Уюмдун маалыматына таянсак, 1-сентябрдан тарта “Казакстан темир жолу” компаниясы ар айлык жана транзиттик күйүүчү май ташуунун кошумча планын макулдашууну расмий эскертүүсүз токтоткон. Кыргыз мунай ташуучулары “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен биргеликте көйгөйдү өз алдынча чечүүгө аракет кылып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Октябрь айына карата берилген пландардын баарын Казакстан тарап четке какканы, мындай абал 20 күндөн кийин Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгын жаратышы мүмкүн экени айтылды.
Эртеси, 4-октябрда, “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымат таратып, өлкөдө бензин тартыштыгы жаралбайт деп билдирди. Казакстан тарап менен сүйлөшүү болгону, жыйынтыгында Казакстан аркылуу транзиттик жүк ташуунун планы макулдашылганы айтылды. Октябрда өлкөгө 144 миң тонна күйүүчү май ташылып келмекчи.
Айта кетсек, акыркы 2 аптада Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткени байкалган.