Эльзар Өскөнбаева, ырчы: “УНААНЫ ЫЛДАМ АЙДАЙМ, БУЛ АДАМДЫН МҮНӨЗҮНӨН ОКШОЙТ”

“13 жылдан бери рулдамын” дейт белгилүү ырчы Эльзар Өскөнбаева. Темир тулпары менен тааныштырып, унаага болгон табити, МАИ кызматкерлери, жолдогу окуялары тууралуу айтып берди.

Үлгүсү: Subaru Forester

Чыккан жылы: 2018-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү: 2000 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы: саатына 240 чакырым

Баасы: 15 миң доллар

– Эльзар айым, айдоочулук тажрыйбаңыз көп экен?

– Ооба, 23 жашымдан бери рулдамын. Буга чейин жапыз унааларды айдагам. Азыркы унаама чейин Subaru Outback айдап, ошондон кийин бийик унаага өттүм. Өзүм көбүнчө шашып, ылдам айдайм, чуңкурларга түшүп, “лежачий полицейскийден” катуу өтүп кетем. Шаарда тыгындар көп, кычык-пычык жаман жолдорго кирип айдаганга туура келет. Ошондойдо бул унаа чыдамкай экен. Жапыз унаа айдасам талкалай берип, жездеңердин чөнтөгүнө күч келет. Атайын катуу айдайын дебейм, бул адамдын мүнөзүнөн көз каранды нерсе окшойт. Айып пулдар дагы ылдамдыкты ашыра айдаганым үчүн келет. Көбүнчө тойго шашып баратканда ылдам айдоого туура келет. 300 кишини күттүргөндөн көрө 300 сом айып пул төлөйүн дейсиң. Ылдамдык, коопсуздук куру үчүн тосо берип МАИ кызматкерлери мени жакшы таанып калышкан. “Сен канчанчы жолу түшүп жатасың?” деп калышат. Ошентип алар менен тааныш болуп, алардын да көп жакшылыктарында кызмат кылдым. Бир жолу ооруканага кирип чыксам, унаамды жүктөп кетишиптир. Барып, сүйлөшүп, унаамды чыгарып кеткем. Ошол байке менен кийин бир туугандай эле мамиледе болуп калбадыкпы. Ошондой тааныш МАИ байкелерим көп.

– Унаа алмаштырган сайын улам кымбатын, улам жакшысын алгыңыз келеби?

– Андай кумар жок менде. Негизгиси абалы жакшы болсо болду. Эң алгач 3700 долларга Nisan Cefiro унаасын сатып алгам. Шайлоодо иштеп биринчи жолу көбүрөөк гонорар алгам ошондо. Жетпегенине атам торпок сатып кошуп берген. Спорттук бышык унаа болчу. Ошол унаа менен сүзүлүп, сүзүп, арыкка түшүп кетип жүрүп айдаганды үйрөнгөм. Автомектептен жакшы эле үйрөндүм деп ойлогом. Бирок баары тажрыйбадан экен да. Акыры ал унаа жарабай калып, тектиктерге сатылды. Акыркы жолу айылга бара жатканда унаам ала салып кетти. Анда жол жээгиндеги шагыл тартып кетет дегенди түшүнчү эмесмин. Бурулуштан катуу бурулуп койгон окшойм. Шагыл тартып кетип, унаа токтобой ары-бери чайпалып барып ала салып кетти да, кайра туруп калды. Жанымда атам, эжем кызы экөө бар болчу. Унаа жалпайып, айнеги күбүлүп түшүп калган. Бирок биз эч нерсе болгон эмеспиз, Кудай сактаган. Анан кан чыгарып түлөө өткөргөнбүз. Унааны 500-600 долларга араң сатканбыз.

– Андан кийин коркуп, жай айдап калган жоксузбу?

– Бир аз корктум. Бирок жаштык кылдым окшойт. Кайра рулга отурганда эле ал окуяны унутуп калгам. Айдап жүргөндө мындай нерселер эсиңе келбейт. Кээде жаңылыктардан кырсыктар жөнүндө окуп калганда денең дүр дей түшөт. Жаш кезимде кантип коркпой, унаанын эч нерсесин билбей айдап жүрө бердим деп ойлоном. Кемин, Ысык-Көлгө өмүрү көрбөгөн айылдарга тойго жалгыз эле кетип калчумун, күнү-түнү жүрө берчүмүн. Балалуу болгондон кийин өзүңө керек болбосоң дагы, үй-бүлөмө керекмин деп калат экенсиң. Устатым Роза Аманова да катуу айдайт да. Бир жолу бир жакка кечигип жатканбыз, катуу айдап баратат. Балам менен отургам, ырчы Нуржан Түмөнбаева да бар. Коркуп жатам. Нуржанга “күйөөм сулуу, балам жаш, эжеге айтчы, акырын айдасын” деп шыбырасам аябай каткырышкан.

Нотаны сезгендей эле эки дөңгөлөктү, унаанын каркасын сезиш керек да. Жаш кезде сезбей, унаа жүрүп турса эле айдай берчү экем. 13 жыл болду, күнү-түнү айдайм. Шумдук тажрыйбалуу болуп эркектерден ашып кеттим дебейм. Эркектер унаа айдаган жагынан баары бир аялдарга караганда жакшы. Анткени алардын ою бир жерде болот. Биздей болуп миң ойду ойлобойт экен.

– Жолдо дөңгөлөк жарылып калса алмаштыра аласызбы?

– Дөңгөлөк жарылган учур болгон. Бир жолу Кара-Балтадан тойдон келе жаткам. Жамгыр төгүп жаткан учур эле. Алмаштырганды билбейм. Ошол жерден бир үйгө кирип жардам сурасам, алар да билишпейт экен. Дүкөнгө кирсем алар да билбейбиз дешти. Анан кафедеги ашпозчу байке менен официант бала алмаштырып беришкен. Өтмө катардан суу өтүп ооруп да калдым ошондо. Ошондо “дөңгөлөк алмаштырганды үйрөнбөсөм элеби” дегем. Пенде экенбиз, аны деле бат эле унутуп калдым. Дагы деле алмаштыра албайм.

– Бирөө унааңызды сүзүп же чийип кетсе урушасызбы?

– Жок, көбүнчө сүйлөшүү жолу менен эле бүтөт. Андай ар бир айдоочунун башына келиши мүмкүн да. Кичине эле чийилсе кечирип коём. 2 жолу унаам мыйрыйып калганда сүзгөн адамдардын телефон номерин, паспортторун алып кеткем. Паспорттору дагы эле менде. Алар жок болуп кетишти. Азыр аялдарга караганда эркектердин жини бат келет. Мен сигнал бербей, ансыз да негатив толгон заманда сабырдуу болоюн дейм. Эркектер унаасынан түшүп келип айкырып, кыйкырып, урушуп, сөгүп кетишет. Аял экениңди көргөндө көбүрөөк жиндеп кеткендери бар. Болбосо алар деле астыңдан чыга калып, жөөлөп айдап жиниңе тийишет.

– Тыгындарды кантип жоёбуз, ойлонуп көрдүңүз беле?

– Башка мамлекеттерге барганда көрөм, жолдору тар болсо деле тыгын жаралбайт. Бизде эмнеге ушундай деп таң калам. Канткенде тыгын жоюлат билбейм, ойлоном, бирок акылым жетпейт.

– Сөз соңу болсун, чыгармачылыкта эмне жаңылык?

– Жаңы ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат. Бердибек Жамгырчиевдин сөзүнө жазылган Баян Акматовдун “Ата-эне” деген ырын жаздырдым. Бул ырга клип да тартабыз. Улуттук филармония болсо 7 дубанды кыдырып гастролдордо жүрөбүз. 3 күн мурун Нарындан келдик. “Эл ырчысы Эстебес” тобун мигранттар Москвага чакырып жатышат. Барып калышыбыз мүмкүн.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан