Акмаанай Эшбаева, ырчы: “ЭРКЕКТИН РОМАНТИК БОЛГОНУ ЭЛЕ ЖАКШЫ”

Маңдайымда шайыр, биринин сөзүн экинчиси кубаттаган, тамашалашып сүйлөшкөн жубайлар отурушту. Алар – ата жолун уланткан ырчы Акмаанай Эшбаева жана анын жолдошу, ырчы Кубатбек Алымкулов. Үй-бүлө, сүйүү, турмуштун өйдө-ылдый учурлары тууралуу жагымдуу маек куруп беришти.

– Саламатсыздарбы? Экөөңүздөр качан, кантип тааныштыңыздар эле, кепти ушундан баштайлы.

Кубатбек: – Саламатчылык. Мени 2014-жылы Акмаанай конок катары радио эфирге чакырып калды. Ал кезде “Санжыра” радиосунда “Селкинчек” программасын алып барчу. Ошондо таанышып, жылдызыбыз келишип кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук.

Акмаанай: – Эфирге таланттуу ырчыларды чакырчумун. Бир таанышым Кубатты мактап, телефон номерин берген. Мамилебиз бир сүрөттөн улам уланып кеткен. Эфир учурунда муну планшетке сүрөткө тарткан элем. Бир күнү вотсаптан “сүрөттү жиберип коё аласызбы?” деп жазып калды. Ошондон кийин сүйлөшүп жүрүп эле, кантип жакындашып кеткенибизди билбей калдык. Мен кыз-жигиттин айтышы дегенди жакшы көрчүмүн. Буга төрт сап ыр жазып жиберем, бул төрт сап жооп жазып жиберет, ошентип тамашалашып сүйлөшүп жүрүп эле, ортодо сүйүү тутанып кетти окшойт. Андан 2 жылдан кийин баш коштук.

– Кыз-жигиттик мамиледеги 2 жыл кандай өттү? Кызыктуубу?

К.: – Кызыктуу күндөр өттү. Урушуп кеткенибиз бат, табышканыбыз андан бат эле. Апам Акмаанайдын программасын калтырбай укчу экен, аны билчү эмесмин. Биздин сүйлөшүп жүргөнүбүздү үйдөгүлөр билбейт. Апам “Акмаанайды Ат-Башыга жайлоого конокко чакырбайсыңбы” деп калды. Акмаанайга айтсам макул болду. Эки досум, Акмаанай, төртөөбүз такси менен жайлоого жөнөдүк. Эрте эле чыкканбыз, жолдо улам токтоп сүрөткө түшүп, антип-минтип жүрүп жайлоого караңгы киргенде жеттик.

А.: – Караңгыда кетип бараттык, тоого жармашканда менде түтөк башталды. Өмүрү андай бийик жерге чыгып көрбөгөм да. Барсак, эт, тамактардын баары бышып бизди күтүп отурушуптур. Эсимде калганы – кайнатам “мен да ырдаганды билем” деп комуз менен аябай ырдап берген (күлүп). Эртеси көрдүм, аябай кооз жерге барыптырбыз.

К.: – Түнү байке-жеңелерим болуп костёр жагып, аккордеон, комуз менен таң сүрүлгүчө ырдап отурдук. Ошентип сый көрүп 2-3 күн жайлоодо жүргөнбүз.

А.: – Ошондо деле экөөбүз баш кошуп калабыз деген ой болбоптур.

– Баш кошуу чечимин качан кабыл алдыңыздар?

К.: – Ортодо “кой, сенин жолуң башка, меники башка экен” деген күндөр, эки жолго түшкөн учурлар болду.

А.: – Анан кайра эле табышып алчубуз.

К.: – Кызыгы, “болду, мамилени токтотолу, жөн гана кесиптеш бойдон калалы” деп экөөбүз өз унааларыбызга отуруп ээрчишип баратып, бул башка жолго бурулуп кетсе, кайра эле “каякка кеттиң?” деп чалам (күлүп). Болбой эле жүрөк коё бербейт.

А.: – Ии. Сүйлөшпөй 2-3 күн жүрөбүз. Анан эле кайра “болбойт экен” деп чалып баштайт. Кээде мен чалам. Кийин “ким эмне десе десин, эч ким биздин казаныбызга аш салып бербейт” деп акыркы чекитти Кубат койду. 2016-жылы баш коштук.

– Каршы болгондор көп беле?

К.: – Жок, эми баягы... Чынын айтканда, экөөбүздүн жаш айырмачылыгыбыз бар да. Ошол нерседен тартындык. Үйдөгүлөргө айтсам башында туура эмес түшүнүп, каршы болушту. Кийин макулдук берип, көнүштү.

А.: – Анын үстүнө жерибиз... “Ош каякта, Нарын каякта жатат, алыс” дешти. Бирок аягында ата-энелерибиз макул болушуп, батасын беришти.

– Акмаанай айымдын баласы бар экени да эки анжы ойго түрттүбү?

К.: – Аны билип эле баш кошконбуз. Өзүмдүн баламдай эле кабыл алып, тарбиялап, азыр очор-бачар болуп жакшы жашап келе жатабыз.

А.: – Балам башынан эле ата деп кабыл алды. Бир жолу баш кошо электе Алматыга барыш керек болуп, баламды таштаганга киши жок, Кубатка таштап кеткем. Ошондо сейил бакка барып аябай жыргашыптыр. Келсем, экөө кучакташып жатыптыр үйдө. Көрсө, бир күн мурун экөө “косяк” кетирип койгон экен (күлүп).

К.: – Анда кичинекей болчу да, 5 жашта эле. Шаардын четинде жашачубуз. Кошунанын кызы экөө ойноп жатканда бир жерге барып келе калайын деп барып келсем эле экөө жок. Анан тиги жакты, бул жакты кыдырып 2 сааттай аябай издедим. Бир маалда кошунабыз экөөнү унаасына салып келе жатат. Чоң трассага чыгып кетишиптир, ошондо аябай кабатыр болгом. Баланы жоготуп жиберген жаман экен.

– Таарынышып калган учурда ким биринчи кечирим сурайт?

А.: – Үй-бүлөдө таарынышуу болгон үчүн, менимче, бири-бирибиз үчүн кадыр-барктуубуз. Такыр эле урушпай, бири-биринин көзүн карап жашай берген зеригичтүү болот го. Катуу деле урушпайбыз. Кыскасын айтканда, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, чөйрөбүз бир. Бири-бирибизди алдай албайбыз дегендей (күлүп). Өзгөчө Кубат такыр алдай албайт. Кээде менден кетип калганда деле алгачкы кадамды Кубат өзү таштайт, шамдарды жагып (күлүп).

– Романтикпи?

А.: – Башында “сен романтиканы билесиңби?” дей берчүмүн. Кийин үйрөндү. Кээде өзү капа кылып алганда үйдүн ичинде жарыкты өчүрүп, шам жагып, шоколаддарды коюп эле, ушинтип калат (күлүп). Эркектин романтикага жакыны жакшы, бул аял менен эркектин ортосундагы мамилени бекемдейт.

– Тикток тартып да жүрдүңүздөр. Бул кимдин идеясы болду?

А.: – Башында Тикток дегенди такыр түшүнчү эмеспиз. Улуу балабыз Тикток көрүп жатса “өчүр” деп урушчумун. Анан өзүм кызыга баштадым, кийин Кубат кызыкты, анан “кел, тартабыз” деп сунуш берди. Эң көп көрүү топтоп, элге жакканы “Санёк” болду окшойт, миллиондон ашык көрүү топтоду.

– Кубат мырза балдарга каралашабы?

А.: – Ооба. Баланы аябай жакшы карайт. Тамак жасап берсең жедирип, колу-башын жууп, тырмактарын алып, мындай нерсени катырат.

К.: – Карамак турсун, баланы эмчектен мен чыгаргам (күлүп).

– Акмаанай айым кандай жубай?

К.: – Абдан мээримдүү, боорукер. Мага күйүмдүү, менин баскан-турганымдан, кийим-кечемден, анча-мынча чачымдан бери өзү жасап берет. Кеңешчим, сүйүктүү жарым. Шайыр-шайдоот. Тултуйса деле бат жазылат.

– Жолдошуңуздун кайсы сапатын баалайсыз?

А.: – Кубаттын аял кишинин ишине, казан-аякка киришпегени жагат. Тамак тандабайт, сындабайт. Балдарга абдан камкор ата. Чарба иштерине да мыкты. Короо-жайды кароо, тазалоо жагынан эч кимди алдыга салдырбаса керек. Агаларым үйгө келгенде “тарткан тамекибиздин калдыгын каякка ыргытарыбызды билбейбиз” деп күлүп калышат. Кошуналар да муну көп айтышат. Жеке биздин мамилебизге келсек, дайым көңүлдү тапканга аракет кылат.

– Бактылуу болуңуздар!

– Жакшы көргөн түсү?

А.: – Ачык түстөрдү тандайт (туура).

К.: – Акмаанай деле ачык түстөрдү жакшы көрөт го, кызгылт болсо керек (жашыл түстү жакшы көрөт).

– Кайсы гүлдү жакшы көрөт?

К.: – Ландыш (туура).

– Кайсы тамакты жакшы көрүп жейт?

К.: – Шишкебек (туура).

А.: – Аябай деле бир тамакты дебейт, көбүнчө камыр тамактардан качат (туура).

– Кайсы ырды жакшы көрүп угат?

К.: – Өзбекче ырларды угат, чет элдик хиттерди угат, Хьюстондун ырларын (туура).

– Кайсы үлгүдөгү машинени жакшы көрөт?

А.: – Тойота үлгүсүндөгү унааларга кызыгат (туура).

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан