ЖАН ДҮЙНӨ ИНТЕЛЛЕКТИ – МЭЭ МЕНЕН ЖҮРӨКТҮН АЙКАЛЫШЫ

Биздин мээбизден тышкары жүрөгүбүз да билим сактай аларын билчү белеңиз? Адам интеллектуалдык, эмоционалдык жактан гана эмес, руханий жактан да өнүгүшү керек. Мисалы, мектеп сизге билим берет, бирок кантип бактылуу болушту үйрөтпөйт. Жан дүйнө интеллекти менен сиз мээңизде жүрүп жаткан бардык процесстерди туура кабыл алып, окуяга туура баа бере аласыз. Жан дүйнө интеллектин өнүктүрүүгө болобу? Болсо аны кантип үйрөнүш керек?

Жан дүйнө интеллекти (SQ) деген эмне?

Жан дүйнө интеллекти – бул жашоонун маңызын түшүнүү. Мисалы, сиз спектакль көрүп жатасыз деп элестетип көрөлү. Акыл интеллекти бизге анын сюжетин түшүнүүгө жардам берет. Ал эми эмоционалдык интеллектиңиз сезимдериңизди ойготуп, сизди окуяга аралаштырып, каармандарга боор оорутуп, алардын абалын түшүндүрүп баштайт. Ал эми руханий интеллект ичине акыл, эмоционалдык интеллекттерди камтыгандан тышкары, сизге сахна сыртында болуп жаткан нерселердин баарын көрүүгө жардам берет. Белгилүү англиялык психиатр, илимпоз Жон Боулби жан дүйнө интеллектин бүтүндөй адамдагы интеллекттердин жыйындысы, өнүккөн SQ менен бардык жерден эч кандай чектөөсүз өтүүгө болот деп сыпаттайт. Мисалы, адамдын кадимки акыл интеллекти мээнин сол бөлүгүндө жайгашса, эмоционалдык интеллект оң бөлүгүндө орун алган. Ал эми руханий интеллект жүрөк аркылуу бүтүндөй мээни каптаган бардык акылдардын жыйындысы деп жазган өз эмгегинде. Жөнөкөй тил менен айтканда, жүрөк менен мээнин айкалышы деп түшүнсөңүз болот. Жан дүйнө интеллекти бизге өсүүгө жана мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинен чыгууга жардам берет. Ал бизге эмне үчүн керек? Ал адамдын психологиялык туруктуулугуна, бакубаттуулугуна жана жалпы эле дени сак өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн, руханий чечимдерди кабыл алуудагы кыраакылык үчүн өтө маанилүү. Руханий интеллектибизди өнүктүрүүнүн артында биз акылмандыкка, боорукердикке ээ болуп, өзүбүздөгү эмоционалдык процесстерди талдай алабыз. Ошондой эле бул жөндөмүн өнүктүргөн адам тышкы дүйнө, жаратылыш менен гармонияны табат, эмпатияга ээ болуп айланасындагы адамдарды жакшыраак түшүнө алат. Бактылуу болуунун ачкычы дал ушул жан дүйнө интеллектинде жатат.

Аны кантип өнүктүрөбүз?

Өзүн-өзү аңдоо. Сиз ким экениңизди жана ким боло аларыңызды түшүнүшүңүз керек, билбесеңиз издеп көрүңүз. Эмнеге ишенесиз, кимди баалайсыз, сизди эмне шыктандырып, эмне алдыга сүрөйт баарын баса белгилөө маанилүү.

Реалдуулук менен жашаңыз. Эмне болуп жатканын баамдап, урматтаганды үйрөнүңүз. Учурдан максималдуу пайда алуу үчүн өзүңүздү мобилдүү жана ийкемдүү болууга үйрөтүңүз.

Көз карашыңызды кеңейтиңиз. Жаңы баалуулуктарды табууга аракет кылыңыз.

Кичинекей маселеден чоң көйгөйдү көрбөй, чоң көйгөйдөн кичинекей пайданы көргөнгө умтулуңуз.

Өзүңүздөн мээримдүүлүк сезимин өөрчүтүңүз. Бул алсыздардын сапаты эмес, кимдир-бирөөнүн алдында алсыз болуп көрүнүүдөн коркпогон күчтүүлөрдүн жөндөмү.

Ар түрдүүлүктү четке какпаңыз. Башка адамдарды сизден айырмаланганы үчүн баалаганга аракет кылыңыз.

Өзүңүздө көз карандысыздык сезимин калыптандырыңыз. Бул сиздин каалоолоруңузду жана ишенимдериңизди эл таңуулаган нерселерден айырмалоого жардам берет. Тандоо жана чечим кабыл алуу эркиндигин берет.

Суроолорду берип, ага жооп табууга аракет кылыңыз. Сизди эмне кызыктырганын түшүнүңүз. Бул сиздин ким экениңизди жана дүйнөдө кайсы орунду ээлегениңизди так билүүгө жардам берет.

Ката кетирүүдөн коркпоңуз. Бул кийинки жолу көйгөйдү чечүүгө жардам бере турган сабак болот.

Берешен болуңуз жана ордуна эч нерсе күтпөңүз. Кээде жаңы деңгээлге чыгуу үчүн жашоодо, карьерада, жеке мамиледе өзүңдүкү менен бөлүшүү, жардам берүү сыяктуу жакшылыктарды милдети жок кылган туура.

Жумушта кандай жардам берет?

Руханий интеллект лидерлерге мүнөздүү деген түшүнүк бар. Мындай жөндөм аркылуу андай адамдар стандарттуу эмес, чийинден тышкары ой жүгүртө алышат. Эгер ички дүйнөңүз гармонияда, социалдашууга жөндөмдүү болсо стресс, депрессияны оңой жеңесиз. Интеллекттин бул түрү адамдарга глобалдуу ой жүгүртүүгө, адамдар менен жакшы мамиледе болууга өзүн эле эмес, тегерегиндегилерди шыктандырууга мүмкүндүк берет. Ал эми руханий интеллекти жогору жетекчилер кол алдындагы жумушчуларын мыкты түшүнө алышат. Кызматкерлер бири-бирин урматтоо, чогуу иш алып баруу, компромисстерди табуу жөндөмү менен руханий интеллектин өнүктүрүшсө болот. Мисалы, мектепте айрым мугалимдер баланын окууга болгон кызыгуусун арттыра алышпайт. Бул анын өз сабагын жакшы билбегендиктен эмес, негизги себеби мугалим өзүн өтө сүйүп, башкаларга кайдыгер болгондугунда. Мугалим берип жаткан сабагын өзүнөн кем эмес сүйгөндө берген сабагы да окуучуга жеткиликтүү, кызыктуу болот. Мектеп окуучунун акыл чөйчөгүн толтура алат, бирок адамдын өзүн-өзү таануусуна, жашоодо ордун табуусуна кепилдик бербейт. Руханий интеллекттин негизги эрежелерин сизге турмуш сабагы үйрөтөт. Акылмандык адамга көптөгөн сыноо, кыйынчылыктар аркылуу келгендей эле, руханий интеллекттин өнүгүүсү да жашооңуздагы турмуш сыноолорунан көз кранды.

Кандай адамдардын жан дүйнө интеллекти өнүккөн деп эсептелет?

Руханий интеллекти жогору адамдардын жүрөгү сүйүүгө толо болот. Андыктан алар башкаларды “соттоп”, күнөөлөп, каргап, сындагандан алыс болушат.

Жакшы да, жаман да адамдардын ниетин түшүнүшөт.

Канча алдамчыларга алданып, канча жолу сүйүүдөн адашса да ишенгенди, сүйгөндү уланта беришет.

Ыраазы болгонду билишет, душманына да марттык кыла алышат.

Эч кимден жардам күтүшпөйт, өз күчүнө гана ишенишет. Муктаждыгы канааттандырылбай калганы үчүн наалыбайт.

Каалаган нерсеси болбой жатса, ар кимди күнөөлөгөндөн мурун анын бир себебин издейт.

Кек сакташпайт, чыккынчылыкпы, кыянатчылыкпы, күнөөкөрдү кечире билишет.

Адам кандай болсо ошондой кабыл алууга даяр болушат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан