КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Жетинчи каткырып күлүп жиберди:

– Анда эмне турасың, эмне жумуштан айдалгың келип турабы? Барып шеригин алып кел биякка. Илмийген тиги оозун ачып жетинчини карап калды да, мээсине эми жеттиби, сүйлөнгөн бойдон үй жакка чуркап кетти. Менде эч нерсени түшүнбөй эле карап тургандан башка айла калбады.

– Көңүл бурба, бул ушундай, өзүнчө эле күйүп-быша берет. Сүйлөгөндөн башка колунан эч нерсе келбейт. Сен жөнүндө туура эмес маалымат келген экен. Азыр ал маалыматты төгүнгө чыгарган буйрук барат. Эч ким тийбейт сага. Кантип коркпой бул иштерди кылдың, түшүнбөйм. Өзүң жупуну эле бала экенсиң, жүрөк тоо экен сенде. Мен унчукпай эле отуруп берсем керек эле сенин ордуңда болгонумда. Азамат, азамат,- деп мактап калды.

Аңгыча шыбырт угулуп, адегенде илмийген тиги адам көрүндү, артынан досум Кайрат келатат. Келип учурашып эле:

– Мен сени өлдү го деген элем,- деп күлдү. Жетинчи бизди карап күлүп койду да:

– Макул, биз кеттик,- деди да, эми бир нерсе сүйлөйүн деп шымалана баштаган илмийген шеригине карап:

– Кеттик, тезирээк барып үйдү карайлы,- деп ээрчитип кетти.

– Эмнеге эле сени дагы деле майор бойдон жүрөт десе, өзүң ошонун теңи турбайсыңбы,- деп каткырып күлүп, далысынан таптап койду да, кайра сөзүн улантты:

– Сен бул кейпиңде өмүрү “чоңойбойсуң”. Ойлосоң өзүң деле, бул жигит Россияга иштеп акча табайын, үй-бүлө багайын деп келсе, бир акмактар жок жерден күнөөлүү кылганы жатышса, анан бул бала өзүн куткарайын дегени үчүн күнөөлүүбү? Эч жерде, эч кимге айта көрбө бул окуяны, жумушсуз калба,- деди да, экөө ары кетишти.

Кутулупмун да. Мени жөн эле коё беришиптир, баары бүтүптүр, мени эми менттер издебейт, коркпой-үркпөй жашайм. Алсырап эле отуруп калдым, көзүмдөн жаш агып кетти. Кайрат акыбалымды түшүндү окшойт, жанымда унчукпай тура берди. Анан бир маалда:

– Кеттик бул жерден, яхт-клуб жакка барсак такси чакырабыз, алысыраак кетип калалы.

– Азыр, документтеримди алып алайын,- деп чуркап барып, бекиткен жеримден баштыктагы акчаларды, документтеримди алып келдим. Акчалар жөнүндө Кайратка айтпадым негедир. Кайрат экөөбүз токойду аралай көлдүн жээгин бойлоп бир топ жүрдүк. Бир киши чакан кайыкта өзү жалгыз балык уулап отурган экен, сүйлөшүп аркы жээкке өтүп алдык. Яхт-клубга барчу чоң жолго чыгып Кайрат телефонунан такси чакырды эле, беш мүнөткө жетпей келди. Жолдо баратып айтып берди. Менден видеону алгандын эртеси Саматка Асел товар алыш үчүн акча котормок экен, которбоптур. Самат телефон чалса "недоступен" боло бериптир, үйүнө барса ал жакта да жок, айтор, таппай коюптур. Ошондо Кайрат бир нерсе болгонун сезип Москвага, Москванын прокуратурасына барып видеону көрсөтүп, баарын айтып бериптир. Прокурор полициянын башчысын чакырып, Кайратты кошуп берип, Аселди тымызын аябай издешиптир. Акыры илинчек табышат. Аселдин телефонунан түндө бир жолу чалуу болуп, кайра эле өчүптүр. Ошол чалынган номер аркылуу үйдү табышып, антип-минтип келишкенче саат түнкү экиден өтүп кетиптир. Үйдү эми курчап, кармайбыз деп турганда мен келипмин. Менин эмне кылгандарымды бүт көрүп турушуптур.

– Даана жырткычтар экен булар, кантип коркподуң? Мен бери жакта дарактардын артына бекинип карап жаттым. Эч нерседен коркушпайт экен, менттер атып жатышса да качып кеткендин ордуна, атышып, терезеден экөө секирип чыгып, жерге жатып алып атышып, ары-бери тоголонушуп, кудум кинодогудай эле болду. Менттер бронежилети бар үчүн эле тирүү калышты окшойт. Тиги бандиттер, терезеден секирип чыккан экөө, өлдү окшойт, карасам кыймылдабай жатышкан экен үнү чыкпай. Кобраны, дагы бир баланы үйдөн кармап чыгышты. Кадимкидей согуш болду,- деп унчукпай калды да, кыйладан кийин:

– Эми эмне кыласың?

– Үйгө кетем. Барып РЭСке жумушка кирип, тынч эле ошол жакта жүрөм.

– Касыкенин улуу баласы келген. Кобра жок, эми ошол карайт "точкаларды", кала бербейсиңби, иштеп кетесиң да, куру кол кетмек белең. Айткандай, кылган ишиңдин акчасын алдыңбы?

– Жок, албадым.

– Анда эртең алабыз, мен айтам, алып берем.

– Жок, Кайрат, мени издөөгө беришкен, тынчыраак эле кетип калайын бул жактан. Эртең иштин жагдайы өзгөрүп кетип, мени дагы тузакка илишип жүрбөсүн. Сен өзүң акчаны алып артымдан салып жиберерсиң.

– Макул анда, өзүң бил, бир жагынан сенин айтканың деле туура. Мен акчаны бир жумадан кийин салып жиберем. Телефон номеримди жазып ал,- деп таксисттен ручка, кагаз сурап алып номерин жазып мага карматты.

– Анда таксини аэропортко айдаталы, мен төлөйм жол кирени. Менин айымдан ушундай нерселерге аралашып калдың,- деп коёт.

– Макул, эгер оор келбесе,- деп койдум.

– Эмнеге оор келет, досум үчүн биртке акча аямак белем. Аа, баса, билетке акчаң барбы?

– Бар, базардан иштеп тапкан акчам кыймылдабай турат, жетет.

– Макул анда, бир жумада акыңды алып жөнөтөм, канчага баалаштыңар эле?

– Эки жүз элүү миңге.

– Макул, барарың менен мага чалып кой, номериңди билип алайын. Акчаны өндүрүп аларым менен чалам.

– Макул.

Саат жетиге аэропортко жетип бардык. Саат сегизге Бишкекке самолёт бар экен, билет алып дароо эле учуп кеттим. Бишкектен көптөн бери кыялданып жүргөн машинамды сатып алып, үйгө кеттим. Акча берсең бүтпөгөн иш жок, Таш-Көмүр ГЭСине жумушка орноштум. Айлыгы жакшы. Келгенде эле жаңы телефон алып Кайратка чалгам. Үч күндөн кийин акчамды толук салып жибериптир. Ал акчаны "Кайрат берип жиберди" деп Кайраттын ата-энесине алпарып берип келдим. Кайратка кенен түшүндүрүп кат жазып койдум да, СИМ-картаны ыргытып, башка СИМ-карта сатып алдым...

Аягы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан