СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Калыс Нурдин Букуев Гиннесстин рекорддор китебине катталды

FIFA`нын футзал боюнча экс-калысы кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннесстин рекорддор китебине катталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол уюму билдирди. Ал футзал боюнча дүйнө чемпиондуктарына калыстык кылган абсолюттук рекордчу, ошондой эле дүйнө боюнча бул көрсөткүчкө жеткен алгачкы калыс болуп эсептелди.

FIFA`да акыркы жолу 2021-жылы Литвада өткөн дүйнө чемпиондугунда рефери катары кызмат кылган Нурдин Букуев жана анын жетекчилиги астындагы калыстар курамы FIFA`нын директору Жанна Инфантино тарабынан сыйланышкан. Ошондой эле 2013-жылы Азиянын мыкты калысы, 2012, 2019, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын мыкты калысы деген наамдарды алган. 2022-жылы футболду, анын түрлөрүн өнүктүрүү, жайылтууга кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан “Даңк” ордени ыйгарылган. Карьерасын аяктагандан кийин Кыргыз футбол уюмунун жетекчиси болуп дайындалып, азыр да ушул кызматта иштейт.

Гиннесстин рекордор китебине катталгандыгы тууралуу сертификат 21-ноябрда Кыргызстан менен Оман курама командаларынын жолдоштук беттешинде расмий түрдө ыйгарылары маалымдалды.

Азия оюндары: 3 алтын, 3 коло медаль капчыкта

Кытай мамлекетинин Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 4-октябрга карата Кыргызстандын куржуну 3 алтын, 3 коло менен толукталды. Буга чейин дзюдодон бир алтын, ушу-саньдадан 2 колону спортчуларыбыз капчыкка салган. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда 2 алтын, 1 колого ээ болду. Атап айтсак, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов алтын медаль, Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды. Алдыда эркин күрөш боюнча улуттук кураманын кармаштары бар. Буюрса, бул беттештер да үзүрлүү болушуна ишенебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан