– Бул протокол бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз болуп берет. Жакында мамлекеттик чек аранын баары такталганы тууралуу акыркы чечимди кабыл алабыз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биздин комиссиялар туруктуу, үзгүлтүксүз иштеп, акыркы чечимди чыгарат,- деди Ташиев.
– Бул протокол буга чейин чек ара конфликттеринин жаралышына негиз болуп келген бардык маселелерди чечет. Эң кыска убакытта биз негизги документке да келебиз,- деди Ятимов.
Коомчулукта чек ара талашынын сүйлөшүү жолу менен чечилишин кубаттагандар көп. Ошол эле учурда “улуттук кызыкчылык корголобу?”, “талаштуу жерлер кимге өттү?” деген сыяктуу суроолор узатылып жатат. Эсиңизге салсак, жакында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев “эгер Тажикстан буга чейинки аймактык дооматтарынан баш тартпаса, анда Кыргызстан тарыхый документтерге таянып Тажик тарапка да аймактык доомат коёт” деп билдирген эле.