Асипа Мусаева, 75 жашта: “КАРЫГАНДА ҮЙҮМДҮ АЛДАМЧЫЛАРГА АЛДЫРЫП ЖИБЕРИП, ЖЕР ТӨЛӨДӨ ЖАШАП ЖАТАМ”

Каарманыбыз 75 жаштагы Асипа Мусаева убагында Кыргызстандагы майып аялдар ассоциациясын жетектеп, майыптардын укугун коргоого жан үрөп жүргөнүн айтат. “Бүт өмүрүмдү майыптардын жашоосун жеңилдетүүгө, алардын укугун коргоого арнадым. Бирок бүгүн өзүм бирөөлөрдүн коргоосуна муктажмын. Үйүмдү алдамчылар тартып алып коюшту, алар менен 10 жылдап соттошуп жүрүп ден соолугумдан ажырадым. Учурда жер төлөдө жашоом уланып жатат”,- деп кейиген эненин тагдыры чынында оор экен.

“17 жашымда жол кырсыгына кабылып майып болуп калгам”

– Аты-жөнүм Асипа Мусаева, биринчи топтогу майыпмын. 17 жашымда автокырсыкка кабылып жамбашым иштебей балдак менен басып калгам. Майып болсом да турмушка тың болуп чоңойдум. Мен институтта окуп жүргөндө ата-энем кайтыш болуп, 14 жаштагы инимди, 7 жана 4 жашар сиңдилеримди өзүм карап чоңойттум. Майыптык алганда дарыгерлер “жамбаш чараң жарактан чыккан, төрөй албайсың” дешкен. Турмушка чыгып, бирок балалуу бола алган жокмун. Өз баламды чоңойтпосом да, бир туугандарымды кенедей кезинен бери карап, аларды бутка тургуздум. Азыр мени 2 сиңдим кезектешип карап жатышат. 20 жылдай эсепчи болуп иштегем, Союз кулаганда элде иш жок, баары чаар сумка көтөрүп Казакстанга, Орусияга соода кылганы кетип жатты. Мен ошол катаал жылдары Кыргызстанда майып айымдар кооперативин түзгөм. Кийин кооперативдин мүчөлөрү 1000 адамга чейин жетти. Майыптарга керектүү мыйзамдарды, программаларды жаздырттым, донорлорду таап керек-жарактарын алып берип, көп жардам кылдым. Менин минтип сиздерге маек берип чыгышыма да ошол кооперативдеги айымдар түрткү болушту. Өзүм жеке маселемди коомчулукка жарыялап чыккандан уялып жүргөм, себеби мени көбү таанышат. Жогорку Кеңештегилер, министрликтер, муниципалдык мекемелер менен тыгыз иштешип жүргөм. Кооперативдеги майып айымдар көрүштү да абалымды. 10 жылдан ашты үйүмдү ала албай соттошуп жүргөнүмө. Акыркы жылдары бутумдан операция болуп төшөктө жатып калдым. Анан мага күйгөн аялдар “эже, минтип жата бергениңиз болбойт, керектүү жерлерге кайрылыңыз, ансыз деле карызга батып кеттиңиз” деп көндүрүштү.

“Үйүңүздү сатып берем деген киши аны күрөөгө коюп салыптыр”

– 2009-жылы көп кабаттуу үйлөр арзандап, жер үйлөр аябай кымбаттап кетти. “Карыганда батирде эмне кылам, жер там жакшы эмеспи” деп, өзүм жашаган бир бөлмөлүү батирди сатып, ордуна жер үй алайын деп чечтим. Мага жардам берип жүргөн тааныш киши бар эле. Ошондон “үйүмдү сатып берчи” деп суранып, ага ишеним кат жазып бердим. Ал киши ишеним катты алгандан кийин жок болуп кетти, кийин жолуксам “кардар чыкпай жатат, ана сатам, мына сатам” деген бойдон эле таптырбай кетти. 2010-жылы “үйүмдү сатып берем деп ишеним кат алган бойдон жок” деп ал кишини сотко бердим. Сот башталганда анын былыгы чыгып жатпайбы. Көрсө, мен жазып берген ишеним кат менен жасалма алып-сатуу келишимин түзүп, үйдү 8 миң долларга күрөөгө коюп салыптыр. Күрөөнүн пайызын төлөбөй, ломбард ээси үйдү алып коёт. Мен ызы-чуу кылып, үйүмдү арестке койдурдум, ага карабай ломбард ээси үйдү башка бирөөгө сатып жибериптир. Ошентип 2010-жылдан бери соттон башым чыкпай алдамчылар менен күрөшүп келе жатам. Сотторуң деле акыйкат карашпайт тура, Жогорку Сотто мени ооз ачтырышкан жок. “Мына, кол коюп берипсиз, мөөр басылып турат” деп эле берки тараптын пайдасына чечип берип коюшту. “Жасалма мунун баары, нотариустун китебинде катталгандыгынын далили кана?” деп какшап эле кала бердим.

“Башкы прокурор, президентке чейин кирдим”

– 2019-жылы ооруканада жатсам сот аткаруучулар келип батиримдеги буюмдарымды сыртка ташып мени чыгарганы жатышыптыр. Ызы-чуу кылганыма карашкан жок. Ошентип өзүм жашаган батирдин жанындагы үйдүн жер төлөсүндө кеңсем бар болчу, ушул жакка келип жашап калдым. Жактоочум аракет кылып “бул кемпир алдамчылардын курмандыгы болду” деп далил топтоп, 2020-жылы сот менин пайдама чечим чыгарып берген эле. Бирок батиримде жашагандар эшигин ачпай киргизбей коюшкан. Кийин полун, шыбын сыйрып, дубалдарын чукуп ташташыптыр, азыр үй арестте, эч ким жашабайт. Аны алганда деле бир сыйра оңдоп-түзөө жүргүзүш керек. Коммуналдык төлөмдөрдү жашап кеткендер төлөбөй, карызы 30 миң сом болуп кетиптир. Эми “Бишкек жылуулук тармагы” мени төлөбөй жүрөсүң деп сотко берип жатат. Үй менин наамымда да. Үйүмдү талашкандар өздөрү жашабайт, же мени жашатышпайт, азыр эшиги жабык бойдон турат. Сот иши да жылбай жатат. Соттон-сотко чуркап жүрүп ден соолугум кетти. Бир жыл мурун катуу стресстен бутум шишип ириң толуп кетиптир, оор операцияны баштан кечирдим. Анан колдорум иштебей калды. Мурун жамбашым иштебесе да эки колума таянып туруп кетет элем. Азыр жыла албай эле сулайып төшөктө жатам. Төшөктө жатканыма бир жыл болду. Кайрылбаган жерим калган жок. Премьер-министр, президенттин жардамчылары, башкы прокурорго чейин киргем. Бирок ишти менин пайдама чечип бере албай жатышат.

“Алган пенсиям памперсиме да жетпейт”

- Төшөктө жаткандан бери такай такма жалаяк кием. Дарыны тамак жегендей эле жеп калдым, ичпей коёюн десең ооруйт экенсиң. Алган пенсиям чынында ошол такма жалаякка да жетпейт. Эптеп сууга түшүрөт, жуунтушат, ушинтип күн кечирип жатам. Жер төлө деген жер төлө, кышында абдан суук болот. Акыйкаттык болсо кышында үшүбөй азыр аңгырап бош турган батиримде жылуу-жумшак жашайт элем да. Жактоочуга акча таба албай, же ден соолугумду калыбына келтирүүгө акча жеткире албай кыйналдым. Карыганда ушинтип башым соттон сотко сүйрөлүп жүрөрүн кайдан билиптирмин. Өмүр бою майыптарга жардам берип жүрүп, аягында өзүм жардамга муктаж болуп отурам. Маңдай тер, ак эмгек менен тапкан мүлкүмө каяктагы алдамчылар ээ болууга аракет кылып жүрүшөт. Азыр биздин райондо бир бөлмөлүү батирдин баалары асман чапчыйт, 40-45 миң доллар деп жатышат. Чындык баары бир жеңерине ишенем. Бирок ошол адилеттикти көзүмдүн тирүүсүндө көрсөм экен, канча жашым калды Кудай билет.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Оптима банк: 4169585350458047

Мбанк: 996552454040

Мбанк: 996559210669

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан