ТАМАКТЫН ДААМЫН АРТТЫРГАН КЫШКЫ ТАТЫМАЛДАР

Кышка даярдыктын акыркы аракеттерин көрүп жатасызбы же эми баштадыңызбы? Кандай болсо да бул татымалдар ашканада эң көп желет. Жасап алсаңыз бардык тамакка кошуп же өзүн деле нан менен жей бересиз. Сыноодон өткөн, ишенимдүү рецепттер сиз үчүн.

Уйгур приправасы

Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):

Помидор – 2,5 килограмм

Кызыл таттуу болгар калемпири –

1,5 килограмм

Сарымсак – 200 грамм

Жүсай, сельдерей, кинза, укроп – 1 боодон

Уксус (9%) – 3 аш кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Туз – 1,5 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Сарымсакты тиштеринен ажыратып, жылуу сууга 10-20 мүнөт салып коёбуз. Мындай ыкма менен сарымсак оңой аарчылат.

2. Помидор, болгар калемпири жана сарымсакты жууп, тазалап 2-3кө бөлүп, эт туурагычтан өткөрүп алабыз. Сарымсакты өзүнчө өткөрүү керек, анткени ал аягында кошулат. Ашкөктөрдү да жууп, кургатып, майда туурайбыз.

3. Помидор менен болгар калемпирин кошуп аралаштырып, отко коёбуз. 40 мүнөт жай отто кайнап, ашыкча суусунан арылышы керек. Коюуланганда туз, кумшекер, сарымсак, уксусту кошуп аралаштырабыз. 10 мүнөт кайнатылат. Эми ашкөктөрдү кошуп, 5 мүнөт күтөбүз да, оттон чыгарып, бууланган банкаларга куюп жабабыз.

Кышкы лаза

Керектелүүчү азыктар (1 литр үчүн):

Орточо ачуулуктагы болгар калемпир – 1 килограмм

Помидор – 2 даана

Сарымсак – 300 грамм

Өсүмдүк майы – 70 миллилитр

Туз – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпиринин башын кесип, данектери менен кошо эт туурагычтан өткөрөбүз. Помидор менен сарымсакты да өткөрүп алуу кажет.

2. Казанга майды куюп, аябай ысып чыкканда сарымсакты салабыз. Сарымсак бир аз кызарган соң помидор менен болгар калемпирин кошуп, туз салып 10 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон ачуу татымалдарды бууланган майда банкаларга ысык кезинде куюп, капкагын жабабыз. Муздаган соң муздаткычта же жер төлөдө сактасаңыз болот.

Аджика

Керектелүүчү азыктар (4 литр үчүн):

Этүү помидор – 2 килограмм

Кызыл, жашыл таттуу болгар калемпири – 1,5 килограмм

Ачуу калемпир – 1-2 даана

Орточо ачуулуктагы болгар калемпири – 600 грамм

Сарымсак – 300 грамм

Өсүмдүк майы – 40 грамм

Уксус (80%) – 1 аш кашык

Кумшекер – 2 аш кашык

Туз – 2,5 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач жашылчалардын баарын жууп, тазалайбыз. Орточо жана ачуу калемпирдин башын кесип, данектерин албай эле коюуга болот. Буларды жууп, туураарда ачуулугунан коргонуу үчүн колуңузга сөзсүз түрдө желим колкап же целлофан баштык кийип алыңыз.

2. Бардык азыктарды эт туурагыч же блендер менен өз-өзүнчө майдалайбыз.

3. Казанга майды куюп, ысып калган кезде таттуу болгар калемпирин салып, бир борк эткенде үстүнө помидорду, ачуу калемпирлерди салып, туз кошуп аралаштырганча 30-40 мүнөт кайнатабыз. Ачуу калемпирлерди аз-аздан салып ачуулугун сиз каалагандай кылсаңыз болот. 10 мүнөттөн соң сарымсакты, эгер кааласаңыз ашкөктөн туурап кошуп, дагы 5 мүнөт кайнатуу керек. Аягында уксусту куюп аралаштырып, бууланган банкаларга куюп, капкагын бекем жабабыз.

Кайнатылбаган приправа

Керектелүүчү азыктар (7-8 литр үчүн):

Помидор – 5 килограмм

Таттуу кызыл болгар калемпири –

3 килограмм

Орточо ачуулуктагы болгар калемпири – 1 килограмм

Сарымсак – 500 грамм

Хрен тамыры – 50 грамм

Укроп, петрушка – 1 боодон

Туз – 3 аш кашык

Аспирин – 7 таблетка

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды жууп, тазалап, баарын эт туурагычтан өткөрүп алабыз. Укроп менен петрушканы майда туурайбыз. Бир идишке баарын чогултуп, туз кошуп аралаштыруу керек. Даамдап көрүп ачуусу же тузу жетпей жатканын байкап кошуп алыңыз.

Хрен тамыры кычкыл-ачуу даам берет, кошпой жасасаңыз да болот.

2. Аспирин приправаны ачытып жибербейт, даамына эч кандай таасир этпейт. Аспиринди ундай майдалап кошуп аралаштырып, 5-6 саат же бир түн көбүгү чыкканча салкын жайга коё турабыз. Көбүгүнөн тазалап, таза, жыттанбаган бакалажкаларга куюп, муздаткычка же жер төлөгө салып коёбуз.

Эгер аспирин кошууну каалабасаңыз жашылчалардын чирибегенинен, тазаларынан жасап, жасап бүткөн соң аралаштырып көбүгүнөн жакшы тазалап, идиштерге куюп такай муздак жерде сактоо шарт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан