МАЛ КИНДИКТҮҮ КЫЗЫЛ-ТОКОЙ АЙЫЛЫ

Жайгашкан жери – Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Каныш-Кыя айыл өкмөтү. Район борборунан 110 чакырым алыстыкта.

Кожолуктун (түтүн) саны – 385

Элдин саны – 1784 адам


Кубанычбек Токонов, айыл тургуну: “Айылдын аталышы бөрү карагат, жылгынга байланыштуу”

– Чаткалдын Соломо ашуусун ашканда эле Кызыл-Токой айылы көрүнөт. Айылды аралай Чаткал кырка тоосунун мөңгү, булактарынан куралган Касан-Сай суусу агат. Дарыянын жээгин бойлой жылгын, ит мурун, кызыл бөрү карагат (барбарис) өсөт. Алардын гүлдөрү да, мөмөлөрү да кызыл болгондуктан айылыбыз Кызыл-Токой аталып калган дешет. Илгери айылды тегерете калың токойлор бар эле, кийин отун үчүн кыйыла берип суюлуп кеткен. Айыл болуп түзүлүп, эл отурукташа электе илгери аз эле кожолук жашаган, эл кийин көбөйдү. Жашоо-турмуштун оордугунан Ала-Бука тараптан көчүп келип отурукташып калгандар кездешет. Кушчу, кытай, моңол, кыпчак уруулары бар.

Айылда Кожо-Келен аттуу олуянын мазары жайгашкан. Ооздон-оозго өткөн уламышка караганда, илгери Чаткалга Кожо-Келен аттуу олуя Ферганадан ислам динин жайылтуу үчүн келип, бир топ жыл жашаптыр. Бир күнү жашоосу аз калганын сезип, шакирттерине “кокус көз жумсам сөөгүмдү табытка салып, мекениме алып барып койгула. Менин табытым коюлган жерде чоң булак пайда болот” деп керээз айтат. Ошентип көз жумат. Анын табытын көтөрүп алып кетишмек болушат, бирок көтөрө албай коюшат. Ошондо айласы түгөнүп, сөөгүн ушул жерге коюшат, күмбөз салышат. Көп өтпөй ошол жердин айланасында булак пайда болот. Булак да, күмбөз да ыйык деп саналып, мазарга айланган. Булактын диаметри болжол менен 5-6 метрдей, ичинде балыктар бар. Аларга эч ким тийбейт. Мазарды шайык кайтарат.

2011-жылы кышында кар оор жаап, күмбөз кыйрап калган. Эл кайра тургузуп, калыбындагыдай кылып койду.

Мен билгени Ошто да Кожо-Келен деген мазар бар. Мүмкүн олуя ал жакта да жашаган чыгар.

Максатбек Жолдошбеков, айыл башчысы: “Алтын казган 5 ишкана бар”

– Айыл тоолуу жерде жайгашкандыктан элибиз негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Алды 1000 кой, 5-6 үйүргө чейин жылкы багат. Жер иштетип, бизнес кылгандар дагы бар. Айыл аймагында алтын кенин иштеткен 5 фирма жайгашкан. Ошол ишканаларда айылдын 300дөн ашык тургуну иштейт. Арасында врач, медайым, ашпоз болуп иштегендери бар. Кен казып иштегендердин айлыктары 60-70 миң сом, калган жумушчулардыкы 35-40 миң сомдун тегерегинде. Айылда көк бөрү жана башка спорттук оюндар ойнолуп турат. Майрамдарды активдүү, жакшы белгилейбиз. Майрамда айыл өкмөт тарабынан балдарга балмуздак, шоколад бекер таратылат. Айылдын табияты кооз. Май айында Кызыл китепке киргизилген жоогазындар гүлдөйт. Токойдон заргалдак, тоңкулдак, чакчыгай, кызыл куйрук, үкү, түлкү, жапайы алма,четин, жылгын, бөрү карагат сыяктуулар көп кездешет. Тоолордо тоо эчки, кекилик, суур жана башкалар бар. Туристтер маал-маалда гана келишет. Ай сайын 1 ирет көчөлөрдү эл өзү тазалап, майда таштандыларды жыйнап турат. Айылдан илгери элге белгилүү Калбото бий (Сопу бий), Эшбай казы жана башкалар чыккан.

Арзыматов Бакир, айыл тургуну: “Малдын санына эмес, сапатына ыктай баштадык”

– Кийинки убакта малдын санына эмес, сапатына көңүл бура баштадык. Айылыбызда ири фермерлер бир топ. Мен азыркы учурда 350 баш арашан породасындагы кой, 10дон ашык швиц породасындагы уй багам. Мал менен тиричилик кылып, түшкөн кирешесине үй-жай салып, балдарды окутуп, куда күтүп жатабыз.

Калима Нармырзаева, айыл тургуну: “Шырдактарды Орусияга да алып кетишет”

– Мындан 4 жыл мурун узчулук багытында чакан ишкана ачканбыз. Учурда бир нече аял иштеп жатабыз. Буюртма менен куржун, жүндөн шырдак жана көрпөчө, жер төшөктөрдү жасайбыз. Бир шырдакты жасаганга 2 айдай убакыт кетет, 25-30 миң сомдон сатылат. Апрелден сентбярга чейин иштейбиз, анан суук түшкөндө ишти токтотобуз. Тегеректеги райондордон, айылдардан да буюртма түшүп калат. Шырдактарды Орусияга чейин алып кетишет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан