Кыргызстанда казино ишине 2022-жылы уруксат берилген. Мыйзамга ылайык, оюн залдарына Кыргыз жарандары киргизилбейт. Ал эми казинолордон мамлекеттик казынага жыл сайын 2 миллиард сомдун тегерегинде салык түшүп турары айтылган. Финансылык чалгындоо кызматынын божомолу боюнча, 2023-жылы 1,6 миллиард сом салык түшүшү керек эле. Көрүнүп тургандай, киреше түшүрүү жагы күтүлгөндөй болгон жок.