БИР БҮРКҮМ. “КЕРБЕН” АЭРОПОРТУ ИШКЕ КИРЕТ...

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев кызматынан бошотулду.

Өлкөдөн буудай, ун алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Аксыдагы “Кербен” аэропорту жакында ишке берилери дагы бир жолу расмий маалымдалды.

ИИМ “быйыл өлкөгө 10 миллиондон ашык турист келди” деп билдирди.

Бишкектеги “Ош базары” жана Батыш автобекети Пригородное айылынын аймагына көчүрүлөрү айтылды.

Кыргызстандан кагаз жана картон экспорттоого 6 айга тыюу салынды, максат – ички тартыштыктын алдын алуу.

“Кыргыз темир жолу”: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору токтоп калды деген маалымат жалган.

Бишкекте коомдук унаада өспүрүм кыздын уюлдук телефонун тартып алууга шектелип 33 жаштагы жигит кармалды.

Депутат Тазабек Икрамов ата-энесин бакпай карылар үйүнө таштагандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштады.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду.

Каржы министрлиги: 2022-жылы “Кумтөрдөн” 17,5 тонна алтын казылды.

Өлкөдө мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды.

Кубанычбек Самаков парламентте ант берип, депутаттык ишине киришти.

Бишкек шаардык сотунун судьясы ири суммада пара талап кылууга шектелип кармалды.

Чет өлкөдөн кайтып келген Кыргыз балбандарын тосуп алууну жакшы уюштурган эмес деп Эдил Байсалов менен министр Алтынбек Максүтовго сөгүш жарыяланды.

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Депутаттар унаага май куюучу жайлар күйүүчү майды атайын аз куюп жатышканын айтып чыгышты.

Экономика министрлиги: Өлкөдө ундун баасы туруктуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан