КЫЗАМЫК ӨТҮШҮП КЕТСЕ МЭЭ, ӨПКӨ, КӨЗ ЖАБЫРКАЙТ

Өлкөдө кызамык оорусу көп катталууда. Быйыл 1-сентябрга чейин аталган илдет менен 1835 бала ооруп, экөөсү каза тапкан. Учурда мектептерде айрым класстар карантинге жабылууда. Кызамык кантип жугары, кантип дарылап жана алдын алса болору тууралуу ар бир ата-эне билиши зарыл. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Гүлбадам Алиева маалымат берет.

1 жана 6 жашында эмдөө албагандар ооруйт

– Кызамык – РНК-вирусу козгогон өтө жугуштуу илдет. Кызамык (корь) менен кызылчаны (краснуха) алмаштырбоо кажет.

Кызамык адамга аба аркылуу жугат. Ооруган адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө вирус бөлүнүп чыгып абаны булгайт. Ошол булганган аба аркылуу башкаларга жугат. Вирустар абада жана бир нерсенин бетинде 2 саатка чейин кармалып, активдүүлүгүн жоготпойт. Негизинен 1 жана 6 жашында кызамыкка каршы эмдөө (КПК) албаган балдар оорушат. КПК өзүнө 3 ооруга каршы эмдөөнү камтыйт, алар: кызамык, кызылча (краснуха) жана тепме (паротит).

1 жашында эмдөө алгандардын организминде иммунитет пайда болгон күндө да, 6 жашында эмдөө албаса, адам кызамык менен ооруп калышы мүмкүн. Бирок оорусу жеңил өтөт. Кандай болгон күндө да 2 эмдөөнү тең алуу зарыл. Вирустар ички бездерде көбөйөт

– Вирустар организмге киргенден кийин дем алуу жолдорунун былжыр чели аркылуу өтүп канга кошулат, лимфа бездерине барат. Бездерде 7-21 күн ичинде билинбей көбөйгөн соң кайра канга кошулат. Оорунун белгилери болжол менен вирус жуккандан 8-күндөн кийин билине баштайт. РНК вирусу организмдеги А витамининин санын азайтып, кандагы ак кан денечелерин (лимфоциттер) жабыркатат жана теринин сырткы катмарын сезгентет.

Оору 1 жашка чейинки балдарда оор өтөт.

Кызамык 3 этап менен өтөт:

Катаралдык этап. Мында оорунун төмөнкү белгилери билинет:

• Дене тап көтөрүлөт (38,5-40 градуска чейин)

• Ооздун ички былжыр чел кабыгында ак тактар пайда болот. Ал тактар 4-5 күндөн кийин өзү кетет.

• Мурундун жана үндүн бүтүшү

• Шалдыроо, көңүлдүн айланышы, тамакка табиттин жоголушу

• Көздүн чылпактап, шишип, кызарышы, жарыктан уялышы

• Кусуу, ичтин өтүшү

• Кургак, күрсүлдөгөн жөтөл

Бүдүрчөлөрдүн чыгуу этабы

Мында төмөнкү белгилер кездешет:

• 4-5 күн дене тап көтөрүлгөндөн кийин денеде кызарган бүдүрчөлөр пайда болот. Алар кулактын артына, бетке, моюнга чыгат. 5-6-күндөрү курсакка, колго, анан буттарга жайылат. Бүдүрчөлөр бири-бирине кошулуп, көлөмүн чоңойтушат.

• Бүдүрчөлөр чыккандан кийин баланын абалы бир аз жакшыра түшөт.

Кокус дарттан баланын иммунитети кескин төмөндөп кетсе, анда кызамыктын вирусуна бактериялар кошулуп, ооруну татаалдаштырып жиберет да, пневмония жаралат. Баланын дем алышы кыйындайт, энтигет. Дене табынын көтөрүлүшү улана берет.

Кара тактардын пайда болуу этабы

Бүдүрчөлөр чыгып бүткөндөн кийин ордуна кара тактар пайда болот, сезгенген тери түлөп баштайт. Кара тактар 7-10 күн ичинде толук кетип, тери тазарат.

Анализ

Оорунун белгилери билинер замат кечиктирбей врачка баруу, же “Тез жардам” кызматын чакыруу керек. Бул ооруну өтүштүрүп жибербөө үчүн зарыл. Оорунун жеңил түрүндө баланы үйдөн, ал эми оор түрүндө ооруканага жаткырып дарылоо сунушталат.

Ооруканада дарылоодо төмөнкүдөй анализдер керектелет:

• Кан жана зааранын биохимиялык анализи

• Баланын кызамыкка чалдыкканын так аныктоо үчүн денесине бүдүрчөлөр чыккандан 4 күндөн кийин иммуноглобулинге анализ тапшырылат

• Өпкөнүн рентгени

• Оорунун татаалдашканы билинсе ички органдарынын УЗИси

• Ооздогу ак тактардын кырындысы (мазок) жана башкаларОоруканада жана үйдө дарылоо

Дарылоо оорунун белгилерине карата жүргүзүлөт. Дене табын түшүрүүчү ибуфен, парацетамол, вирустар бөлүп чыгарган ууларды организмден чыгаруу үчүн асма уколдор, А витамини керектелет. Суусундук жана суюк тамактарды көп берүү талапка ылайык. Бул да вирустардын ууларын денеден чыгаруу үчүн керек.

Оору ырбап кетсе, анда антибиотик кошулат.

Дарылоо баланын абалына жараша 5-10 күнгө созулушу ыктымал. Оорусу өтүшүп кеткендер жандандыруу бөлүмүнө жатып калышы мүмкүн. Ошондуктан дарыгерге убагында кайрылууну ата-эне эске алуусу кажет.

Үйдө дарылоодо деле жогоруда аталган дары-дармектер берилет. Андан тышкары оору жукпашы үчүн ооруган баланы башкаларга кошпой, өзүнчө бөлмөгө жаткыруу зарыл. Бөлмөнү 3 маал жууп-тазалап, желдетүү талапка ылайык. Көзүн кайнатылган жылуу суу менен жуу сунушталат.

Тамактануу

Кызамык менен ооруган эмчектеги балдарды бат-баттан эмизүү, тамакка аралышып калган балдарды витаминдүү тамактандыруу оң. Шире (сабиз, алманыкы), компот, сүт жана сүт азыктары (быштак, йогурт, айран), сүт ботко, картошка пюреси, уйдун майсыз этинен жасалган суюк тамактар, аллергия чакырбоочу жемиштерди жеп-ичүүгө болот.

Ачуу, туздуу, ышталган, ошондой эле аллергия чакыра турган азыктар (жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок этин малина) жеп-ичүүгө болбойт.

Кош бойлуу аялдарга коркунуч

Ооруп айыккан балада кызамыкка каршы иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу абдан коркунучтуу. Айрыкча кош бойлуулук мөөнөтү 3 айга чейинки айымдар ооруса оору козгогучтар кан менен өтүп, бала майып төрөлүшү ыктымал. Кош бойлуулуктун акыркы айларында ооруса ичтеги балада анемия жаралып, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар төрөлгөндөн кийин бир нече айга чейин кызамыктын вирустарын бөлүп чыгарып турат, абдан кыйналат. Андыктан кош бойлуулар кызамык илдетин жуктуруудан сак болушу зарыл.

Оору өтүшүп кетсе...

Оору өтүшүп кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит жана башка оорулар келип чыгышы ыктымал. Баланын сокур болуп же начар угуп калуу коркунучу да бар.

Оорунун алдын алуу

Кызамык эпидемиясы жүрүп жаткан кезде баланы эл көп топтоло турган жерлерге алып барбоо

Ооруган балдарга кошпоо, алардын оюнчуктары менен ойнотпоо

Бала кезинде эмдөө албагандар чоңойгондо деле алса болот. Кош бойлуу аялга эмделүүгө болбойт!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан