Алишер Эрбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “МАДУМАРОВ МИТИНГ, ЖӨӨ ЖҮРҮШТҮН КЕРЕГИ ЖОК ДЕДИ”

Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алишер Эрбаев менен маектештик. 20 жыл улуттук коопсуздук кызматында иштеген адамдын ачылып маек берүүсү күмөн го деп ойлоп келген элем маекке. Жок, ачык-айкын баарлашып, түз суроолорго тайсалдабай түз жооп берип отурду. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурган фракция лидери Адахан Мадумаров менен жолугуп чыкканын, анын абалы тууралуу да айтып берди.

– Саламатсызбы, Алишер мырза. Айрымдар саясатка бизнестен, спорттон же илимден келишет. Сиз кайдан келдиңиз?

– Мен мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда баш-аягы 26 жыл иштедим. УКМКда кенже опер кызматкерден баштап, жетекчилик кызматка чейин жеттим. Андан сырткары Каржы полициясында, энергетика тармагында, бажы кызматында эмгектенгем. УКМКда 20 жылдай иштегенден кийин, байкасам, баары эле жаштар, жаңы муун өсүп келе жатат. Ошондо “кой, түбөлүктүү эч нерсе жок. Өз жолум менен кетейин” дедим. Менде бизнеске, саясатка кетүү же муниципалдык кызматтарда, мугалим болуп иштөө варианттары бар эле. Орусиянын абадан коргонуу аскердик академиясын артыкчылык менен бүтүргөм. Көп жолу Орусияга жана башка чет мамлекеттерде мугалим болуп иштөөнү сунушташкан, бирок баш тартып келгем. Себеби, мекенимди сүйөм. Кичине болсо да алган илимим, билимим, тажрыйбамдын өз элиме кереги тийсин дедим. Карап көрүп саясатка барууну туура көрдүм. Эми УКМКда иштегенде бардык тармактан кабардар болуп турасың да. Саясатка келишимди кыскача Рузвельттин сөзү менен түшүндүрө алам: “Саясатчы шайлоодон кийин кайра кийинки шайлоонун камын көрөт. Ал эми мамлекетчил адам кийинки муундун камын көрөт”. Мен да кийинки муундун камын көрүүгө аз да болсо салымымды кошсом деп келдим.

– Адахан Мадумаров менен көптөн бери таанышсызбы? Кандай жагдайда “Бүтүн Кыргызстан” менен шайлоого аттангансыз?

– Адахан Мадумаров коопсуздук кызматында, мамлекеттик катчы болуп иштеп турганда мамлекет тарабынан кайтарылчу адамдарга кирет эле. УКМКнын кызматкери катары анын коопсуздугун камсыздап турганбыз. Жеке тааныштыгым жок болчу. Бирок мени кыргыз саясатында эки саясатчы таң калтырып келген. Бири Өмүрбек Текебаев, экинчиси Адахан Мадумаров. Экөө тең 30 жылдан бери саясатта, болгондо да оппозицияда жүрүштү. Бүгүнкү күн – эртеңки тарых, ушул кишилердин тарыхта изи калары анык. Аталган эки кишинин феномендүүлүгүнүн сырын билгим келди. Башында Өмүрбек Чиркешовичтин партиясы менен шайлоого аттанайын дегем, бирок анын партиясы шайлоого катышпай калды. Андан соң Адахан Кимсанбаевич менен жолугуп, сүйлөшүп алдыдагы шайлоолорго чогуу аттанууну чечтик. Саясатты сыртынан билчүмүн, эми көшөгө артын көргүм келди.

– Анан, көшөгө артында эмнелер болот экен?

– Буга чейин эле “саясат кир, туруктуулук, достук жок, кызыкчылык гана бар” деген кептер айтылып келген да. Көшөгө артынан эки жүздүү адамдарды көрдүм. Сенин көзүңчө башка, ары жакка барып такыр башканы сүйлөгөн адамдар көп. Бирок эч кимиси бири-бирине капа болуп, таарынбайт экен, ушуга аябай таң калдым. Мен аскер адамы болгонгобу, ата-энемден алган тарбиям, баскан жолум мындай эки жүздүүлүккө жол бербейт. Акты ак, караны кара дейм. Сын эле айта бербей, сунуштарымды кошо айтам.

– Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча анын фракциялаштары пассивдүү болуп жатышат деген пикирлер бар...

– Эми мындай кептер социалдык тармактарда айтылып жатса керек. Биринчиден, биздин фракциянын өзүнүн урааны бар: “Мыйзам, ыйман, адеп”, ушундан чыккан жокпуз. Лидерибиз да ошону карманып турат. Баарыбыз эл көзүнө жасалма көрүнүүдөн алыспыз. Экинчиден, биз парламентте көп эмеспиз, алтообуз эле. Аксакалыбыз Исхак Масалиев жакында оор операцияны башынан өткөрүп, өзүнө жакшы келе элек. Айгүл Айдарова да ооруканада. Калганыбыз колдон келишинче үн кошуп жатабыз. Кечээ (ред.: 25-сентябрь) УКМКнын тергөө абагында Адахан Кимсанбаевич менен жолугуп, бир сааттай сүйлөшүп чыктым. “Бул саясий куугунтук, менин күнөөм жок. Эч кимден эч нерсе сурабагыла, мен да сурабайм. Ушул тарыхый учурду эл да көрсүн” деп жатат ал киши. “Митинг, жөө жүрүштүн кереги жок, биз башка жол менен барабыз. Мыйзамдуулукту сактагыла, Кудай маңдайыма ушуну көрөсүң деп жазып койгон, демек, ошону көрүп жатам” деди. Духу мурункудан да күчтүү, ал киши сына турган адам эмес. Кант диабетинен жабыркайт, бир аз жүрөгү ооруп жатыптыр. Бүгүн-эртең атайын аппараттарды алып келип текшеришмек экен, бирок создуктуруп жатышыптыр. Абактын жетекчиси менен сүйлөшсөм бүгүн алып келет дешкен.

– Оппозициялык партиядан депутат болуу азыр деле кыйынбы? Кысым, коркутуулар, бут тосуулар...

– Саясатта ар кандай оюндар болуп турат. Жакында Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун карап чыгалы, депутаттык комиссия түзөлү деген сунуш бердик. Мадумаров Жогорку Кеңеште эң көп добуш алып шайланган депутат, фракция лидери, 30 жылдан бери саясатта жүргөн инсан. “Мамлекеттик чыккынчылык” деген абдан оор берене, жүз жолу өлчөп анан ушул беренени тагышчу. Бирок сунушубузду көпчүлүк колдобой койду. Биз билгенбиз колдобой коёрун, бирок эл-журт да көрсүн дедик. Депутаттардын чыныгы жүзүн көрсүн, баасын берсин. Бул дагы саясий күрөштүн бир түрү.

– Алишер Эрбаев 2 жылда кандай мыйзамдарды жазды?

– Тээтиги шкафты көрдүңүзбү, ошонун ичинде жалаң мен колго жазган мыйзамдар турат. Мыйзамдарды жардамчым же кеңешчим эмес, өзүм калем менен жазып чыгам. Азыр да комитет жыйынында мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланат. Мына, окуп көрсөңүз болот (ред.: колундагы кагазды сунуп). Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга, Мамлекеттик, муниципалдык кызматтар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Былтыр парламент 97 мыйзам кабыл алган, анын ичинде 27 мыйзамга автор жана авторлош болдум.


Кыска-нуска:

– Өзүңүздү 3 сөз менен сүрөттөп берсеңиз?

– Мени эл сүрөттөсүн.

– Алмабы же Самсунгбу?

– Алма. Айфонду үчүнчү версиясынан бери колдонуп келем.

– “Сникерсни” деген сөздү кандай түшүнөсүз?

– Аны кесиптештеримден сурасаңыз жакшы болмок. Лексиконумда ушундай “паразит” сөздөрдү колдонбогонго аракет кылам.

– Келечегиңизди кандай элестетесиз?

– Ар бир адам биологиялык милдеттеринен тышкары, жашоого эмнеге келгенин, миссиясын болжолдуу билиши керек. Мен өзүмдүкүн билем.

– Эмнеге кейийсиз?

– Убактымды текке кетиргениме кейийм, көп нерсени эрте жасасам болмок экен деп калам кээде.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан