БАКТЫЛУУЛУКТУН РЕЦЕБИ

Даамдуу тамактын рецеби сыяктуу бактылуу болуунун да рецеби барбы? Психологдор бир ооздон бар дешет. Алар менен чогуу бактылуулуктун күнүмдүк жана оңой ыкмаларын билип алалы. Бактылуу болуңуз, окурман!


Жалган стереотиптер

Көпчүлүктө бакыт – бул чү дегенде эле үй-бүлөлүү болсоң, балдарың болсо, ийгиликтүү жумушуң, байлыгың болсо деген түшүнүк бар. Чет өлкөлөргө саякаттаган, кымбат машина айдаган, кымбат кийимдерди кийген, кымбат ресторандарга барган адамдар бактылуудай сезилет. Ошол эле учурда бойго жетип калган, бирок бойдок улан-кыздарды “ий байкуш, ушунун бактысы ачылса экен”, же болбосо “ушул төрөп бактылуу болсо экен” деп коймою бар. Бул ойдун баары психологияда жалган стереотип деп аталат. Байлыкка чөмүлүп жаткан адам бактылуубу, же турмуш куруп, анын ысык-суугуна баш ийип жашаган адам бактылуубу, жалгыз бой адам бактылуубу ар бир адамдын жеке иши.

Бакыт деген эмне?

Сүйүү деген эмне? Бул суроонун жообун таптыңыз беле? Сүйүү сыяктуу бакыт да көзгө көрүнбөгөн, кайда экени билинбеген, кээде кол жеткис, кээде колдон бат эле учуп кеткен сезимдер. Психолог, Гарвард университетинин профессору, жазуучу Тал Бен-Шахар "бакыт түбөлүктүү эмес, бул сезим 1 мүнөткө же 1 саатка, 1 айга же башка убакытка созулушу мүмкүн. Негизгиси аны кармап калыш керек" дейт. Мисалы, бир адамды жактырып калганда адамдын организми позитивдүү энергияга толот. Ошол көз ирмем адамдын бактылуу болгону. Сени азыр бактылуу кылган адам эртең эле негативдүү эмоция чакырышы мүмкүн. Жаңы буюм алганда да сүйүнүч, бактылуулук сезими пайда болот. Ал сезимди да кармап, мен бактылуумун дегенди сезе билиш керек. Көп өтпөй ал буюм сынып калып, же жаза басып ошол буюмга урунуп денеңизди оорутуп алдыңыз дейли, бул учурда өкүнүч, ыза сезими пайда болот. Жыйынтык: бакыт байлыкка, үй-бүлөгө же буюмга байланбайт. Бакыт – бул адамды кайсы бир көз ирмемде жагымдуу сезимдерге бөлөгөн көз ирмем. Бир күндө адам канча жолу бактылуу болот, аны өзү чечет.

Кайгыруу, санаа тартуу кемчилик эмес

Бекеринен башынан оор күндөр, жоготуулар өткөн адам бакыттын баркын билет деп айтылбаса керек. Адам баласынын жашоосунда жакшы да, жаман да окуялар болуп турат. Жоготуулар, катачылыктар болбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошого жараша бизди түрдүү эмоциялар коштоп жүрөт. Кээде жинденесиң, кайгырасың, таарынасың, ыйлайсың дегендей. Бул эмоциялардын баары сиздин адам экениңизден кабар берет. Сизди санаага салган окуя болдубу, демек, ал окуяны ичиңизден өткөрүп, кайгырып, санаа тартыңыз – ал кемчилик эмес. Албетте, чеги менен. Санаа тартат десе эле депрессиянын торунан чыкпай калбаңыз. Миң түркүн ойлонгондон кийин ал окуяны келечекке тажрыйба, кандай кылса ката болоруна көрсөтмө, же болбосо өзгөртүүгө мүмкүн болбогон нерсе катары аң-сезимиңизде кабыл алыңыз. Байкасаңыз, дал ошондой оор күндөрдөн кийин жашоонун баркын, даамын билип, бактылуу көз ирмемдериңиз көбөйө баштайт.

Жашоону жөнөкөйлөтүү

Көчөдөн байкасаңыз, көпчүлүк кабагын түйүп жүрөт. Сурай келсең ар биринде толгон-токой маселе чыкса керек, бириники чоң, бириники кичине. Айрымдары эмнеге кабак түйгөнүн өзү деле билбейт, болгону көнүмүш адатка айлантып алган. Жылмайып бараткан адамды көрсөк чочуп кетебиз, “бул оорулуу го” деп. Психологдор жашоону оор кабыл алган адамдар бакыттын көз ирмемдерин байкай албай калат дешет. Жашоону жөнөкөйлүтүңүз. Кантип? Алгач эле күнүмдүк майда-чүйдөдөн баштаңыз. Жумуш, үй оокаттары бүтүп бош отуруп калган адамды көрдүңүз беле? Жок. Андыктан күнүмдүк тиричиликтин арасынан өзүңүзгө убакыт табыңыз. Оокат бүгүн жасалбаса эртең жасалат, жасалбай калса сизди күнөөлөгөнгө эч кимдин укугу жок. Анан да оокатым көп деп өзүн жеп салган адамдардын өзүндө күнөө. Ошол эле жумуштан позитив таап жасаса болот, үй курса келечеги үчүн салып жатат, кир жууса тазалык үчүн жууп жатат, бала бакса өзүнүн баласын багып жатат. Тескерисинче, ошол тиричиликтен бакыттын учкундарын кармап калыңыз. Чечилбеген маселе жок, чечилет. Эгер чечилбесе, чечилбей турганын билип туруп ашыкча кайгыра бергенден пайда жок.

Бакыт издеңиз

Психологдор өзүн кабыл алып, сүйгөндө гана адам бактылуу боло алат дешет. Адам өзүнө ыраазы болгондо жан дүйнөдөгү гармония жаралат. Өзүңүздү моралдык да, физикалык да жактан чыңдаңыз. Биринчиден, ден соолукка кам көрүү керек. Ал үчүн эмне талап кыларын билесиз, болгону артка жылдырып келесиз. Антпеңиз! Экинчиден, моралдык жактан азыктаныңыз. Күнүгө бирден жаңы нерсе үйрөнүңүз, окуңуз, жашоого кызыгуу артыңыз. Сизди эмне бактылуу кылат, ошого умтулуңуз. Жагымдуу эмоция чакырган адамдар менен бат-баттан сүйлөшүп туруңуз, жакындарыңызга жакшы көрөрүңүздү айтып туруңуз. Көпчүлүк жакындарына “мен сени жакшы көрөм” деп ачык айта албайт. Анткени бул сөздөр жүрөктөн чыккан чыныгы эмоциялар, жабык, түнт адамдарга мындай эмоцияны билдирүү оор. Бирок бир баштап алсаңыз, өзүңүздү да, жакыныңызды да бактылуу кыла аласыз. Күндө сейилдеңиз, айлана-чөйрөгө көз чаптырыңыз, эмне өзгөрүүлөр болуп жатканын байкаңыз, гүлдөр менен сүйлөшүңүз, күнгө жылыныңыз, жаанда суу болуңуз. Мунун баары сизге билинбегени менен, организмге бейпилдик тартуулайт. Анан кечинде дептерге бүгүн кайсы 3 нерсеге ыраазы болгонуңузду жазыңыз. Өзүңүзгө ыраазычылыкпы, башка адамгабы, окуягабы, айтор, жагымдуу көз ирмемди дептерге жазып коюңуз. Ыраазычылыктын санын көбөйтө бериңиз, күндө мурункуларын окуп туруңуз. Ыраазычылык терапиясы – адамдын бактылуулукка койгон ишенимдүү кадамдарынын бири.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан