ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 9-октябрдан 15-октябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Табиятыңыздан түнт болсоңуз анда бул жума ачык-айкын, шайыр адамдын образын ойногонго туура келет. Анткени сиз таанышкан, баарлашкан адамдарга өзүңүздү позитивдүү жактан көрсөтүшүңүз зарыл. Досторуңуздун, жакындарыңыздын, балдарыңыздын туура чечимин, жакшы иштерин мактаңыз. Каржы маселесинде сараңдык менен дос болбоңуз, аз акча үнөмдөйм деп кийин андан эки эсе көп акчага чыгым тартасыз.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Эгерде сиздин көз алдыңызда кимдир-бирөөнү эл алдында кемсинтип жатышса, анда ал алсыз адамды коргогондон коркпоңуз. Сүйүүдө берешен болуп жакыныңызды белектер менен кубандырыңыз. Бул үчүн сизде жакшы мүмкүнчүлүктөр болот. Ири сатып алууларды пландап жатсаңыз азырынча коё туруңуз. Үй-бүлөлүү букачарлардын бүлөсүндө гармониялуу мамиле орун алып, араздашып жүргөн жан шериктер жарашып тил табышат.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Апта абдан жемиштүү болот. Жаңы бизнес өнөктөштөрдү таап, башкалар менен кызматташуудан максималдуу пайда табасыз. Жөндөмүңүздөн, дараметиңизден шек санабай, кайсы тармакта болбосун иш баштай берсеңиз ийгилик сиз тарапта болот. Каржылык абалыңызды жакшыртууга жакшы сунуш түшөт. Бирок этият болуңуз, мындай ийгилигиңизге баары эле кубана бербейт. Бойдоктор бир нече таанышуулардын артынан болочоктогу сүйүктүүсүн табышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Убактыңызды текке кетирбей өзүңүзгө кам көрүүгө, саякаттоого убакыт келди. Көп нерсени жаңыча сезип, түшүнөсүз. Буга чейин кайсы бир окуяларга үстүртөн баа берип бүтүм чыгарып жүргөн болсоңуз, бул жолу аны жон териңиз менен сезип көрөсүз. Маанилүү документтерге кылдаттык менен кол коюңуз, келишимдердин бардык пункттарын окуп чыгыңыз. Алтынчы туюмуңуз сизди кайсы жерде кыйынчылыктар күтүп турганын алдын ала сезүүгө жардам берет.


АРСТАН (23.07–23.08)

Сизди тынчсыздандырган бардык көйгөйлөрдөн психикалык жактан арылууңуз керек. Чынында, баары сиз ойлогондон алда канча жөнөкөй. Абалды өзүңүз татаалдаштырып жатасыз. Жакынкы келечекте жашооңузда жаман окуялар күтүлбөйт, куру тынчсызданбаңыз. Туура тамактанууга өтпөсөңүз ашыкча салмактуулук менен күрөшүп калуу коркунучу бар. Ооруну дарылагандан көрө, алдын алуу жеңил экенин эсиңизден чыгарбаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Саякаттоо, шаар четине чыгуу сыяктуу сапарларыңыз болсо токтото турганыңыз жакшы. Бул мезгил ичинде алыска сапарлар ар кандай материалдык чыгашаларга алып келиши мүмкүн. Жалпысынан апта тынч өтөт. Өтө олуттуу болбоңуз, жумушта көмүскөдө калбаганга аракет кылыңыз, жетекчиңизге көрүнүңүз. Чынчылдык менен топтогон аброюңузду кызыкчылыктар болсо туура багытта пайдаланып көрсөңүз болот.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Бизнесте катачылык кетиресиз, бирок ага карабай сизге алдыда ал ката мыкты тажрыйба болот. Үй-бүлөңүз менен баарлашуудан, жакындарыңыз менен сырдашуудан ырахат аласыз. Керексиз чыгымдардан сак болуңуз, анткени ал көйгөйлөргө жана каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн. Жогору жактагылар жана таасирдүү адамдар менен таанышуу, баарлашуу карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө жардам берет.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Моюнга оор жүк жүктөөнү каалабасаңыз, анда убадаларды берип, татаал жана жооптуу долбоорлорго аралашпаңыз. Бир катар көйгөй, кыйынчылыктан улам өзүңүздү моралдык жактан алсырап бараткандай сезесиз. Кызыктуу китеп окуу же кино көрүү маанайыңызды көтөрүүгө жардам берет. Өнөктөштөрүңүздүн ишине көз салып туруңуз, кимдир-бирөө шалаакылык кылып, маанилүү келишимдин ишке ашпай калышына себеп болушу мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Насыяга ири буюм сатып алууну пландап жаткандар аракетин ушул жума баштаса ийгиликтүү болот. Пикирлеш адамдар менен таанышып, достук чөйрөңүздү кеңейтесиз. Карыз алып, бирок бербей жүргөн адамыңыздан сот аркылуу аласаңызды өндүрүп алсаңыз болот. Бойдоктор, кыялыңардагы ханзаада, ханышаны күтүп жүрө берген болбойт, реалдуу жашоодон теңиңизди таап, аны менен бактылуу болуу өзүңөрдүн колуңарда.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жашоо образыңыздагы кескин өзгөрүүлөр менен көп адамдарды таң калтырасыз. Позитивдүү ой жүгүртүү, оор кырдаалды жеңилдей кабыл алуу жан дүйнөңүзгө тынчтык алып келет. Ата-эне, бир туугандарыңыз менен сыр бөлүшүңүз. Үй-бүлөлүү текечерлер ашыкча баласаактыгынын зыянын тартышат. Документ иштерине байланыштуу чырдуу окуяга аралашып калбайын десеңиз маанилүү документке кол коюуда дыкат текшериңиз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Энергияңыз түгөнүп көп иштерди бүтүрүүдө алсырап каласыз. Жашооңузда өзүңүзгө жаккан ишти жасап энергияңызды толтуруңуз. Жумушта жана жеке мамилелерде өйдө-ылдый сыноолор болот, бирок андан сиз тескерисинче, пайда таап, позицияңызды бекемдейсиз. Иштериңиздин багыты эмоционалдык маанайыңызга жана күрөшкө жараша болот. Башка жакка көчүү жөнүндө чечимдер, үйдү оңдоо же сатуу тууралуу пландарды түзөсүз.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Жашооңуздун бейпил жана тынч мезгили башталат. Чыгармачылык активдүүлүгүңүз артып, каржылык абалыңызды кантип жакшыртуу керектиги боюнча пландарды түзөсүз. Айрым пландарыңызды ишке ашырууда бут тосуулар болот, атаандаштарыңыз сиздин алсыз жериңизге тийип, басым жасашат. Жети күн ичинде убактыңызды көп баарлашууга коротпой, жалгыз калып өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан