Бек Исраилов, ырчы: “МЕН ҮЧҮН ХИТ ЖАРАТУУДАН ДА ӨЛКӨНҮН АТЫН ЧЫГАРУУ БИЙИК”

Жакында ырчы Бек Исраилов Орусиядагы популярдуу “Ну-ка, все вместе” сынагынын жарым финалына өттү. Ырчы мырза өткөн жылы да Беларуста өткөн “Славян базары” сынагына катышып, 3-орунду багындырган. Эл аралык сынактарда өлкөнүн желегин желбиретип жүргөн ырчыны кепке тарттык.

– Бек мырза, “Ну-ка, все вместе” сынагынын жарым финалына өтүшүңүз менен куттуктайбыз!

– Чоң рахмат.

– Ушул сынак тууралуу сүйлөшсөк...

– Бул масштабдуу жана кызыктуу долбоор экен. Москвадагы “Мосфильм” киноконцернинин ичинде тартылууда. Ал жерде 100 адамдан турган калыстар тобу отурду. Уюштуруу жагы да мыкты, өз ишин так аткарган профессионалдар иштейт экен. Былтыр “Славян базары” сынагына катышканымда калыстардын катарында латвиялык ырчы Яна Клягина бар болчу. Ошол кыз “Бек, сен ушул долбоорго катышсаң жакшы болот” деп жазып калды. Анын сунушун кабыл алып, 2 ай бою даярдандык. Ыр тандадык, образдарды сүйлөштүк, айтор, 2 ай тынымсыз байланышта болдук. 2 айдан кийин барып долбоордун 1-чыгарылышына, тандоо туруна тартылдык.

– Ырларды алар менен чогуу тандадыңыздарбы?

– Алгачкы ырларды өзүм тандагам, акыркы ырларды чогуу тандадык. Жарым финалга да ырды тандап койгонбуз, кандай ыр, кайсы тилде экенин айтпай турайын. Жакында жарым финалдан өтсөм, буюрса, финалга чыгам. Буга болгон күч-аракетимди жумшайм. Менден башка биздин мыкты ырчыларыбыздын бири Азат Раимбердиев да бар. Экөөбүз тең жарым финалга өттүк. Биздин музыка сүйүүчүлөр, “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары бизге чын жүрөгү менен колдоо көрсөтөт деп ишенем.

– Ийгилик каалайбыз! Азат Раимбердиев менен сынакка чогуу бардыңыздарбы?

– Экөөбүз чогуу бардык. Негизи бири-бирибиздин барарыбызды билбейт элек. Азат экөөбүздүн ага-дос катары мамилебиз жакшы, экөөбүздү Ошко бир иш-чарага чакырып калышып, ошол жактан сүйлөшүп жатып сынакка чогуу барарыбызды билдик. Чынын айтсам, биринчи күндөн тарта эле орус эли бизге жакшы бир сүйүүсүн тартуулашты. Азат Уитни Хьюстондун ырын ырдап, мен дагы англис тилинде ыр ырдап, чыккандан кийин орус эксперттери абдан жакшы сөздөрүн айтышты. Алар эмоциясын жашырышпайт экен, эгер жакса алыстан бери чуркап келип кучакташып, мактап, иши кылып “лайктарын” беришти. Бул абдан жагымдуу болду. Андан сырткары 600 киши бата турган чоң имарат экен, көрүүчүлөр да жакшы колдоп, бүткөндөн кийин сүрөткө түшүп, жакшы бир чыгармачылык “перезагрузка” алып келдик. Чыгармачылыкка болгон көз карашыбыз өзгөрүлдү. Ушул долбоорго жана мени колдогон кыргыз элиме ыраазымын. Менин дарегиме аябай сонун сөздөр жазылып жатты, Кыргызстан эле эмес, Беларустан, Казакстандан жазып жатышты. Абдан кубандым.

– Мындан 10 жыл мурун бизге берген маегиңизде “келечекте сөзсүз Эл артисти болом” деген экенсиз. Азыр деле ошол дымак менен иштеп жатасызбы?

(Күлүп) Эми, Эл артисти болушум элдин колунда. Биз эл үчүн аракет кылабыз. Буюрса, дагы көп өлкөлөргө барып, дүйнөгө кыргызды таанытканга умтулам. Максатка жетейин, миссиямды аткарайын, анан эл өзү тандаса Эл артисти деген наамга татыктуу болсом керек.

– Апаңыз акын Гүлмира Рыспаева, атаңыз обончу Жолдошбек Исраилов. Белгилүү, таланттуу адамдардын баласы болуу жакшыбы?

– Абдан сонун. Бул деген аябай чоң жоопкерчилик. Ата-энемдин атактуулугуна эмес, алардын жумушка кылган мамилесине, ырдагандарына таасирленип, аны өзүмө сиңирип чоңойдум. Чыгармачыл ата-энең болсо жакшы экен, себеби бала кезде күндө эле конокто жүрчүбүз. Мени ээрчитип алышчу, кээ бир жерлерде мен да ырдап берчүмүн. Бала кезим шаңдуу өтүптүр.

– “Хит ыр жарата албай жүрөм” деген экенсиз. Качан жаралчудай?

– Хит ырлар жаралат, буюрса. Ушунун үстүнөн иштеп жатам. Жаңы ырлар, жубайым Айжаркын экөөбүздөн кызыктуу дуэттер бар, аларды айтпай турайын. Жубайымдын да чыгармачылыгы токтобойт, аны менен да көп ойлор, пландар бар. Дагы иштейбиз. Жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тартып элге кызмат кыла беребиз. Буюрса, хит жаратууга аз калды. Бирок мен үчүн башка өлкөдө кыргыздын атын таанытуу хиттен да бийик.

– Чыгармачылыкта продюсер менен иштеген жана продюсери жок иштегендин айырмасы бар бекен?

– Мен ким менен иштешкен болсом дагы, баарына ыраазымын. Алардын баарын менин баштапкы чыгармачылык жолума салым кошкон адамдар деп билем. Эч ким менен жаман-жакшы айтышкан жокмун. 10 жылдан бери өз алдымча иштеп аракет кылып жүрөм, андан бери студия ачтым. Азыр технологиянын, интернеттин мезгили деп жатпайбы, ушул технология аркылуу өзүңдүн ырларыңды таратып, элге жеткизсең болот. Продюсерлердин да иштерине ийгилик каалайм, алар өтө креативдүү жана башкача көз караштагы адамдар болушат. Мен үй-бүлөлүү болгондуктан мага азыркы учурда өз алдымча иштеген ыңгайлуураак. Азыр интернет аркылуу баарын жасаса болот.

– Таарынчааксызбы?

– Чынын айтсам, кээде мага жакпаган мамиле кылып койгон адамдарга таарынып калмайым бар. Бирок таарыныч көпкө узабайт. Чыгармачыл жан дүйнө деген башкачараак да. Өзүм баары менен жакшы, сый мамиледе болгонго аракет кылам. Бирок кээ бир жакын адамдар, ушундай бир учур болуп калат экен эми, таарынтып коюшу мүмкүн. Таптакыр таарынбайм деп айта албайм, кээде таарынып калам (күлүп).

– Кек сактайсызбы?

– Жок, кек сактабайм. Антип өзүмдү кыйнап ден соолугумду бузгум келбейт. Ичимден эле баарын талдап, өзүмдү тынчтандырып коём.

– Жашоодо чоң конфликтке барган, мушташкан кездер болгонбу?

– Көп эле болгон. Азыр чоңоюп, кичине акыл токтотуп, аркы-беркини ойлонуп сабырдуулукка салып калбадыкпы. 5-6 жыл мурун жаштык кылып, көп эле түшүнбөстүктөр болду.

– Эң бактылуу болгон күнүңүз?

– Мен аябай эле бактылуу адаммын, баары Кудайга шүгүр, ден соолугубуз жакшы, мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бактылуу учурларым көп.

– Эмнеге өкүнөсүз?

– Пайдасыз нерселерге коротуп салган убакытым үчүн өкүнөм. Жаштыкка, билбестикке салып эле көп убакыт бошко кетиптир. Мурун эле көп нерсеге жетишсек болмок экен.

– Сизге эркин микрофон...

– Рахмат, жакшы музыканы угуп, музыкадан таасир алган адамдарды сыйлайм. Бардык угармандарга, музыка сүйүүчүлөргө айткым келет, чыгармачылык менен жашаган сонун нерсе. Баарыңыздарды искусствого жакын болууга чакырам. Мен болсо мындан ары да элим үчүн кызмат кылууга даярмын, ар бир инсанга ден соолук каалайм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан