аткарышы керек болгон эрежелер. Мындан сырткары сергек жашоо образын түзүү зарыл. Организмди Д3 витамини, фолий кычкылы, йодомарин деген сыяктуу витаминдер менен толуктоо кажет. Анткени бул витаминдердин жетишсиздиги энеге да, түйүлдүккө да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, фолий кычкылын эле алалы. Анын жетишсиздигинде түйүлдүктүн тону жатындын керегесинен (стенка) эрте ажырап кетишине (отслоение плацента), ара төрөөгө, түйүлдүктү да, энени да анемияга, түйүлдүктүн жатындын ичинде патологияга (нерв түтүктөрүндө дефект, акыл-эсинин өсүүсүнүн бузулуусу, гидроцефалия жана башкаларга) жетириши мүмкүн. Ошол үчүн биз кош бойлуу энелерге алгач фолий кычкылы, йодомарин сыяктуу витаминдерди беребиз, витаминдердин организмде жетиштүү болушу өтө чоң мааниге ээ.
«Башкы максат – дени сак баланы төрөө»
– Төрөттөн кийин кайрадан кош бойлуулукту пландоонун аралыгы аз дегенде 12 айдан 24 айга чейин болушу керек. Эгерде мындан эрте кош бойлуу болуп калса, кайра эле убагынан эрте төрөө, баланын ара төрөлүүсүнө, жаңы төрөлгөн ымыркайдын физиологиялык жактан толук жетилбешине, кээ бир учурда өлүмгө да жеткириши мүмкүн.
Ар бир аялдын максаты – боюна бүтүрүү гана эмес, дени сак баланы төрөө болушу керек. Биринчи төрөттөн кийин дароо эле экинчи кош бойлуулуктун башталышы бойдон түшүп калуу, ден соолугу начар бала төрөлүү коркунучун жогорулатат, анткени кыска убакытта организм кош бойлуулукту нормалдуу өнүктүрүүгө күчү жетпейт. Уйкунун жетишсиздиги, аялдын биринчи баласына кам көрүүгө кетирген энергиясынын азайышы дагы кошумча таасирин тийгизет. Бирок эгерде төрөттөн кийин дароо эле кош бойлуу болуп калган болсо, бул дароо алдырып салуу керек дегенди түшүндүрбөйт. Организм бизден акылдуу жана ал кезектеги баланы көтөрө алабы же жокпу, өзү билет.
Ошентсе да кийинки кош бойлуулуктун алдында көнүгүүлөр, массаждын жардамы менен аял нормалдуу салмакка кайтууга, жетишпеген нерсени калыбына келтирүүгө жана белди бекемдөөгө убакыт бериши керек. Акушер-гинекологдун кароосунан жана жыл сайын медициналык кароодон өтүүнү эстен чыгарбоо зарыл.
Энеден өзгөчө көңүл бурууну талап кылган нерселер булар:
• Психологиялык жактан даярдыгы жана башка баланы төрөп, багуу каалоосу;
• Таяныч-кыймыл тутумун, жамбаштын булчуңдарын калыбына келтирүү;
• Организмди витаминдер, минералдар жана темир менен толуктоо;
• Менструалдык циклди нормалдаштыруу;
• Субъективдүү калыбына келтирүү жана субъективдүү өзүн жакшы сезүү;
Ал эми психо-эмоционалдык, моралдык жактан кош бойлуу аял кандай этаптардан өтөрүн психолог, Кыргыз психоаналитикалык ассоциациясынын мүчөсү Алтынай Абдышева айтып берди:
«Төрөткө даярданган аялдар төрөттөн кийинки депрессияга аз кабылышат»
– Пландоо абдан маанилүү, бул аялдын өзүнө дагы, жолдошуна дагы жакшы. Биринчи кезекте физикалык жактан организмди даярдаш керек болсо, экинчиден, психологиялык жактан да ата-эне болууга даярдануу абдан чоң мааниге ээ. “Эмне үчүн мен балалуу болгум келет? Мага бул эмне берет? Мен апа болууга, ата болууга даярмынбы? Кийин бул баланы бага аламбы, тарбиялай аламбы?” дегенди аңдап түшүнүшү керек. Менин байкоом боюнча, төрөткө, кош бойлуулукка, декреттик өргүүгө психологиялык жактан дыкат даярданган аялдар төрөттөн кийинки депрессияга аз кабылышат. Анткени аял кандайдыр бир мезгилге анын карьерасы токтоп каларын, күнүнө 24 саат бою убактысы башка адамга – балага арналарын, кичинекей бала аялдын качан уктаарын, качан өз жашоосу менен жашай турганын чечип каларын кабыл алат. Аял бул анын жоопкерчилиги, өзүнүн чечими экенин жакшы түшүнөт. Баланын да, өзүнүн да эмоционалдык жактан саламат болушу үчүн кош бойлуулукту пландоо керек.
Негизи пландоо процессинде комплекстүү аракет кылыш керек. Анткени физиология менен психология бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, эненин организминде кайсы бир витаминдердин жетишсиздиги болсо, бул анын эмоционалдык абалына таасир берет. Бат чарчайт, уйкусу жакшы болбойт, алсыздык, кыжырдануу, агрессивдүүлүк болот. Бул эмоционалдык абал балага да өтөт. Ошондуктан организмди да комлпекстүү витаминдер менен камсыз кылып, андан кийин гана бойго бүтүрүү керек. Бул процесстин баарын өтүп бүткүчө психологиялык жактан да аял эне болууга, эркек ата болууга даяр болуп калат.
«Ар бир төрөттүн аралыгы 3-5 жыл болгону жакшы»
– Негизи физикалык да, психикалык жактан да аял төрөттөн кийин 3 жылдан соң толук калыбына келет. Эгерде биринчи 2 жылдай убакта ал эмчек эмизсе, эмчектен чыгаргандан кийин 1 жыл бою калыбына келет, организмине витамин топтоп баштайт. Ошондуктан баланы ар бир 3-5 жылда пландаган жакшы. Экинчиден, бала дагы деле бул жашоого адаптация болуп жаткан убак болот. Бул учурда анын өсүп-өнүгүшү үчүн коопсуз платформа куруп бериш керек. А эгер жыл сайын төрөй берсе, ал элементардык жактан эле организминдеги витаминдердин жетишсиздигин калыбына келтирип жетишпейт. Ошондой эле жыл сайын төрөй берген аялдар төрөттөн кийинки терең депрессияда жүргөн болушу мүмкүн. Терең депрессияда жүргөн аял өзүн, психикасын жандандыруу үчүн жыл сайын төрөй берет. Андыктан эгерде сиз жыл сайын төрөп, пландабасаңыз психологго, эндокринологго кайрылуу керек.
«Үйдө негизги каарман болбой калуу – бала үчүн стресс»
– Катар-катар төрөлгөн балдар өзүн-өзү карашат, алар ата-энелик камкордукту, сүйүүнү толук албай калышат. Эгер балдар удаа төрөлсө, бир жылдан кийин улуулары үй-бүлөдө “негизги каарман” болбой калышат да, билинбеген агрессия, кичинекей бир тууганын жек көрүү сыяктуу сезимдер жаралышы мүмкүн. Көп учурда биз иниси же сиңдиси менен ушинтип ойноп жатат деп ойлошубуз мүмкүн, бирок бала өзүнүн агрессиясын колу-бутунан тарткылап, уруп чыгарып жаткан болот. Жыл сайын бала төрөлүү бала үчүн кайсы бир деңгээлде көйгөй. Анткени жыл айланбай ал кайсы бир деңгээлде балалыгы менен коштошот, көңүл буруудан, ата-энесинин мээриминен алыстайт, бул балага чоң стресс.
Албетте, качан жана канча балалуу болууну ар бир ата-эне өзү чечет. Болгону адистердин да кеңешин эске ала жүрүшсө деген тилек.
Гулийпа Маметосмон кызы