СПОРТЧУЛАРЫБЫЗ ИЙГИЛИК ЖАРАТУУДА

Эки аптадан бери спортто жагымдуу жаңылыктар орун алып, элибизди сүйүнтүп жаткан убагы. Сербиянын борбору Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда, ага удаалаш башталган Азия оюндарында спортчуларыбыз өлкөбүздүн капчыгын медалдар менен толукташууда. Белградда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков 1-орунду камсыздап Дүйнө чемпиону аталса, Айпери Медет кызы күмүш, Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөштөн коло медаль менен кайтты. Тайырбек Жумашбек уулунан башка медалчылар Париж Олимпиадасына жолдомо алышты. Анткени Тайырбек Жумашбек уулунун салмагы (61 килограмм салмакка чейин күрөшөт) олимпиадалык эмес. Спортчу гезитибизге берген маегинде кийинки жылдан тартып олимпиадалык 57 же 65 килограмм салмакка өтүп, Олимпиада оюндарына барууга аракет кыларын белгилеген.

26-сентябрда президент Садыр Жапаров балбандарыбызды куттуктап, акчалай сыйлык ыйгарды. Анда алтын алгандар 1 миллион сомдон, күмүш медалчыбызга 750 миң сом, коло медалчыбызга 500 миң сом берилди. Мында машыктыруучулар да 800, 700, 500, 200, 100 миң сомдук акчалай сыйлыктарга ээ болушту. 30 мамлекеттин балбандары катышкан Дүйнө чемпиондугунда жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстан Япония менен АКШдан кийинки 3-орунга жайгаша алды.

23-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында 4 жылда бир өтүүчү Азия оюндары башталган. 26-сентябрда дзюдочу Эрлан Шеров алтынды моюнуна илип, алгачкы медалды капчыгыбызга салды. Анын артынан эле ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов коло тагынды. Ал эми бокс боюнча беттешке чыккан Аскат Култаев 1/8 финалда индиялык мушкерди утуп, чейрек финалга багыт алды. Белгилей кетсек, Азия оюндарына 40тан ашык өлкөнүн спортчулары катышууда. Беттештер 8-октябрга чейин уланат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан