БИР БҮРКҮМ. БАТКЕН БАЗАЫ КӨЧҮРҮЛӨТ...

Жыл башынан бери ырайым сурап кайрылган 1038 соттолуучунун ичинен 334 адамга ырайым берилгени айтылды.

Бишкекте 70тен ашык адам шаурмага ууланып, 19 тез татым жайы убактылуу жабылды.

Бишкекте дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 килограмм чач алып чыгышты.

Орусия президенти Владимир Путин 12-октябрда расмий иш сапары менен Бишкекке келери айтылды.

Депутаттар аймактык-административдик реформа айылдар ортосунда чыр-чатак жаратып жатканын айтышты.

Энергетика министрлиги: Бишкек ЖЭБи быйыл мэриянын карамагына өтпөйт.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

Бишкекте курулуш материалдары сатылган Баткен базары да шаар сыртына көчүрүлөрүн айтты Бишкек мэри.

Казакстанда ири уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо операциясы башталды.

4-октябрда Нарын облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.

Ош облусунун ар бир районунда арзан баада көмүр саткан базалар ачылат деп билдирди облустук администрация.

Өлкөдө нандын баасын мамлекет көзөмөлгө алганы маалымдалды.

Бишкекте жыл аягына чейин Чүй, Жибек-Жолу, Абдрахманов, 7-апрель, Манас, Ахунбаев, Дэн Сяопин көчөлөрүндө да коомдук унаалар үчүн атайын тилкелер пайда болот.

Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады.

Парламент эркек-аялдын тең укуктуулугу жөнүндө мыйзам долбоорун четке какты.

Бишкекте көчө, сейил бак, бульвар, аянттардын аталышын өзгөртүүгө киргизилген мораторий дагы 10 жылга узартылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан