ЖАНАР АКАЕВ: “ЗОРДУКТОО БОЮНЧА СОТТОЛГОН 88 АДАМДЫ БОШОТУП ЖИБЕРИШКЕН”

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда жашы жете электерди зордуктоо кылмышы боюнча соттолгон 88 адамды соттор пробация системи боюнча абактан бошотуп жиберишкен. Мындай маалыматты 28-сентябрда депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

– Пробация кызматынын алдына чыгып алып кайра кылмышка баргандар бар. Мисалы, зордуктоо боюнча соттолгон бир жаран курмандыгын кайра зордуктап, кыз кош бойлуу болуп калыптыр. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганбыз. Ошону чукул карап колдоп беришибиз керек. Зордуктоо боюнча соттолгондор пробация аркылуу эркиндикке чыкпай турган болушу зарыл,- дейт депутат Акаев.

Депутат Марлен Маматалиев дагы зордуктоо кылмышы үчүн соттолгондорго жеңилдик берүүнү токтотуу керек дейт.

Мыйзамга ылайык, пробация кызматынан жеңил кылмыш кылып 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шарттуу эркинен ажыратылгандар, абактагы мөөнөтүнүн калганын эркиндиктен өтөй тургандар, жазаны аткаруусу кийинкиге жылдырылган жарандар пайдалана алышат. Ал эми оор кылмыш кылгандарга жана өспүрүмдөрдү зордуктагандарга пробация колдонулбайт деп айтылат. Бирок соттор мыйзамдан жылчык таап жатышканын фактылар көрсөтүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан