3-4 мүнөттүк клиптердин артында көптөгөн мээнет, изденүү, түйшүктөр жатат. Аны ырчылар, клипмейкерлер жана андагы актёр-актрисалар гана билишет. Көрүүчү даяр ашка гана сынчы. Клипмейкерлер тартуу учурундагы кызыктуу окуяларды айтып беришти. Съездбек Жолдошбаев: “Тартылып жаткан кыз жардан кулап түшкөн”
– Кызыктуу окуялар аябай көп болот. Бир жолу Жумагүл Раимжан кызынын бир ырына клип тарталы деп көпкө ылайыктуу кыз издедик. Кыз табуу деле оңой эмес, келбети туура келиши керек, образды ачып ойноп бериши зарыл дегендей. Көпкө издеп жүрүп акыры таптык. Анан дал ошол клип тартыла турган күнү ал кызды ала качып кетип жатпайбы. Көрсө, тиги жигит дагы үйлөнөм деп көпкө кыз издеп жүрүп, ошол кызды жактырып калып, дал ошол күнү ала качыптыр. Ошентип кайра башка кыз издегенге туура келген.
Бир жолу Майрамбек Осмоновдун ырына жайлоодо жардын кырынан клип тартып жатканбыз. Анчалык деле бийик эмес жер, бирок фон жакшы көрүнүп жаткан. Тартып жатсак эле бир маалда тартылып жаткан кызыбыз жок. Жардан ары кулап кетиптир. 2-3 метрдей бийиктиктен бадалдардын арасына кулаптыр. “Эмне болду?” десек, “кечээ чай ичкен эмесмин, бүгүн да тамактана элек болчумун” деп жатпайбы. Көрсө, ачка болгондуктан башы айланыптыр. Бети-башы сыйрылып, чач жасалгасы бузулуп, көйнөгү жыртылып калды. Биз таң эрте барып тартып, “бүтүрүп коюп эле чай ичебиз” деп жатканбыз. Түшкү саат 12-1 болуп калган. Эртеси күнү сыйрылган жерлерин макияж менен жаап кайра улантып тартканбыз.
Бир топ жыл мурун Самара Каримованын “Жаңы жыл” деген ырына 31-декабрь күнү клип тарттык. Продюсери “клипти тартып бүтүп эле КТРге беришибиз керек” деди. “Үлгүрбөйбүз” десем болбой “бүтүрүш керек” деп туруп алды. Эртең менен тартып баштаганбыз. Кечки саат 7-8дерде борбордук аянттан Жаңы жылдык маанайды да кошуп тартышыбыз керек болчу. Күн аябай суук эле. Сууктан камеранын штативи катып, бурулбай калган. Самараны көйнөкчөн да тарттык, үшүп көгөрүп калды. “Жаңы жыл” деп оозуңду чоң ачып ырда” десек, “оозум ачылса ырдаймбы” деп коёт. Ошентип жатып тартканбыз, Эфирге берип жетиштик. Саат 12:00дөн кийин клип эфирден кетти. Эң тез тартылып, тез монтаждалган клип ошол болгон. Бек Осмонов: “Жасалма жамгырдын айынан ооруп калгам”
– Быйыл жайында Ысык-Көлгө баратып Боом капчыгайынан клиптин айрым кадрларын тартышыбыз керек болчу. Айбек Саралаев байкенин ырынын клиби эле. Боомдон унаабыз ылайга тыгылып, аны түртүп чыгарабыз деп баарыбыз ылай болгонбуз. Камыштардын жанына токтогон экенбиз, чиркейлерге “түшкү тамак” болуп бердик окшойт (күлүп). Планыбыз боюнча түшкү 1-2лерде тартышыбыз керек эле, кечки саат 6ларда баштадык. Ошол баткак жолдун айынан Балыкчыга кеч жетип, көлдүн жээгинен кечки кадрларды тартууга жетишпей калганбыз.
Бир жолу Аскат Мусабеков байкебиздин клибин тартабыз деп таң эрте шашып Кашка-Суу жайлоосуна бардык. Баарын даярдап туруп камераны күйгүзсөм ичинде флешка жок (күлүп). Шашканда унутуп калыптырмын. Тартуу иши айла жок эртеси күнкүгө жылдырылган. Баргандардын бир аз жини келди, бирок түшүнүү менен кабыл алышты.
Калыс Жакыповдун “Жамгырдын тамчысы” деген ырынын клибин тартууда жамгырды жасалма жаадырганбыз. Камера суу болбосун деп өзүм аны үстүнөн тосуп туруп шөмтүрөп суу болуп, эртеси ооруп калгам.Улан Шеркулов: “Камерада флешка жок болсо деле тарта бердим”
– Бир ырчынын клибин тартканы тоого чыкканбыз, атын айтпай эле коёюн (күлүп). Кышында, кар кечип бир сааттай жөө басып тоонун башына чыгып бардык. Анан ырчыны ырдатып тартып баштайын деп камерадагы “запись” деген баскычын бассам, “флеш карта жок” деген жазуу чыгып жатпайбы (күлүп). “Флешканы унутуп калыптырмын” деп ырчыга айта албай койдум. Ырдата бердим, 2-3 жолу ырдады. Кийин “баягы тоодогу кадрлар жакшы болбой калыптыр, кайра дагы тартпайлыбы” десем макул болду. Бирок бул ирет тоодон эмес, студиядан эле тартып бергем.Темирлан Алдаяров: “Аэропорттон күзөтчүлөр сүйрөп кетишкен”
– Бир жолу бир жигит сүйлөшкөн кызына сюрприз кылайын деп, ошол сюрприз учурундагы окуяларды тартып бер деп кайрылып калды. Кыз чет өлкөдө жүргөн жигитинен “посылка” алам деп аэропортко барган. Бирок “посылка” эмес, жигит өзү келген. Ошол маалдагы кыздын эмоциясын тартышым керек эле. Видеого тартып баштаганда күзөтчүлөр келип “тартканга болбойт, милицияга беребиз” деп мени сыртка сүйрөп жөнөшкөн. Алар мени сүйрөп баратышат, мен сүйрөлгөн бойдон тиги кызды видеого тартып баратам. Бирок керектүү кадрды тартып алгам.
Перизат Музуратбекова