АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

“Уулум, сен жашоомо келген эң чоң жана жалгыз белексиң! Сенин таптаза жүрөгүңдүн алдында, мен кир болуп жашагым келбейт. Сен акыркы убакта кылгандарың мени ардандырды, суктандырды, ойлондурду. Сени ушундай адам кылып тарбиялаганыма сыймыктандым. Сени өз энең Айдай экенин билгенден кийин кетип калат деп ойлогонум чын. Коркконум да чын. Бирок сен менден кеткен жоксуң. Кетпей турганыңды да билем. Таптаза мөлтүрөгөн каректериңди карап туруп мен мындан ары сага жалган айтып жашагым келген жок. Мен өз жазамды алганы кетип баратам. Сот кандай чечет, кийинки тагдырым эмне болот билбейм. “Коркуп жатасыңбы?” деп сураарсың. Жок, сендей уулду чоңойткон аял өз күнөөсүн, алсыздыгын, акылсыздыгын моюнга алгандан коркпойт. Мен атаңды өлтүрдүм. Кылмышка шектүү катары Айдайды кармашты. Мен ошол боюнча көлөкөдө калсам деле болот эле, бирок уятым мени тынч уктатпай койду. Күндө атаңды түшүмдө көрөм. Мен бул жүк менен мындан ары жашагым келбейт. Сенин сырыңды жашырып жашоо мага канчалык оор болгонун сага баарын айтып бергенден кийин түшүндүм. Адам жашоону татаалдаштырбай деле жашаса болот экен. Сага башынан эле бакма бала экениңди айтсак, сен мени азыраак сүйөт белең? Албетте, жок! Биздин энелик балалык байланышыбыз андан алсырабайт эле. Бирок өмүрүмдүн баасына болсо да бул сырды жашыргым келди. Эң чоң катам ушул. Мен мындан ары жүрөгүмдөгү жүк менен жашай албайм. Муну мага психолог Бермет үйрөттү. Аны өз сиңдимдей жакшы көрүп калдым. Сен дайым жүрөгүң менен чечим чыгарып келесиң, балам. Мени түшүнөсүң, азыр чоңоюп калдың. Менсиз жашап кете аласың. Мен сени чексиз жакшы көрөм! Апаң”

Эмир телефонуна келген бул билдирүүнү карап турду. Алгач чуркап барып апасын токтотмокчу болду. Телефон чалып көрсө, өчүк. Кечигип калганын билди.

Ажар бул чечимди кабыл алгандан кийин өзүн укмуштай жеңил сезди. Өз ыктыяры менен келгенин, моралдык жактан кысымга учураганын, ден соолугун эске алып сот шарттуу түрдө соттоду. Айдай акталды. Бул нерселердин баары болуп өткөнчө Илим менен Айдай үлпөт той бере албай калышты. Айдай төрөйүн деп калган учурда эне-баланын амандыгын ойлоп, тойду кийинкиге жылдырышты.

– Жакында карындашың келет, сенин дагы бир каның, жакын адамың болот,- деди Айдай Эмир ага ден соолугун сураганы келгенде.

– Ооба, менин бир тууганым болсо деп Кудайдан аябай катуу сурандым эле. Баары бир тилегениң келет экен. Мен ушуга ишенип калдым.

– Апаң кандай жүрөт?

– Сонун, кийинки убактарда апамды тааный албай бара жатам. Мурун атамды гана күтүп, анын айтканын айткандай аткарган үй кожойкеси эле да. Азыр болсо бардык демилгени колуна алган күчтүү айымга айланды. Азыр үйүбүздүн биринчи кабатын өзүнүн иш кабинетине айландырды. Кароосуз калган балдарды, кордук көргөн аялдарды коргоо фондун түзүүдө. Толтура идеялары бар. Психолог айымдардын тренингин уюштуруп жатат. Айтор, үйдө отуруп алып сонун иштерди бүтүрүүдө.

– Апаң кыйын аял, өз эрки менен жазасын алмакчы болгону да бул нерсенин далили. Бул жакка келе жатканыңды айтып келесиңби?

– Ооба, өзү кээде силерден кабар алышым керек экенин айтып турат. “Эки эненин баласысың” дейт. Апамдан такыр тынчсызданбаңыз, анын силерге тилегени жакшылык. Мендей эле силерди ойлоп турат.

– Сонун, баары ушундай чечилерин билгенде бир топ жиндиликти кылбайт элек, ээ? Сени талашпайт элек.

– Айдай эже, кызыңыздын атын ким коёсуз?

– Үмүтай коём. Мен эбактан бери ушул атты ойлоп жүргөм.

– Эмнеге? Азыр Аделя, Аэлиталар мода го,- деп күлүп калды Эмир.

– Адам үмүтү жок жашабаш керек экен. Мен сени табарымдан такыр үмүт үзгөн жокмун. Бир күнү болбосо бир күнү сени кайра кучактайм деп ар күнү тилек кылдым. Сени мага үмүтүм алып келди. Карындашың да элге үмүт берген, жашоо берген, кубаныч берген кыз болсун дедим.

– А менин атымды, чыныгы атымды сиз койгонсузбу?

Айдай уулун кучактай калды. Көз жашы аралаш күлүмсүрөдү.

– Сенин атың Адам. Чыныгы атың... Сен өз атыңа жарашкан жигит болдуң. Мен сени аябай жакшы көрөм, уулум. Менин Адамым!

ххх

Төрөт үйү. Илим улам жогорку кабатты карап коёт. Айдайды алып кирип кеткенине көп болду. Жанына кире албады. Тынчсызданып турганда Эмир келип калды.

– Кандайсыңар, мен дароо эле укканда чыктым. Эмне болду, төрөдүбү?- деди Эмир алдастап.

– Жок, азыр эч нерсе деп айта элек. Бирок баары жакшы болот!- деди Илим аны далыга таптай. Наристенин төрөлүшү дайыма ушундай эмеспи. Толкундоо, коркуу, сүйүнүч аралашкан бир ажайып күтүү. Бир маалда медайым келип Илимге жылмайып карады.

– Төрөдү! Кыздуу болдуңуз. Эне-баланын абалы жакшы.

– Урее, кандай сонун!

Эмир менен Илим кучакташып, бири-бирин куттукташып калышты.

ххх

Айдай көкүрөгүндө жаткан кара чач ымыркайга сонуркап карады. Кээ бир жери өзүнө, кээ бир жери Илимге окшоштой. Ал дагы көзүн ачып-жумуп карап коёт. Денени балкыткан бул сезимди кайрадан сезем деп эч ойлогон эмес эле. Тагдырдын сюпризи болду бул кыз. Кызын улам карап коюп жатканда палатага Илим кирип келди.

– Жаным, абалың кандай? Кызыбыз жакшыбы?

– Баары жакшы, сонун кызыбыз.

– Кана, көрсөтчү.

Илим кызын абайлап колуна алды. Күндүн нуру жүзүнө тийгенде чүчкүрүп жиберди.

– Кандай керемет!- деди атасы толкундангандан сөз таба албай. Ушул учурда палатага Эмир да кирип келди. Учурашып апасынын абалын сурап, наристеге жүткүндү.

– Мен да колума алсам болобу карындашымды?

Илим ымыркайды абайлап колуна берди. Эмир кызга жакшылап карап алды. Көздөрүн бакырайта ачкан ымыркай агасына карап жылмайып койду.

– Вау, бул эми эле жылмайганды билет тура.

– Кана?- деди Илим калдастап. Кыз көзүн жумуп алды.

– Жок, бул агасына гана жылмаят окшойт.

Палатадагылардын баары күлүп калышты. Эмир карындашын Илимге берип, Айдайга бурулду. Айдайдын колун кармап, көздөрүнө тигилди. Анан бул сөздөр өзүнөн-өзү чыгып кетти.

– Мен сизди жакшы көрөм, апа!

Айдайдын көздөрүнөн кубанычтын жашы акты. “Апа” деди аны биринчи жолу уулу. Жашоодогу бардык сыноолору, кыйноолору ушул бир ооз сөз менен жуулуп кеткендей болду. Ал эми чындап бактылуу эле. Жашоону күчтүүлүгү менен жеңип чыккан, чыныгы аял эле. Жашоодогу эң бактылуу АЯЛ болчу.



(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан