“Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн караманын гүлү же боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы дилемма пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек”,- деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Туудагы күн нурун толкун сымал эмес, түз чачыраган формада кылуу сунушталууда. Желектеги күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышканы айтылды.
Буга чейин туунун кызыл түсүн көк түскө алмаштыруу сунуштары да айтылып, коомчулукта нааразычылык жаратып келген.