ӨЗГӨН, НООКАТ, ЧОҢ-АЛАЙДА МИТИНГ ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Ош облусунун Ноокат районунда тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүүгө 2 айга тыюу салынды. Мындай сунушту Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы киргизип, Ош облустук соту аны канааттандырган. Сот чечимине ылайык, район борбору, акимчилик, айыл өкмөттөрдүн алды сыяктуу коомдук жайларда 7-сентябрдан 7-ноябрга чейин жыйын өткөрүүгө болбойт. Буга чейин Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда да митингдерди өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганы жарыяланган. Мисалы, Өзгөндө коомдук жайларда 8-ноябрга чейин митинг өткөрүүгө уруксат берилбейт.
29-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбор калаанын айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салган мурдагы чечимди дагы 3 айга узарткан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.