ДҮЙНӨ ЭЛИНИН КЫЗЫКТУУ САЛТТАРЫ

Ачыган сельд фестивалы

Швецияда ачыган сельд балыгы деликатес тамак катары саналат. Анын урматына атайын бир күн майрам деп белгиленип, ал күнү ачыган сельд балыгынын фестивалы өтөт. Бул фестивалга азыкты даярдаш үчүн алдын ала 2-3 күн мурун сельд балыгына туз-мурч жана башка татымалдарды кошуп күнгө чыгарып коюшат. 2-3 күндө балык ачып, шведдердин деликатес тамагына айланат. Негизгиси сельд такыр эле бузулуп кетпеши керек. Балыктын жыты көңүл айлантканы менен, даамы сонун болот дешет жергиликтүүлөр.

Тамак жедиңби, кекир!

Көптөгөн элдердин маданиятында дасторкон үстүндө элдин көзүнчө кекирген этикага жатпайт, уят деп эсептелинет. Ал эми Монголияда тамактануудан кийин кекирүү кадимки эле көрүнүш. Кекирүү салты монголдордо "худ амталга" деп аталып, “ашказандан жел чыгаруу” деген маанини түшүндүрөт. Алар кекирүү ашказанда тамактын бат сиңүүсүнө жардам берет дешет. Андан сырткары кекирүү дасторкондо отурган улууларга урмат, ал эми үй ээсине жана тамак-аш жасаган адамдарга сый катары да кабыл алынат. Заманбап Монголияда бул салт шаардыктар жана жаштар тарабынан көп сакталбай келет.

Аркы дүйнөдө да керек...

Дүйнөдөгү эң табышмактуу элдердин катарына лөлүлөр кирет. Алардын качан, кайсы жерден пайда болгону тарых барактарында жазылган эмес. Ошентсе да улут катары кылымдарды карытып жашап келген бул элде да таң калычтуу салттар жок эмес. Мисалы, лөлүлөр адам тирүү кезинде эмне менен алек болсо, эмне жумуш жасаса өлгөндөн кийин аркы дүйнөдө да ошого окшош жашоо кечирет деп ойлошот. Ал эле эмес, мурда каза болгон жакындары менен жолугат деп ишенишет. Андыктан адам каза болгондо аны менен кошо көптөгөн буюм-тайымдарды кошо көмүшөт. Бири мурда өлгөн жакынына бир нерсе салып жибериши мүмкүн. Экинчиси жаңы өлгөн адамга күнүмдүк керектүү буюм-тайымдарды, төшөк-жуурканы, килеминен бери кошо салып көмүшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан