– 28-сентябрда министрлер кабинетинин токтому чыкты. Анын 1-беренесинде мектептердин алдында түзүлгөн фонддорду толугу менен жоюу каралган. Фонддор топтоп жүргөн акчаны мындан ары мамлекет бере турган болуп чечилди. Бул бюджеттин корголгон беренесине киргизилди,- деди Кендирбаева.
Быйыл май айында ата-энелерден акча жыйноого тыюу салынып, мектептеги бардык муктаждыктар үчүн бюджеттен акча каралары айтылган эле.
Жаңы министр мектеп окуучуларынын тамагына бөлүнгөн акча көбөйтүлүшү мүмкүн экенин да белгилейт.
Азыркы тапта 1 окуучунун тамагына күнүнө 7 сомдон, тоолуу аймактарда 10 сомдон бөлүнөт. Бул сумманы 20 жана 30 сом кылып көбөйтүү пландалып жатат дейт Кендирбаева. Бул үчүн бюджеттен кошумча 1 миллиард 502 миллион сом талап кылынат.
Догдуркүл Кендирбаеваны министрлик кызматка дайындоо жарлыгына президент Садыр Жапаров 3-октябрда кол койду.