АЧУУ ЖАНА ТАТТУУ: Организмге пайдасы, зыяны

Айрымдар таттууларга, айрымдар ачуу тамактарга басым жасашат. Мисалы, ачуу калемпирдин (чили) таасиринен улам биз тамакты ачуу деп билебиз. Адатта, ачуу калемпир көп тамактарга жакшы айкалышат. Аларды жегенде организмге кандай пайда, зыян келиши мүмкүн? Таттууну жегендечи? Окумуштуулардын айткандарына таянып ушул темага үңүлүп көрөлү.

АЧУУ ТАМАКТЫН ТААСИРИ

Тил селейет

Ачуу тамакта алгачкы сокку тилге тиет. Тилде ачышуу, селейүү күтүлөт. Ачуу тамак тилдин ткандарына зыянын тийгизбейт. Баарына “күнөөлүү” – чили калемпириндеги капсаицин заты. Аталган зат тилдеги рецепторлорго таасир этип, тилди “оттуу жалын” куйкалап жибергендей болгону ушундан улам.

Дене табы көтөрүлөт

Ачуу тамак денедеги температураны көтөрөт. Ушул себептүү адам тердейт, мурундан суу агат, бет кызарып чыгат. Ошондуктан сасык тумоологондо тердеп, жеңилдеш үчүн ачуу тамак сунушталып жүрөт.

Бир саамга жан жыргай түшөт

Тилде ачышкан, куйкалагандай сезим пайда болгондо тил “стресске” кабылып, организмге “жардам сурап” кайрылат. Анан нерв системи организмге эндорфиндерди (бактылуулук гормону) бөлүп чыгарууга буйрук берет. Ошентип ачыштырып, куйкалагандай оорутуу бактылуулук гормону тарабынан басылат да, оорутуу билинбей калат. Адам жыргай түшөт. Ушул себептен адам ачуу тамакты кайра-кайра жегиси келет.

Жүрөк бат-баттан кагат

Ачуу тамактан бир нече кашык ичкенден же жегенден кийин жүрөк бат-баттан сого баштаганын сезүүгө болот. Анткени ачуудан улам жүрөккө кан кадимкиден көбүрөөк бара баштайт. Аны тезирээк айлантуу үчүн жүрөк ылдам иштөөгө өтөт.

Шилекей көбүрөөк бөлүнүп чыгат

Ооз, тилдеги ачуудан (капсаицинден) эртерээк кутулуу үчүн организм шилекей бездерин 2 эсе күч менен иштетип, шилекей көп бөлүнүп чыга баштайт.

Зарна пайда болот

Ачуу тамак зарна сымал сезимди пайда кылат. Бул болгону капсаициндин кызыл өңгөчкө тийгизген терс таасири. Айрым учурларда чын эле зарнага жеткирет. Анткени ачуу тамактарды такай жей берсе, анын терс таасиринен ашказан менен кызыл өңгөчтүн ортосундагы сфинктердин иштеши бузулат да, жеген тамактын канча бир бөлүгү кайра оозго куюлуп баштайт. Тамактагы туз кычкылы кызыл өңгөчтүн былжыр челин дүүлүктүрүп, канча бир пайызын күйгүзөт. Ушунун айынан зарна келип чыгат.

Сфинктер – булчуңдуу клапан. Адатта жабылып турат. Адам тамак жегенде ачылып, кайра жабылат. Сфинктердин иштөөсү бузулганда ал жабылбаган бойдон калат да, жеген тамак кайра оозго куюла турган болуп калат.

Аллергиянын түйшүгүн убактылуу жеңилдетет

Белгилүү америкалык аллерголог Клиффорд Бассетт көп жылдан бери аллергия жана астманы айыктыруу жолдорун изилдеп, жаңы ыкмаларды сунуштап келет. Ал чоңдорго аллергия кармаган кезде менюга ачуу тамактарды кошууну сунуштайт. Анткени капсаицин мурундан суу агыза тургандыктан, мурундагы аллергия козгоочу заттар жуулуп, бүткөн мурун бир аз да болсо ачылып, адамга убактылуу жеңилдик берет дейт.

Салмак азаят

Арыкташ үчүн диета кармап жатсаңыз, анда менюга ачуу тамактарды кошуңуз. Капсаициндин зат алмашууну тездете турган касиети бар дешет окумуштуулар. Ошондуктан ичтеги май көбүрөөк “күйүп”, салмагыңыз азаят.

Өмүрдү узартат дешет

Өмүрдү узартат деген сөз фантастика катары сезилет. Британиялык окумуштуулардын “The BMJ” илимий журналына жарыялаган маалыматына таянсак, ачуу тамактар, соустар адамда жаралышы мүмкүн болгон оорулардын 14 пайызынын алдын алат.

Ачуу тамак кимдерге болбойт?

Ачуу тамактарды жеп-ичүү ашказан, ичеги, рефлюкс-эзофагит (тамактын оозго куюлуу оорусу) дарты барларга, капсаицинден аллергиясы барларга, жаш балдарга, тери ооруларынын айрым түрлөрүнөн жабыркагандарга болбойт!

ТАТТУУ ТАМАКТЫН ТААСИРИ

Таттууну ашыкча жегендер бат картайышат

Кант – бул углевод. Курамы сахароза жана глюкозадан турат. Биз таттуу азыкты жегенде мээде “рахмат гормону” – дофамин бөлүнүп чыгат. Таттуу азыктарды көп жей берсек дофаминдин бөлүнүп чыгуусу кескин өсөт да, организм кантка баңгизат катары көнөт. Анын үстүнө дофамин оорутууну басаңдатып, стрессти азайтат. Ошондуктан адам капаланганда, стресс болгондо таттууга тартылат.

Энергия тартуулайт

Кант адамга энергия тартуулайт. Бул зат мээнин, булчуңдардын калыптагыдай иштеши үчүн да керек. Кантсыз мээ жана жүлүндүн кан менен жабдылышы начарлайт. Канттын аздыгы адамда алсыздык, баш айлануу, уйкусуроо, ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына жол ачат. Демек, нормадан ашырбай колдонуу шарт.

Тиштер бузулат

Адам таттуу жегенде ооздогу бактериялар да канттан “ооз тийишет” да, кычкылды бөлүп чыгарышат. Ал кычкыл тиштин эмалын бузуп, кариести жаратат.

Ачка болуу сезимин жаратат

Тамак ичип жатканда ашказандан бөлүнүп чыгуучу лептин гормону бар экенин билесиз. Сиз тамактанып бүткөндө ал гормон мээге “тамак жеп-ичилди, курсак тойду” деген сигналды берет. Бирок таттууну көп жегенде кант ал гормондун иштешин “блокко” салат. Мээ адамдын канча тамак жегенинен кабарсыз калат да, организм ачка калды деп ойлойт. Ошондуктан таттууну жакшы көргөндөр дайыма ачка болгондой абалда жүрүшүп, аны-муну жей беришет.

Семирүүгө, кант диабетине себепкер

Таттуулардан иштелип чыккан ашыкча калориялар майга айланат. Канчалык таттуу көп желген сайын организм өзүнө келип түшкөн глюкозаны энергияга айлантуу үчүн инсулинди көп бөлүп чыгара баштайт. Ошентип кандын курамында канттын деңгээли көтөрүлөт. Акырындап кант диабетин жаратат.

Бат картайтат

Канттын көптүгү денедеги зат алмашууну бузат. Клеткалар эрте картайып, ар кандай оорулар жарала баштайт. Адатта стрессти таттуу менен жеңгиси келген адамдар эрте картайышат.

Боордун оорусун жаратат

Кантты көп кабыл ала бергенден боордун иштөөсү бузулуп, аны май баса баштайт. Бул акырындап циррозго жеткириши мүмкүн.

Эс-тутум начарлайт

Курамында кант, май, углевод көп азыктар мээнин эс-тутумга жооп берүүчү бөлүгүнө терс таасир этип, эс-тутум начарлайт.

Жүрөк-кан тамыр оорусун чакырат

Кандагы канттын деңгээлинин жогорулашы артериалдык кан басымды көтөрөт. Андыктан гипертония оорусу жаралышы ыктымал.

Кант кимдерге болбойт?

Кант диабети, боордун гепатоз оорусунан жабыркагандар, толук адамдар канттан алысыраак болгону жакшы.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан