Эрлан Шеров, дзюдочу: “ДАНИЯР КӨБӨНОВДУН ЖЕҢИШИ МЕНИ КАТУУ ТААСИРЛЕНТКЕН”

Кытайда 23-сентябрда старт алган XIX Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышууда. Ушул мелдеште Кыргыз куржунуна алгачкы тарыхый алтын медалды салып жалпы элди кубанткан дзюдочу Эрлан Шеров ушул тапта көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Буга чейин дзюдо боюнча Азия оюндарында алтын медаль уткан кыргызстандык спортчу болгон эмес. Жеңиштин даамын татып турган балбан менен кубанычын тең бөлүшүп, маектештик.

– Салам, Эрлан мырза, жеңиш кут болсун! Тарыхый алтын медалды кыргыз куржунуна салдыңыз. Жеңиштен кийинки сезимдер кандай болуп жатат?

– Рахмат, саламатсыздарбы? Учурда бир гана бактылуулук сезимдери болуп жатат. Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарынан дзюдо боюнча биринчи алтын медалды утууну Жараткан насип этти. Мени колдогондордун баарына, жалпы кыргыз элиме терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле машыктыруучуларыма таазим этем. Алардын талыкпаган чоң эмгеги, ишеничинин арты менен ушул ийгиликке жеттим.

– Жеңишке карай жол деле оңой блбосо керек... Даярдык, жеңишке болгон ишенич кандай эле?

– Албетте, жеңишке карай жол оңой болгон жок. Даярдык деле оор болду. Азия оюндарын утурлай Ысык-Көлдө физикалык жана Ташкентте жалаң күрөш менен машыгуу жыйынын өткөрдүк. Бул ирет даярдык өзгөчө болду. Бир гана алтын медаль утууну көздөгөнбүз. Алгачкы беттеште бир аз толкундоо болду, экинчи айлампадан баштап өзүмдүн ойлорумду топтоп, чачырабай жыйнактуу күрөштүм. Ал эми финалдык беттеште өзүмдү эркин сездим, мыкты ыкмаларды колдонуп күрөшүп, атаандашымды жеңип, алтын медаль тагындым.

– Атаандаштарыңыз тууралуу айтып берсеңиз? Кимиси кандай атаандаштык жаратты?

– Биринчи айлампада Кытайдын балбаны менен кез келдим. Аны менен буга чейин 2019-жылы Азия чемпиондугунда күрөшүп утулуп калгам. Бул ирет реванш алдым десем болот. Экинчи айлампада ливандык балбан менен чыктым, буга чейин андан да Ислам оюндарында утулуп калгам. Бул жолу аны дагы уттум. Учурдагы спорттук формам мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшы десем болот. Үчүнчү айлампада Арабиянын атынан күрөшкөн орус балбаны менен чыктым. Аны менен биринчи ирет кез келдим, абдан күчтүү атаандаш болду, аны утуп, финалдык беттеште Дүйнө чемпиону, Олипиаданын коло медалчысы Давлат Бобонов деген өзбек балбаны менен кез келдим. Аны менен төртүнчү ирет күрөшүп жатам, өтө күчтүү балбандардын бири. Экөөбүздүн жалпы эсебибиз 2:2 болду. Ал мени буга чейин 2 ирет уткан, эми мен да аны экинчи ирет уттум.

– Бул Азия оюндарына болгон биринчи сапарыңыз да? Азия оюндарынын ачылышы, уюштурулушу тууралуу мактоолор көп болуп жатат. Кандай таасирлер болду сизде?

– Ооба, Азия оюндарына биринчи жолу катышып жатам. Ачылыш аземи абдан жогорку деңгээлде өттү. Уюштуруу жагынан Кытай өзүнүн деңгээлин көрсөттү. Мындай ачылыш аземи ар бир өлкөдө боло бербейт го дейм.

– Канча убакыттан бери спорттосуз? Дзюдо кантип жашооңуздун бир бөлүгүнө айланып калды?

– Спортто жүргөнүмө 15 жыл болду. 10 жашымдан тарта машыгууга барууну баштагам. Алгачкы жылдары грек-рим күрөшү менен дзюдону бирге алып бара жаткам. Бир күнү дзюдо, бир күнү грек-рим боюнча күрөшкө барчумун. Экөөнүн ортосунда жүргөндө эки күрөш стилинин тең видеолорун көп көрчүмүн. Мага дзюдонун видеолору көбүрөөк жагып калган. Анткени жыгылткандары, көтөрүп чапкан ыкмалары абдан кызыктуу болуп көрүндү. Анан мен дагы чоңойгондо ушундай болуп күрөшүп каламбы деп кызыктым, үч жылдай убакыт өткөндө дзюдону биротоло тандадым. Бүгүнкү ийгилик 15 жылдык мээнеттин үзүрү десем болот.

– Спортчу болушуңузга үй-бүлө мүчөлөрүнүн спортчу болгону да чоң таасир берсе керек? Кичине кезиңизде алардай спортчу болууну кыялданчу белеңиз?

– Ооба, таасири тийди. Атам грек-рим күрөшү, апам жеңил атлетика менен алектенчү. Андыктан үйдө спортко болгон багыттоо, колдоо жакшы болчу. Агам жеңил атлетика менен алектенет, Кыргызстандын жана бир нече эл аралык мелдештердин чемпиону. Мен болсо дзюдо менен кеттим. 2010-жылы Гуанжоу шаарында өткөн Азия оюндарында Данияр Көбөновдун чемпион болгонун атам, байкем болуп чогуу отуруп көргөнбүз. Ошол көрүнүш мага абдан күчтүү мотивация берип, өзгөчө бир кыял жаралган. Мен дагы ушундай болуп Азия оюндарынын чемпиону болом деп өзүмө чоң үмүт арткам.

– Улуттук курамга качан кошулгансыз?

– Улуттук курамага 2014-2015-жылдары кирдим. Алгач кадеттер арасында катышып жүрдүм. Анан жаштар арасында чыгып, Азия чемпиону болдум. Дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыктым. Ошондон бери эле улуттук курамда мелдештерге катышып келе жатам.

– Олимпиада оюндарына аз эле убакыт калды. Лицензия алууга канчалык мүмкүнчүлүк бар?

– Азыркы учурда негизги даярдык Олимпиада оюндарына карата болуп жатат. Жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөр чоң. Бизде упай чогултуп, рейтингдик систем менен алабыз. Олимпиадалык рейтингде 8-орунда элем, Азия оюндарынын жыйынтыгы менен дагы да алдыга жылам. Алдыда дагы 6-7 турнир бар, буюрса, ошолорго ийгиликтүү катышып, жолдомо алсак деген тилектер бар.

– Ийгилигиңиздин артында турган машыктыруучуларыңыз тууралуу дагы сөз кылбасак болбос...

– Алгачкы машыктыруучуларым Алик Смаилов жана Роман Кузьмин болду. Ошолор мага дзюдо эмне экенин көрсөтүштү, жол салып беришти. Кийин алар мени башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов, улук машыктыруучу Сергей Кладновго тапшырышты. Алар менен 5-6 жылдан бери чогуу машыгып, эмгек кылып келип ушул жыйынтыкка жетип отурабыз. Жеке машыктыруучум Роман Кузьминге терең ыраазычылык билдирем. Бир гана спортто эмес, жашоодо дагы көп нерсени үйрөттү. Ошондой эле башкы машыктыруучубуз Абдужалил Юнусовго терең ыраазычылык айтам. Бул киши 20-кылымдын эң мыкты дзюдочусу болуп эсептелет. Ал киши өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, мотивация берип биз ушул ийгиликтерге жетип отурабыз.

– Убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылык. Ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан