ЧОҢ ТАЛАШТЫН ЧОРДОНУНДАГЫ АЙМАКТАР

Жер-суу талашы өлкөлөрдү бири-бирине душман кылып, атүгүл согуштуруп келе жатат. Тарых барактарында, мисалы, Крым, Тоолуу Карабах, Тайвань талашы белгилүү. Кээде кичинекей гана жер башка гектарлаган аянтка алмашкыс мааниге ээ болорун окуялар тастыктап келет. Бул жолу дүйнөнүн көңүлүн буруп, көп жылдардан бери талаш чордонунда келе жаткан аймактар, алардын баалуулугу тууралуу сөз кылалы.

Крым – Орусия-Украинаны согуштурган аймак

“Крым кимдики?” деген суроого адатта ар ким жеке саясий, субъективдүү көз карашына ылайык жооп берери анык. Крым көптөн бери Орусия жана Украинанын ортосундагы аймактык талаштардын объектиси болуп келет. Тарыхый булактарга таянсак, 1783-жылы Крым жарым аралы Орусия империясына кошулуп, 1917-1922-жылдардагы согушта Крым ак кыймылдын акыркы таянычы болуп турган. Совет доорунда РСФСРдин курамында, 1954-жылы СССРдин жетекчилигинин чечими менен Украина ССРинин курамына өткөн. Кара жана Азов деңиздери менен курчалып турган бул жарым арал кезинде Бүткүл Союздун санаторийи деп эсептелчү.

Соңку тарыхта Украинада бийлик улам-улам алмашып, өлкө саясий кризиске кептелгенде ошол учурдагы Крым автономдук облусунун Жогорку Совети Украинанын жаңы өкмөтүнө баш ийүүдөн баш тартып, Орусиянын курамына кирүү чечимин кабыл алган. Жарым аралдын көбү 2014-жылы Орусияга аннексияланды. Крымга бүгүнкү күнү Украина өзүнүн Орусия оккупациялаган автономдук аймагы катары караса, Орусия өзүнүн федералдык субъектиси деп эсептейт. Бул аймакты өз кучагына алууга Орусия эмнеге жан талашкан? Адистердин айтымында, маселе Кара деңиз флотунда. Орусияга караштуу флоттун инфраструктурасынын 70 пайызы Крымда жайгашкан. Дал ушул базанын арты менен Орусия Кара жана Жер ортолук деңиздеринде өзүнүн үстөмдүгүн күчөтө алат. Бул аскердик базага байланыштуу чырлар Союз ыдырагандан бери күчөп келген. Украинада “биздин аймакта чет элдин аскердик базаларынын жайгашуусуна жол бербөө керек, биздин улуттук кызыкчылыкка каршы келет” деген пикирлер тынбай айтылып келген. Орустар менен украиндердин ортосундагы мамиленин башкы көйгөйү да ушул флот болчу. 2010-жылдагы макулдашуу боюнча Орусия 2017-жылдан тарта жыл сайын флоттун ижара акысы үчүн Украинага 100 миллион доллардан төлөп бермек болгон. Бирок Украинадагы түрдүү түстөгү революциялардан улам Орусия абалды пайдаланып, маселени өз пайдасына чечип алганга үлгүрдү.

Тоолу Карабах – 30 жылдык тиреш аяктоо алдында

30 жылдан ашык убакыт бою Азербайжан менен Армениянын талашында келген Тоолуу Карабах аймагы чынында кайсы мамлекетке карайт? Жакынкы тарыхына токтолсок, эки өлкө ортосундагы чатак 1988-жылы башталган. Анда Ереванда 1 миллионго жакын адам жүрүшкө чыгып, Карабах автономдук облусунун Азербайжан ССРинен чыгып, Арменияга кошулуусун талап кылган. Анткени Карабахтын жашоочуларынын 80 пайызын армян улутундагы жарандар түзгөн. Советтер Союзу ыдыраганда Армения Азербайжан менен согушуп, Карабахтын басымдуу бөлүгүн өзүнө каратып алган. Армениянын согуштук аракеттери этникалык тазалоо менен коштолуп, геноциддин да белгилери болгон дешет эксперттер. Ал окуялардын натыйжасында аймакта жашаган азерлердин басымдуу бөлүгү качкынга айланып Тоолуу Карабахтан чыгып кетишкен. Бүгүнкү күнү абал такыр башка нукта өзгөрүп турат. Дүйнөдө мунайга болгон баа өсүп, Азербайжан андан көп киреше таап, аны коопсуздук жана коргонуу тармагына инвестициялаганга жетишет. Түркия сыяктуу тилектеш мамлекеттер менен жылуу мамиле түзүп, быйыл 21-сентябрда Карабахты багындырууга жетишти. Аймактын бийлик башчылары капитуляция келишимине кол коюп багынып беришти. Эксперттер ушуну менен 30 жылга созулган чырга чекит коюлду деп жатышат. Карабахтын баалуулугу эмнеде? Эбегейсиз аянтты ээлегенден тышкары аталган аймакта гранит, базальт, цемент, графит, литографиялык таш, гипс, кум жана жогорку сапаттагы чопо өндүрүү үчүн чийки зат кендери бар. Тоолуу Карабах минералдык суу ресурстарына да бай.

Тайвань – Кытайдын баш оорусу

Тайвань Кытайдын карамагында деген статуска ээ болгону менен, өз алдынча иш жүргүзгөн провинция болуп саналат. Кытайдын баш оорусуна айланган бул арал 20-кылымда дүркүрөп өсүп, Азиядагы “төрт жолборстун” бирине айланган. 12-кылымдан тарта Тайвань расмий түрдө Кытайдын карамагына кирген. Деңиз аймактарын коргоо максатында деп Кытай бул аралга аскерлерин жеткирип, жергиликтүү жашоочуларды сүрүп чыгышкан. 17-кылымда Нидерланд, Япония, Испания, Португалия өңдүү мамлекеттер жыл сайын аралды басып алуу максатында кол салып турушкан. Натыйжасында Тайвань 20 жыл Нидерландынын, 50 жылдай Япониянын курамында болуп турган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин арал кайра Кытайдын карамагына өтөт. 23 миллион калкы бар Тайвандын экономикалык жактан Кытайдан көз карандысыз болуп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тыгыз мамиле түзүп, эркин мамлекет болууга умтулуусу Кытайдын уйкусун бузуп келет. Алсак, Тайвань "эл аралык алтын сактагыч" деген репутацияга ээ болуп, өзүнүн ири соодасын алтынды импорттоо үчүн пайдаланып келет. Бирок Тайвандын чыныгы ийгилиги 1990-2000-жылдары, өлкө дүйнөлүк электроника заводуна айлангандан кийин башталган. Тайвандын өз алдынча иш жүргүзгөнүн, ага көзөмөлдүн жоктугун Кытай өзүнүн бүтүндүгүнө жана мыйзамдуулугуна коркунуч деп эсептейт. Пекиндин Гонконгдогу нааразычылык акцияларды басуудагы агрессивдүү аракеттеринен кийин Тайвань ого дейре Кытайдан кол үзүүгө аракет жасай баштаганы байкалат. Азыр Кытай улам Тайванды аскердик чабуул менен коркутуп, аскердик базаларын жаңылап, аралга жакын жерде масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрүп, Кытайдын аба күчтөрү аралдын аба мейкиндигин такай бузуп өтүп сес көрсөтүп жатат деп дүйнөлүк ЖМКларда айтылып, жазылууда. Кытайга Тайванга карата аскердик активдүүлүгүн күчөткөндө Австралия, Улуу Британия жана АКШ биригип AUKUS аскердик альянсын түзүшкөн. Максаты – Азия-Тынч океан аймагындагы Кытай коркунучуна каршы туруу жана Тайванды коргоо деп аталат. АКШ Тайвандын таасирдүү өнөктөшү экени белгилүү. Өткөн жылы АКШ Конгрессинин өкүлү Нэнси Пелоси Тайванга расмий сапары менен учуп барарын жарыялаганда АКШ анын учагын атышыбыз мүмкүн деп коркутканы көпчүлүктүн эсинде. Кытай Тайвань маселесин күч менен чечеби? Тайвандын көз карандысыз мамлекет болуу мүмкүнчүлүгү кандай? Бул суроолорго азырынча так жооп жок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан