Ырчы, терме, санат, дастандарды айткан Нуржан Түмөнбаева жан дүйнөсүн ачат. Нуржан айымдын көңүлүнө эмне жакын? Эмнеден ырахат алат? Мактоо, сындарга көз карашы кандай? Ушул сыяктуу суроолорго жооп алалы.
“Атам өзү комуз черткенди билбесе да мага комуз үйрөткөн”
– “Жалгыз дарак токой болбойт” дейт эмеспи, анын сыңары менин өнөр жолунда ордумду табуума жакын адамдарымдын ар биринини салымы чоң. Жакын адам деген ким? Сенин жан дүйнөңдү түшүнгөн, сага энергия берип турган адамдар. Мендеги булактын көзүн ачкан эң негизги адамдар – ата-энем. Атам өзү айылдагы жөнөкөй тракторчу болсо да, өнөрдү баалаган, баккан адам. Колума комуз кармап калышыма атамдын салымы чоң. Өзү нотаны, комуз черткенди билбесе да мага “биринчи муундан 5-муунга чейин түшүп бас” деп үйрөткөн. Демек, атамды менин эң алгачкы устатым деп айта алам. Той-топур, отуруш-кечелерде “менин кызым ырдайт” деп ырдата берчү, ошентип жүрүп мендеги талантты ачкан экен деп калам азыр. Ал эми апам абдан жакшы ырдайт, бала кезде муну жакшы түшүнчү эмесмин, окуп, ырдоонун туура техникаларын билип көзүм ачылгандан кийин байкасам, апам окутуп койгондой ырдайт экен.
Ата-энем мени 6-классымда өздөрүнүн шарты туура келбей, сиңдим менен инимди караганга киши жок болуп турса да музыкалык мектепке жиберип, өнөрүмдү өркүндөткөнгө жакшы шарт түзүп беришти. Сынактарга дайым атам алып барчу. Атамдын жашоо шарттын оордугуна байланыштуу “кызым, 11-классты бүткөндө эле окууга тапшыр” дегени эсимде. Өжөрлөнүп 9-класстан эле документтеримди даярдап алсам, шартка карабай окутту.
“Алгачкы демөөрчүм агам болду”
– Бала күндөн табиятыңды жакшы түшүнгөн адамдар – булар бир туугандарың болот экен. Бир туугандарым азыркыга чейин мени аяп, “буга болбойт, биз эле жасап коёлу” деп турушат. Алардын ошентип турганы эле мага дем-күч. Мен ырдайм деген күндөн баштап демөөрчүлүк кылган бир тууган агам болду. “Ыр жаздырам, комуз алам” десем, баарын агам каржылап жүрдү. Эч качан жок деген жок. Бул менин чыгармачылыкта өз жолумду табышыма чоң өбөлгө түздү.
“Бир да жолу Нуржан деп атымдан айткан жок”
– “Алган жары жарашса кара катын ак болот” деген сөз бар эмеспи, мен турмушта мыкты өмүрлүк жарга жолуктум. Түшүнүктүү үй-бүлөгө туш келдим. Бир үйдүн жалгыз, эрке келини болдум. Ошол эле учурда жоопкерчилик чоң. Ага карабай менин музыка деген дүйнөмө бүлүк салынган жок, дайым аны өөрчүтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Жолдошум эч качан “минтпешиң керек” деп чектөө койгон жок, бирок дайым өз ордумду билген ырчы болушумду каалайт. Былтыр филармонияда жеке концертимди бергенде баштан-аяк колдоду, башкы демөөрчүм да ошол. Өзү чыгармачылыкка тиешеси жок, юридикалык факультетти бүтүргөн. Чыгармачылыгымды колдоп менин атымдан өнөр мектебин да ачып берди.
Ыр жазып, тааныштарыма угузуп калсам “сен күйөөңдөн башка кишиге ыр жаза албайсыңбы?” деп калышат. Ушунча колдоп, сени жан дүйнөсү менен берилип сүйүп турса кантип башкага ыр арнайм? Бирге түтүн булатканыбызга 13 жыл болуп жатат, бир да жолу Нуржан деп атымдан айткан жок, ар дайым “Нүкү, Нүкү мама” деп эркелетип турат. Кайнатам да ушинтип эркелетет. Мен жаңы келин болуп келгенде кайын сиңдимдин баласынын тили “Нүкү мама” деп чыккан, ошондон улам Нүкү мама болуп калгам. Кайненем да, кайнатам да “Нүкү, элден кем болбой жүр, каалаганыңдай жүр” деп турушат.
“Жакшы адамдардын бар экени чоң кубаныч”
– Менин чөйрөмдө жан дүйнөмө азык берип турган жакшы адамдар көп. Алар да менин дүйнөмдүн бир бөлүгү. Алардан көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Чыгармачылыкта ордумду табууга себепчи болгон устатым Роза Аманова. Алгач шаарга келгенде чыгармачылыкта көп жакка сүйрөп, университетке жумушка кирип калышыма көмөктөшкөн Элзар Өскөнбаева болду. Адамдын жакшылыгын эч качан унутпаш керек, Кенже Дүйшеева эжем менен Мунара Алимжан кызы да көп колдоо көрсөтүшөт. Андан сырткары өнөр жолунда дайыма колдогон курбуларым бар. Бири макияжымды колго алса, бири формаларымды тигет, бири дайым мотивация берип турат. Чөйрөмдө ушундай жакшы адамдардын бар экени чоң кубаныч.
“Кыздарым ырларымды жатка билишет”
– Жараткандын аялзатына берген эң чоң статусу эне болгон күн экен. Эне болгондон кийин аялда мээримдүүлүк, боорукердик деген бир башкача сезимдер бала менен кошо жаралат турбайбы. Кумурсканын баласына да жамандык каалабаган мээримге ээ болуп калат экенсиң. Эсимде, тун наристем жаңы төрөлгөн кезде кызымды эмдесе кызым менен кошо ыйлаганмын (күлүп).
Үч кызыбыз бар, үчөө тең таланттуу. Улуу кызым комуз, чопо чоор, ооз комузда ойнойт, ырдайт. Ортончу кызымдын үнү жакшы. Кичүү кызым гимнастика жагынан шыктуу. Менин ырларымды үчөө тең жатка билишет, менин эң башкы сынчыларым да кыздарым, “бул жарашпай калды, муну кийсеңиз” деп калышат. Улуу кызым 6-класс болуп, колумдан иш алып калды. Тамак жасайт, чоң ата, чоң энесин, сиңдилерин караганга жарап калды. Ошон үчүн да чыгармачылыкка кенен убакыт бөлүп калдым. Кыздарым кичине кезде эки жакка көп чыга алчу эмесмин.
“Хоббим...”
– Гүлгө аябай жакынмын. Бул сезим менде 4-5 жыл мурун эле ойгонду. Көбүнчө декоративдик гүлдөргө кызыгам. Учурда өнөр мектебимде да, үйдө да көп гүлдөрүм бар. Андан сырткары жаратылыштын коюнунда сейилдегенди, ат минип таза абада жүргөндү жакшы көрөм. Ар бир мезгилге суктануу менен карайм, айрыкча айлана аппак түскө боёлгон кыш мезгили жагат. Башкалардын маанайын көтөргөндөн, жакшы адамдар менен баарлашуудан ырахат алам. Поэзияга дагы жакынмын, ыр окуп, ыр уккандан жан дүйнөм эс алат.
“Комузга рахмат айтам”
– Комузду 2-классымдан колго алдым. Ошондон баштап мектепте мени “ырчы кыз” деп таанышты. Комуз – менин дүйнөм, өнөр жолунда мага ийгилик алып келген аспап. Комуз аркылуу чоң чыгармачылык дүйнөгө аттандым, элге таанылып жатам. Мунун аркасында чет мамлекеттерге саякаттап, көптөгөн өлкөлөрдү көрүп жүрөм. Сыйга ээ болуп, жан дүйнөм тынчтыкта. Жашоомдогу бардык жакшы нерсеге чыгармачылык аркылуу жетүүдөмүн. Ушуга себепчи болгон комузга да рахматымды айтам.
Гуйлийпа Маметосмон кызы