ПАРЛАМЕНТ КААРДАНЫП, ӨЛКӨНҮН КЫШКА ДАЯРДЫГЫН ЖАПАРОВСУЗ ТАЛКУУЛООДОН БАШ ТАРТТЫ

28-сентябрда Жогорку Кеңеш өлкөнүн кыш мезгилине даярдыгын талкуулоодон баш тартып, маселе кийинки апта карала турган болду. Себеп – жыйынга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин, айрым министрлердин келбей коюшу. Депутат Акылбек Түмөнбаев жыйынга орун басарлар эмес, жооптуу жетекчилер өздөрү келсин деген сунуш киргизип, депутаттар жабыла колдошту. Түмөнбаев парламентте төрагалык кылуучуларды “министрлердин адвокаты” деп айыптап, буга жыйынды алпарып жаткан вице-спикерлер нааразы болушту. Депутат Шайлообек Атазов өкмөт парламентти тоготпой калганын, буга депутаттар өздөрү күнөөлүү экенин айтып чыкты.

– Буга чейин парламент Эдил Байсаловду кызматтан алуу чечимин кабыл алган. Анан президентке жолукканда айрым фракция жетекчилери тайсалдап, оюнан кайтып кетишкен. Жыйынтыгы ушул, минте берсек эртең бизди министрлер эмес, башкалары да тоготпой калышат,- деди Атазов.

Көпчүлүк депутаттар кышка даярдыкты талкуулоого өкмөт башчысы келбей койгон учур тарыхта болгон эмес дешти. Жыйынтыгында маселе кийинки жумада карала турган болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан